Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт

COVID менен ооруганын жашырып хиджаб кийип учкан индонезиялык киши камалды

74
(жаңыланган 10:53 23.07.2021)
Саякатчы жубайынын хиджабын кийип алган. Көз боемочулугу учактын дааратканасында кийимин алмаштырган учурда билингени айтылды.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Индонезияда коронавирус жуктурган киши аялынын хиджабын кийип алып самолетто учуп, кармалды. Бул тууралуу CNN Indonesia маалымат булагы жазды. 

Окуя индонезиялык Citilink компаниясынын каттамында болгон. Кармалган адам Жакартадан Тернате аралына багыт алган учакка чыккан. Сапар алдында ал COVID жугузуп алганына карабай жубайынын кейпинде жашырынып өтүүгө аракет кылган. Эркек киши бүт дене боюн, бетин жаба турган хиджаб кийип алып, жубайынын документи менен учакка чыккан. Аялы илдеттен каза болгон.

Жүргүнчүлөрдү коштоочу учак кызматкерлеринин бири дааратканага кирген "аял" никабсыз (мусулман аялдар кийүүчү көзү гана ачык баш кийим) чыкканын байкап калган. Анын эркек киши экенин кызматкер Тернате аэропортунун жетекчилигине билдирген.

Учак жерге конору менен саякатчыны тез жардам унаасы күтүп алган. Аны карантинге жаткырышып, кайрадан ПЦР-тест алышкан. Натыйжада жүргүнчүнүн илдет жуктурганы аныкталып, кийин ал камакка алынган.

74
Белгилер:
учак, хиджаб, жубайлар, коронавирус, Индонезия
Тема боюнча
Дин жолундагы жигитке ишенип, алданып кала жаздадым. Келиндин каты
Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив

Саясат таануучу Өзбекстандын талибдерге көз карашы кандай экенин айтты

27
(жаңыланган 11:43 26.09.2021)
Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ШКУ саммитинде "ШКУ — Афганистан" форматында талкуу өткөрүүнү сунуштаган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Валдай" клубунун адиси, саясат таануучу Фархад Ибрагимов афган окуясынан кийин Борбордук Азиядагы абал жана Ташкенттин бул өлкөнүн жаңы бийлигине мамилесин түшүндүрүп берди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ШКУ саммитинде "ШКУ — Афганистан" форматында талкуу өткөрүүнү сунуштаган.

Саясат таануучунун айтымында, бул Ташкент менен ШКУ "Талибан"* кыймылы менен диалогго барууга даяр болуп калганын түшүндүрөт.

"Муну талибдер белги катары кабыл алса болот. Демек, башкалар аларды укканга даяр, болгону Афганистандын жаңы бийлиги жооп бериши керек. Алар макулдугун берсе ШКУ тараптан диалог үчүн аянтча түзүлөт. Тараптар ымга келе албаган күндө дагы бири-биринин пикирин билүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот", — деди адис.

Ошондой эле ал аймакта ар бир өлкөнүн Афганистанга жана талибдерге карата өз түшүнүгү бар экенин кошумчалады.

"Иран менен Тажикстан Афганистанда инклюзивдик (коомдо ар бир адамга тең укук берген) өкмөттүн түзүлбөй жатканына нааразы болууда. Ал эми Өзбекстан эгер талибдер "кызыл сызыктан" өтпөй турган болсо, жаңы Кабул менен иштешүүгө даяр", — деди ал.

2021-жылдын июнь айынан бери "Талибан"* кыймылы активдешип, августта Афганистанды толук каратып алган. Кийин Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын билдирген. Убактылуу өкмөт куралып, ушу тапта Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жар салган.

Ал эми өтүп бара жаткан аптада Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга гуманитардык жардам жеткирип барып, талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөрүп келген.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

27
Белгилер:
Кабул, Өзбекстан, Борбордук Азия, мамиле
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Масадыковдун Афганистанга барганы боюнча президенттин аппараты түшүндүрмө берди
Талибдер Тажикстанга чектеш афгандык Тахар аймагына миңдеген согушкер жиберди
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко

Силерди жакшы көрөм! Шевченконун Кыргызстанга салам жолдогон видеосу

63
(жаңыланган 12:26 26.09.2021)
Мушкер күнөстүү Кыргызстанына саламын айтып жана колдоосу үчүн бардык орус тилдүү өлкөлөргө ыраазчылыгын билдирген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко жеңишинен кийин октагондо туруп берген маегинде Кыргызстанга салам жолдоп, ыраазчылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Шевченко бүгүн, 26-сентябрда, америкалык Лорен Мерфини жеңип, алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоп калды.

