Грета Тунбергдин вазыйпасы аяктап, аны оюндан четтетишти

© AFP / MARTIN OUELLET-DIOTTEШвециялык активист Грета Тунберг. Архив
Швециялык активист Грета Тунберг. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Батыш маалымат каражаттары адамзат узаган айдын аягында Жердин жылдык ресурстарын түгөтүп бүткөнүн жазып чыгышты. Казылган кендин баары августтун башынан декабрдын аягына дейре атмосферага чыгарылып, экологиялык карыз өндүрүлөт.

Адистердин эсебинде чек аралар, өлкөлөр жана континенттерге карабай адамзат керектөө жана өндүрүштүн азыркы деңгээлин сактап калуу үчүн планетабыздын азыркы мүмкүнчүлүктөрүнө дагы кошумча үчтөн эки бөлүгүнөн ашууну абзел.

Экология темасында, албетте, Грета Тунбергди атабай коюуга болбос. Эсиңиздерде болсо, швециялык өспүрүм Грета климаттын өзгөрүшүнө каршы "окуучулук нааразылык акциясына" чыккан. Кесиптешибиз Елена Караеванын планетаны сактоо жаатындагы азыркы глобалдык саясатты талдаган макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Табият менен таттуу алакада болуу тууралуу насаатка СССРди көрүп калгандардын муктаждыгы жок. Дүйнөнүн "цивилизациялык ааламындагы" супермаркеттерде желим баштыктар пайдаланылып турганда совет өлкөлөрүндө дүкөнгө тор баштык менен барып (бүгүн ошол сумкалар моданын соңку жетишкендигине айланып, баасы маркасына жараша 80ден бир нече жүз еврого чейин), азык-түлүк пергаменттик кагазга оролуп, желим баштык чыкса ал көп жуулуп, кургатылып, башкача айтканда, көп жолу колдонулган.

Разминирование восточных районов сирийского города Алеппо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Россияда аскердик роботтордун үлүшү төрт жыл аралыгында 30 пайызга жетет
Балдарды жашынан металлолом чогултууга көндүрүшкөн. Эски газета жана журналдарды да туш келди ыргытпастан кабыл алуучу жайларга алып барып, маселен, 20 килограммдык макулатуранын ордуна китеп алышкан. Айнек да, адатта сүт, айран куюлганы да, шарап жана сыра чыгарылган бөтөлкөлөр да өткөрүлгөн. Жашоонун мындай образы "жакырлыктан" эмес, жаратылыш ресурстарына карата аяр мамиледен улам терең ойлонуштурулган. Бул эми сөз кезеги келгендеги кеп.

Көмүр кычкыл газын азайтууну көздөгөн Киото протоколу иштей баштагандан бери парник газдарынын көлөмү көп деле азайбастан, биржалык сооданын өтө кирешелүү бөлүгүнө айланганы аныкталган. Анын чыгарылышына квота мунай, эгин, какао буурчагы жана башка биржалык товарлар (commodity) сымал эле товарга айланган.

"Планетаны коргоо үчүн күрөш" деген дүрбөлөңгө жамынып биржалар сөздүн түз маанисинде абаны сатышат. Мында пайдасын квотасы өтө көп жана квотасы абдан аз болгондорго ортомчулук кылган маклер жана брокерлер көрөт. Ал эми чоң суммадагы акча болгон жерде алдамчылык үчүн да мүмкүнчүлүк болуп көрбөгөндөй чоң эмеспи. Остап Бендердин урпактары, маселен, француз мамлекети "аба" соодасына кошумча нарк салыгын төлөбөй коюудан эле дээрлик эки миллиард евро тапкан. Бирок он жыл оболу али эч нерсе боло элек кез эле, каржылык глобалисттик чөйрөлөр чыныгы мөмөсүн азыр топтоого киришти.

Парижде өткөн климат боюнча конференция (2015-жыл) аяктаары менен жашыл бонд – облигацияларды жайгаштыруудан киреше алууга мүмкүндүк берген акча каражаттары түзүлгөн. Карыздар ири банктар же Европалык борбордук банк аркылуу кепилденет. Көлөмү — жылына ондогон миллиард евро. Анткен менен бул олчойгон сумма да күтүлбөгөн окуянын башаты гана. Чыныгы "оюн" үч жыл мурун коюлган, анда өспүрүм Грета Тунбергди "экологиянын Жанна д'Аркы" деп атап, Швеция парламентинде сөз сүйлөттүшкөн. Ошол 2018-жылдын жай мезгилинен бери анын сөздөрү, аракеттери алдыңкы маалымат агенттиктеринин "көзүнөн" түшкөн эмес. Ар жума күнү көрсөтүлгөн, баяндалган. Андай пиар спорттун да, саясаттын да, кинонун да жылдыздарына жасалган эмес.

Кандидат от Партии зеленых Германии на пост канцлера Анналена Баербок  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
"Түндүк агым - 2ге" каршы чыккандар утулууда. Германиядагы саясий абал
Туура жарым жылдан соң Катовицада "климатты коргоо" боюнча кезектеги конференция өтөт. Анда өнүккөн өлкөлөрдүн экономикаларын жашыл рельстерге которуу чечимин кабыл алган (анын негизги жактоочусу Европа биримдиги, ал эми АКШ жана Россия өзгөчө пикирин билдиришкен). Андай ойдун наркы — жылына 100 миллиард евро.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бир аз көмөктөшүп, бирок негизинен жашыл технологиялардын пайдасына рынокторду бөлүштүрүү үчүн бардык каржылык агымдарды европалык банк структураларына туташтырууну көздөшөт. Кеп мында акча агымдарынын даректеринин алмашышы жана жашыл революциянын демилгечилеринин курамын алмаштыруу туурасында. Албетте, бул каражаттардын баары текке кетет. Чакан жана орто бизнеске тийбейт. Экономиканы өбөлгөлөө боюнча Европа биримдиги тарабынан жарыяланып жана кабыл алынган пландын жарымы, ал эми бул дээрлик 740 миллиард евро — экологиялык демилгелерге бөлүнгөн каражат. Бирок аларды алуу шарттарына ылайык субвенциялар иш жүзүндө ири гана трансулуттук корпорацияларга багытталган.

Гретачы? Грета өз ролун аткарды, эми кете берсе болот. Тагыраак, аны оюндан четтетишти. "Экологиянын Жанна д'Аркынын" соңку билдирүүсү климаттын өзгөрүшү жана "уурдалган балалык" жөнүндө эмес, COVID-19га каршы вакцинанын "адилетсиз бөлүштүрүлүшү" туурасында жаңырганына күбөбүз. Глобалдык көз будамайлагандар менен бир столдо отурган соң адилеттүүлүктөн кеп салып болобу?

Жаңылыктар түрмөгү
0