Американын гинекологдору кош бойлууларды эмдөөдөн өтүүнү сунуштады

© AFP / Raul ARBOLEDAВакцинации COVID-19 в Боготе
Вакцинации COVID-19 в Боготе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Жазылуу
Дарыгерлер коронавирус боюнда барларга өтө кооптуу экенин, жадагалса өлүмгө жеткирерин эскертишкен. Вакцина наристе күтүп жаткандарга коопсуз экенине да ынандырышкан.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. АКШнын акушерлик жана гинекология тармагындагы дарыгерлердин алдыңкы уюмдары бардык кош бойлууларга COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүнү сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Американын акушер-гинекологдору менен Перинаталдык медицина коомунун биргелешкен билдирүүсүндө вакцина алган он миңдеген кош бойлуу аялдарга байкоо жүргүзүү препарат болочок энелер үчүн коопсуз экенин көрсөткөн.

Дарыгерлер коронавирус боюнда барларга өтө кооптуу экенин, жадагалса өлүмгө жеткирерин эскертишкен. Учурда Америкада кош бойлуулардын 22 пайызы гана вакцина алган.

"Наристе күтүп жаткандарга эмдөөдөн өтүүнү сунуштагандар коронавирустун "дельта" штаммынын кесепетинен оорунун өсүп жатышына тынчсыздануусун айтышкан", — деп кабарлады агенттик. 

Буга чейин россиялык профессор кош бойлуулар канча айында вакцина сайдырса болорун айтып, түшүндүрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0