"Күнөстүү Кыргызстаныма салам жолдойм, бардык орус тилдүү өлкөлөргө. Колдооңуздар үчүн чоң рахмат. Мен сиздерди жакшы көрөм жана урматтайм!" — деди Шевченко.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарындагы T-Mobile спорттук аренасында өттү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

33 жаштагы Шевченко буга чейинки кармашында эң жеңил салмактын экс-чемпиону, бразилиялык Жессика Андрадени утуп, UFC уюмунун чемпиону наамын бешинчи ирет коргогон.

38 жаштагы Мерфи 2009-жылы жиу-житсу ийримине баласын алып барып, ошондон кийин өзү да спортко баш-оту менен кирип кеткен. Жарым жылдан кийин ММА эрежелери боюнча алгачкы кесипкөй мелдешин өткөргөн. Андан бери 19 ирет рингге чыгып, 15 жолу жеңүүчү болгон.

63
Белгилер:
Кыргызстан, Валентина Шевченко, жеңиш
Тема боюнча
Валентина Шевченко атаандашы Лорен Мерфини шайын кетирип утуп алды. Видео
Комузчу, ырчы, орду толгус талант Атай Огомбаев. Архив

Бычактын мизи менен комуз чертип, Сталинди таңданткан Атай Огонбаев. 15 факт

9
(жаңыланган 12:37 26.09.2021)
Атай Огомбаев накта улуттук өзгөчөлүктөгү обондорду чыгарган. Аларды комуздун коштоосунда угармандын жүрөгүн жибите жеткирген. "Күйдүм чок", "Эсимде", "Жаштар", "Гүл", "Ой, булбул", "Сагыныч" деген созолонмо ыргактагы лирикалык ырлары менен таанымал.

Огомбаевдин "Кара өзгөй", "Маш Камбаркан", "Чоң кербез", "Кыз кербез", "Чайкалма", "Ак тамак, көк тамак", "Эпкиндүү шыңгырама", "Маш ботой" ж.б. не бир керемет күүлөрү азыркы күнгө чейин ырчылардын репертуарынан түшпөй келет жана жер үстүндө кыргыз барда ырдала берчү, комуз барда чертиле берчү чыгармалардан.

Биз бүгүн кыргыздын айтым күүлөрүнүн ашкере чебери, музыкалык маданиятыбыздан өтө жаш кеткен комузчу, ырчы, орду толгус талант Атай Огомбаев тууралуу 15 факт сунуштайбыз.

Таластын Көк-Кашат айылында жарык дүйнөгө келген. Туулган мезгили 1900-жылдын 31-октябры деп көрсөтүлүп жүрөт. Чоң атасы Абеилденин Султанаалы, Огомбай, Тууганбай деген үч уулу болгон. Ошолордон Огомбай балбан, эпчил, ченемсиз күчтүү киши экен. Атайдын атасы Огомбай, апасы Күңөтай. Атай жашынан жетим калып, атасынын бир тууган агасы Султанаалынын кароосуна өтөт. Баланын багына Султанаалы окууну, талантты түшүнгөн адам болуп, Атайдын кат таанып, комуз алып, элге ырдап чыгышына шарт түзүп берет.

Биринчи устаттары. Жаш бала канчалык канында болсо да ага үйрөтүүчү, сүрөөнчү, насаатчы керек болот. Алгачкы устаты катары айылдашы Абдырахман Тербишалиевдин аты аталат. Ал эми эле күүлөрдү үйрөтө баштаганда каза болуп калып, атасы Огомбайдын да көзү өтүп, апасы Күңөтай айласын таппай өз атасы, баланын таятасы Жантакбайды эстейт. Ал киши күүлөрдү кыябына келтирип, комузду чебер черте билген адам экен. Жантакбай Жеңижокту оорусу болгону үчүн өлүмгө буйруган айтылуу Ташкарадан коркуп, комузду колго албаймын деген шерт менен Таластан Суусамырга жер ооп кетип, ал жакта кадимки кетмен-төбөлүк Керимбайдын коюн кайтарып жүргөн кези экен. Атайды апасы мына ошол таятасына алып келет. Адегенде небересине комуз үйрөтүүгө көнбөйт, деги эле өнөрпоз болушун каалабайт, бирок бара-бара ийип, "Саадат какты" деген айтым күүнү үйрөткөн экен. Ошентип Атай айылда атагы чыккан Абдыракман жана Субанаалыдан, таятасы Жантакбайдан күү чертүүнүн не бир сырларын үйрөнөт да, он төрт-он беш жашынан эл арасына чыгып өнөрүн көрсөтө баштайт. Дал ошол кезде айтылуу Айдараалы Жөргөлөк менен кездешет. 1851-жылы жарык дүйнөгө келген Бердишүкүр уулу Айдараалы Кара-Бууранын Чымкент айылында жашап, бул кезде пайгамбар жашынан ооп калган экен. Ал "Көйрөң күү", "Желпиме", "Ак куунун оттогону" ж.б. күүлөрдү аткарып жатып, өзү да колу-башын, оозу-мурдун кыйшаңдатып комуздун ыргагын мимикасы менен чебер айкалыштыра билген. Атай анын ошол күү чертүүдөгү кыймыл коштогон чеберчилигин мыктылап үйрөнөт. Дал ошол учурда өзү да күү чыгаруу менен алектенет. Айдараалынын "Керме-Тоо", "Шырдакбектин боз жорго", "Сатыбалды жалгызым", "Терме күү" деген күүлөрүнүн баянын айтып, аларды чертүүнү үйрөнөт.

