70 пайыз! ДССУ коронавируска каршы күрөштөгү башкы максатты айтты

© REUTERS / JON NAZCAВакцинация от коронавируса в Испании
Вакцинация от коронавируса в Испании - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
ДССУ башчысы ар бир өлкөнүн калкынын 70 пайызын эмдөө уюмдун башкы максаты экенин, ал үчүн 11 миллиард вакцина керектелерин айтты.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2022-жылдын сентябрына чейин ар бир өлкөнүн калкынын 70 пайызын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүүгө жетишүүнү максат кылууда. Бул тууралуу ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус айтканын РИА Новости жазды.

"Биздин максат келерки жылдын сентябрына чейин дүйнөдөгү ар бир мамлекеттин калкынын 70 пайызын эмдөө болуп саналат. Баары ордуна келишин каалайбыз. Биз пандемияны токтото алабыз. Жер жүзүндөгү адамдардын 70 пайызын эмдөө боюнча максатыбызды жүзөгө ашыруу үчүн бизге 11 миллиард вакцина керектелет. Муну тездетүү зарыл. Бирок азыр жер жүзүндө кризис болуп, буга карата тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылууда", — деген Гебрейесус.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 221 миңден ашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0