АКШда 2034-жылдагы дүйнөлүк согуш апаатын сүрөттөгөн чыгарма жарыкка чыкты

© REUTERS / CHINA DAILYКытайдагы аскердик парад. Архив
Кытайдагы аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Жазылуу
Авторлор 11 жылдан соң Түштүк-Кытай деңизинде АКШ менен Кытай кагылышып, ал “өрттүн глобалдык капташына” алып келерин болжошкон.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Европадагы НАТО күчтөрүнүн мурдагы жогорку башкы командачысы Жеймс Ставридес жана согуштук аракеттердин ардагери, жазуучу Эллиот Акерман 2034-жылдагы согуш апаатынын сценарийин жазышты. “2034: алдыда болуучу дүйнөлүк согуш тууралуу роман” чыгармасынын үзүндүсүн National Interest басылмасы жазды.

Ситуация в Афганистане из-за столкновения правительственных сил с Талибаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Афганистандагы согуш Борбордук Азияны көздөй "жылууда". Опкоолжуткан фактылар
Авторлор 11 жылдан соң Түштүк-Кытай деңизинде АКШ менен Кытай кагылышып, ал “өрттүн глобалдык капташына” алып келерин болжошкон. Бул кагылышууда негизинен дрондор жана учкучсуз аскер техникалары катышат. Авторлор ошондой эле, чыныгы аскердик аракеттер душман системаларына жасалган ири масштабдуу хакердик чабуулдар менен коштолорун жазышкан.

Америкалык адмирал Кошмо Штаттарга алдыңкы биотехнологияга негизделген тутумдар менен интеграцияланган элиталык атайын күчтөрдүн чакан топторун окутууга туура келет деп ишенет.

Авторлор азыр өлкөлөр “мурдагы конфликтилер үчүн куралдарды жасоону, алууну” улантып жатканын, бирок пилотсуз же автономдуу куралга басым жасоо керектигин белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0