Совет бийлигин орнотууга катышат. Жигиттик куракка келип, болуп-толуп турган кезде, 1922-жылы, аны өз айылында кедейлер болуштугуна шайлашат да, ал тап душмандарына каршы күрөшүү, жаңы большевиктер бийлигин мактап, элди ошол жакка тартуу иштерине катышат.

Токтогул Сатылгановго жолугушуусу. 1926-жылы, Токтогул Сатылганов Кетмен-Төбөдө жашап жүргөндө, Атай Огомбаев ага жолугуу үчүн атайын Таластан ат арытып барат. Дал ушул барышы, экөөнүн жолугушуусу кыргыз маданиятынын улуу күнү болгон, устат тапкан шакирт өз чыгармачылыгын жаңы нукка буруп, жаңы бийиктикке көтөрөт. Кетмен-Төбө, Таласта экөө ата-бала болуп ээрчишип, күү чертишип бирге жүрөт. Токтогул Сатылгановдун "Чайкама", "Ботой", "Кара өзгөй", "Армандуу чымчык", "Ак куу" деген күүлөрүн кандай чертүүнү өзүнөн үйрөнгөн Атай Огомбаев кийин устатынын бул чыгармаларын ар дайым аткарып жүрдү. 1932-жылы Токтогул Сатылгановдун жанына барып, бир жылдай дагы чогуу болушуптур. Токтогул Сатылгановдун өмүр соңунда чыгарган "Бала элем", "Карылык" деген ырлары акындын көзү өткөн соң дал ушул шакирти Атай Огомбаевдин оозунан жазылып алынып, түбөлүккө калтырылган.

Айылдан эле театрга артист болуп кирип калган. 1935-жылы Кыргыз ССРиндеги бирден-бир атактуу, чоң театралдык топ Кыргыз мамлекеттик музыкалуу драма театры деп аталып, алар айылдарга тынбай гастролго чыгып турган. Мына ушундай чыгууларынын биринде Таласка барган, кечээ эле айыл-айылдан келип, эми артист аталып калган Муратаалы Күрөңкеев, Калык Акиев, Осмонкул Бөлөбалаев, Адамкалый Байбатыров, Шаршен Термечиков ж.б. өнөрпоздор Атайды сынап көрүшүп, ошол жерден эле музыкалуу драма театрына ырчы, комузчу, обончу, артист катары иштете баштайт. Музыкалык театрдын базасында 1936-жылы Кыргыз филармониясы уюштурулганда ал жамааттагы Петр Шубин жетекчилик кылган эл аспаптар оркестринде ырчы, комузчу болуп жумушун улантат.

Драмалык ролду да аткарган. Кыргыз театрларында алгачкы коюлган спектаклдердин бири Касымаалы Жантөшевдин "Карачач" пьесасынын негизинде ишке ашырылган. Мына ошону кийин Кыргыз мамлекеттик музыкалуу драма театры да сахналаштырганда Атай Огомбаев Болуш деген каармандын ролун жараткан, ал каарманы да ырчы-комузчу болгон.

