"Украинадан чарчап бүтүшкөндөй". "Түндүк агым – 2" айланасындагы кырдаал

© Sputnik / Дмитрий Лельчук / Медиабанкка өтүү"Түндүк агым – 2" түтүгүнүн курулуш иштери. Архив
Түндүк агым – 2 түтүгүнүн курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
"Түндүк агым – 2" ишке берилсе Европа биримдиги Россия менен Украинага ортомчулук кылуу каалоосунан кайтып, ал эми Москва Киевди "жазалай аларын" айтат америкалык баяндамачы Жон Рюль.

Sputnik радиосунун обосунан россиялык саясат таануучу Юрий Светов ушул пикирдин тегерегиндеги ойлорун ортого салды.

Америкалык баяндамачы Жон Рюль National Interest журналына жарык көргөн макаласында эгерде "Түндүк агым – 2" ишке кирсе, Россия Украинадан "өчүн аларын" боолголойт. Анда россиялык газдын транзити жаңы долбоордон улам кыйла кыскара турган болсо Киев экономикалык жоготууларга гана тушукпастан, кубаттуулуктун абдан маанилүү булагынан да куру калары айтылат. Ошону менен катар эле Рюль Украина мындай жагдайга эл аралык кеңири "нааразычылык" болоруна да үмүт арта албасын белгилейт.

"Маанилүү батыш европалык кардарларынын кызыкчылыгына зыян келтирбестен Украина аркылуу газ транзитин чектөө менен Россия аны жазалап, ал эми ЕБ алардын ортосунда ортомчу болуудан кетенчиктейт", – деген Рюль.

Sputnik радиосуна курган маегинде россиялык саясат таануучу Юрий Светов ушул көз карашка өз пикирин билдирген.

Германиядагы Түндүк Агым-2 газ түтүгүнүн кургактыктагы объектилери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
"Созулган оюн". Сенаторлор "Түндүк агым-2" долбоорунун айынан соодалашканда
"Менимче, мында чындык менен жалган аралаштырылган. Россия үчүн "Түндүк агым – 2" экономикалык долбоор эмес, саясий таасир этүүчү инструмент экенин далилдөөгө далбас уруп келишет. Андай аракеттер Россия Украинадан өч алууну көксөп жаткандай көрсөтүүгө багытталган.

Ага карабастан РФ президенти Владимир Путин Россия "Түндүк агым – 2" ишке берилгенден кийин да Украина аркылуу транзитти өз ара пайдалуу шарттарда улантууга даяр экенин ачык билдирген", – дейт Юрий Светов.

Ошону менен бирге эле америкалык баяндамачынын жазгандарында чындыктын да үлүшү бар экенин белгилейт ал.

"Масштабына да карабай эл аралык алакалардын күн тартибинде "Түндүк агым – 2" көпкө туруп калганы чын. Бул экономикалык долбоор, ал эми аны эл аралык мамилелерди ырбатуу үчүн пайдаланып жатышат.

Жетекчилигинин талап жана дооматтары түгөнбөгөн Украинадан эл аралык коомчулук чарчап да бүткөндөй. Силер милдеттүүсүңөр, аткарышыңар керек деген тейде баарына: Америкага да, Германия, НАТО, ЕБге да доомат коюп келет. Бирок эч ким эч кимге милдеттүү эмес. Украинанын кызыкчылыгы болсо, аны өзү коргоп калышы кажет. Эл аралык алакаларды ошентип акырындап түшүнө баштайт. Украина "Түндүк агым – 2" ишке берилгенден кийинки транзит жөнүндө Россия менен сүйлөшүүгө тийиш", – деп жыйынтыктайт Юрий Светов.

Жаңылыктар түрмөгү
0