Жерди коркунучка кептеген астероиддер көп. БУУнун эскертүүсү

© Фото / NASA Johnson / Earth Observations "Islands In The Sky"Жер. Архив
Жер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Ушул жылдын 17-апрелине карата илимпоздор Жер планетасына жакын 25 миңден ашуун объект тууралуу кабардар болушкан. Астрономиялык обсерваториялар аларга байкоо салып келет.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Адамзат адатта Жердин орбитасын кесип өткөн жана ири делген астероиддер менен кометалардын 40 пайызын гана билет, бирок бүгүн мындай объектилердин 25 миңден ашык экени белгилүү болду. Бул тууралуу РИА Новости БУУнун Илимий-техникалык комитетинин отчётуна шилтеме берип жазды.

"Жерге жакын объектилердин болжол менен 40 пайызы гана аныкталган деген маалымат бар", — деп айтылат комитеттин отчётунда.

Марс планетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Кытай алгачкы жолу Марска космостук аппаратын кондурду
Документте 2020-жылы 40тан ашык мамлекетте жайгашкан астрономиялык обсерваториялар тармагы астероиддер менен кометаларга байкоо жүргүзүп, дээрлик 39,5 миллион маалыматты жаздырып алганы белгиленет.

2021-жылдын 17-апрелине карата илимпоздор Жерге жакын болгон 25 647 объект тууралуу кабардар болушкан. Былтыр ушундай 2 959 объект табылып, рекорддук санга жеткенин кошумчалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0