Мүнөзү, келбети, жүрүш-турушу, кыялы, өнөрү. Атай Огомбаев адамда жок сулуу, сүйкүмдүү, шыңга бой, жазы маңдай, чап жаак, кызыл жүздүү, кара көздүү, капкара муруттуу жигит болуптур, андыктан да көрпө тебетейин кийип ырдап жатканда көптөгөн кыз-келиндин жүрөгүнө чок салчу экен. Оң жеңин чыканагына дейре түрүп коюп, комузга колу тийгенде үч кылына тил кирип, безеленип "сүйлөп жиберчү" экен. Куудулдук, сөзмөрлүк, чукугандай сөз тапкычтык жайы бар эле дешет, ыйманы ысык, ажары өзүнө тарткан, тамашакөй адам болуптур. Чычалап кетме жайы да бар эле дешет жакындан билгендер. Музыкалык угуусу өтө мыкты болгон, нотаны билбей эле оркестр менен кошо комузун ойноп, кийин нота менен ойноого да жетишип алыптыр. Виртоуз комузчу төрт манжасы менен да, бир-бирден да, колунун сырты менен да, колун ийип, чоюп да, бурап да, комузду ийнине коюп да, сол колдоп да, оң колдоп да, белин айландырып келип да черте берген. Анын комуз чертүү техникасына ал жашаган мезгилде да, андан кийин да эч ким жетпеди.

Комузда кол ойнотуп жатып бычактын мизи менен чертип кеткенде... 1939-жылы СССРдин борбору Москва шаарындагы Чоң театрда Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгү өтөт. Ошондо Атай Огомбаев баш болуп, калгандары Бейшеналы Кулболдиев, Секенбай Айманбетов, Шекербек Шеркулов деген дагы бир топ он үч-он төрт жаштагы балдар нота карабай "Маш ботой" күүсүн чертет, чертип келе жатып эле күтүлбөгөндөй "оп-па" дей коюшуп, комуздарын бирдей эки ийинине алмак-салмак коёт, бирде чекеге коюп чертет, анан аркадан өткөрүп, алдына алат, ушинтип ойноп черткенин улантат. Бул өнөрү менен москвалыктарды бир таң калтырса, андан кийин сахнага чыккан Атай Огомбаев өзүнүн "Ак тамак, көк тамак" деген күүсүн төрт кыл тагылган комузда кол ойнотуп кирет. Ал окуя тууралуу ошол концерттин алып баруучусу Ашыраалы Боталиев кийин 1974-жылдын 10-январындагы "Ленинчил жаш" газетасында мындай эскерет: "Бир нече номерден кийин кезек Атай Огомбаевге келди. Мен сахнага чыгып кезектеги номерди кулактандырып, бир отургуч, бир табуретка койдум. Атай сахнага чыгып келип, отургучка отурду да комузун толгоп, "Ак тамак, көк тамак" деген күүсүн колун эбелектетип черте баштады. Бир маалда табуреткада турган бычакты ала коюп, чертип кирди дейсиң, электрдин жарыгына бычак чагылышып, ого бетер кереметтүү болуп көрүндү. Ложада отурган Сталин кылчая калган эле. Климент Ворошилов аны акырын ийинге түртүп, сөөмөйү менен Атайды көрсөттү. Сталин көрө салып кол чаап жиберди. Зал дүркүрөтүп коштоп кетти. Сталин Атайдын колун кармап көрүп "сөөк жок экен десем, бар тура" деп таңданды".

Сталиндин баалуу сыйлыгын алган. Ошол 1939-жылы Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүндөгү комузу менен көрсөткөн Атай Огомбаевдин өнөрүн СССРдин Коммунисттик партиясынын жетекчиси Иосиф Сталин өзү жогору баалайт. Эмгек Кызыл Туу орденин көкүрөккө такса, колуна 50 миң сом жана үч коробка күмүш кашык карматат, өмүр бою деп сталиндик стипендия ыйгарат.

Сыйлык артынан сыйлыктар. 1939-жылы ага Эмгек Кызыл Туу ордени, Кыргыз СССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы ыйгарылат, Кыргыз ССРинин эл артисти наамы берилет, өзү түзгөн комузчулар ансамбли менен элдик аспаптарды аткаруучулардын бүткүл союздук конкурсунда биринчи сыйлыкка – лауреаттыкка жетишкен, Орто Азия республикаларынын советтик музыкаларынын декадасына 1942-жылы, кийин 1944-жылы чоң ийгилик менен катышкан.

Кырк жашында окууга барган. 1940-жылы СССР композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат. Анын музыкалык сабатынын жоктугу эске алынып, Москвада СССР композиторлор союзу уюштурган музыкалык курска угуучу болуп кабыл алынат. Ал жерде С.С.Прокофьев, В.М.Глиэр сыяктуу атактуу орус композиторлору музыкалык сабаттуулукка үйрөтүп, музыканын теориясынан жана тарыхынан сабак берет. Ошол жерде кара күүлөрдүн залкар устасы Карамолдо Орозов менен кошо окуйт.

Эки жолу суракка алынган. 1930-жылдын күз айларында айылындагы тамынын алдына түн ичинде бирөөлөр эки боо буудай таштап кетет да, милицияга кабарлап коюшат. Ал мезгилде мындай кылмыш үчүн социализмдин душманы деп түрмөгө камашкан. Таң атпай суракчылар келип, иши сотко өтүп кетет. Сот аны түрмөгө отургузбай, чачтарачтын алдына отуруп элге күү чертип, ыр ырдап берсин деген өкүм чыгарат. Ызаланган комузчу зайыбын ээрчитип Кетмен-Төбөгө жер ооп кетип, эки жыл ошол жакта жашайт. Экинчиси – 1938-жылдын 6-июлунда Ново-Покровка абагында жаткан Аймамбет Ташиев деген адамдын Кыргыз ССРинин жазуучулар союзунун башчысы Жоомарт Бөкөнбаевге жазган катынын негизинде "Күйдүм чок", "Эсимде" деген ырлардын авторлугу боюнча сурактар. Жогорудагы аты аталган киши аталган ыр менин ырым эле, "Эсимде" болсо Токтогулдун ыры эле, аларды Атай өзүнүкү кылып алган деп жазган арызын текшерүү үчүн Калык Акиев, Алымкул Үсөнбаев сыяктуу атактуу ырчылар, кетмен-төбөлүк ондогон өнөрпоздор түшүнүк кат берет. Акыры 1938-жылдын 17-ноябрында Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар советинин алдындагы Искусство иштери боюнча башкы башкармалагынын курамына Петр Шубин, Темиркул Үмөталиев, Молдогазы Токобаев ж.б. адистер кирген комиссиясы "Күйдүм чок" деген ырдын обону Атай Огомбаевдики, сөзү элдики деп табылсын деген чечим чыгарат.

Үй-бүлөсү. Атай Огомбаевдин биринчи аялы Жумагүл жашыраагында эле кандайдыр бир түшүнүксүз оорудан улам көз жумат, андан Саадат, Саадакан деген кыздар төрөлөт, экинчи аялы Шайымкан, андан төрөлгөн бир кызынын атына өзүнүн ырынын ысымын берип Ойбулбул атаган, дагы бир кызынын аты Саясат, үчүнчү зайыбы Орунбүбү. Үч аялдан тең төрөлгөн эркек балдары турбай жүрөт, Орунбүбүдөн Гүлжеңиш деген уулдуу болуптур, бирок ал эки жаштан өтүп каза болуп калат, акыры Таластагы балдар үйүнөн жети жашар бир баланы асырап алып, аны Кудайберген деп атаган.

Таласка кайра барышы. Атай Огомбаев катуу ооруп калат. Жалпы элде ага көз тийди деп коюшкан. Баягы мукам, шаңдуу үнү жоголот. 1947-жылы Фрунзедеги жумушун таштап Таласка кетет. Эски үйү кароосуз калган. Боз үй тигип жашайт. Акыры көпчүлүк эки бөлмөлүү таш үй салып берет. Оорусунан айыга албайт, 1949-жылдын 20-декабрында көз жумат.

Атай Огомбаевдин ысымы эскерилип турат. Талас облусунун Талас районундагы Калба айыл өкмөтүндөгү айылга, Кырк-Казык мектебине, Бишкек жана Талас шаарындагы бирден көчөлөргө анын ысымы ыйгарылган, 2000-жылы ага арналып почта маркасы чыгарылган, музыка таануучу В.Виноградов "Атай Огомбаев" (Москва, 1960) деген китебин, жазуучу Касым Каимов "Атай" көркөм-биографиялык романын, Аскар Түлөев "Атай" аттуу симфония жазган. Чыгармаларын жана өмүрүн музыка таануучу Балбай Алагушов ар тараптуу изилдеген. 2001-жылы Таласта музейи ачылган. Өз кезегинде Атайдын өзүнүн аткаруусунда төрт ыры Кыргыз радиосунун алтын фондуна жазылып калган, көпчүлүк чыгармалары Шекербек Шеркулов, Асылбек Эшмамбетов, Мейилкан Козубекова ж.б. таланттуу шакирттеринин аткаруусунда улуттук мурас катары кылымдарга сакталып турат.

9
Белгилер:
Кыргызстан, Атай Огонбаев, комузчу, обончу, маданият
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
Тема боюнча
Кыргыз обонунун атасы. Композитор Жумамүдүн Шералиев тууралуу 8 факт
Бала кайгысы эзген, Навоини кыргызча сүйлөткөн. Сүйөркул Тургунбаев жөнүндө 13 факты