Ирандыктар мамлекеттик желектин сүрөтүнүн жанынан өтүп бара жатат. Архив

Батышка баш бербей... Россиянын коңшусу алаканы күчөтүүнү сунуштап жатат

212
АКШ Тегерандын Россия менен Кытайдан курал-жарак алышына каршы чыгып, санкция менен сөөмөй кезеди.

"Кытай менен Россияга ыктоо алардын (Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү) коопсуздугу менен туруктуулугун сактоого жардам бербейт. Өзгөчө Иранга азыркы аскердик кубатын күчөтүүгө аракет кылган чакта бул өтө кооптуу", — деди пентагондун өкүлү.

Бул сөз көп учурда унутта калган жагдайды эске салат: Россиянын Чыгышка жүз буруп жатканы тууралуу айтылганда кеп Тынч океан региону эле эмес ислам дүйнөсү менен кошо жалпы Азия жөнүндө жүрөт. Мында чындап эле маанилүү өнөктөштөрдүн бири Иран, Россияны бул өлкө менен кылымдап сакталып келген алака байланыштырып турат. Ошондой эле Москва менен Тегеран эле эмес, бүтүндөй дүйнөлүк коомчулук үчүн маанилүү болгон келечек да бир. Кырдаалга Петр Акопов баам салган.

Россия Иран менен мамилесин өнүктүрүүгө олуттуу маани берерин республиканын кызматка жаңы киришкен президенти Ибрахим Раиси менен болгон жолугушууда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин айткан. Кадимки сылыктыкпы? Жок. Анткени жаңы президент россиялык саясатчыга жооп берип жатып эки өлкөнүн мамилеси жакшы болгону менен аны кеңейтип, жаңы деңгээлге көтөрүү зарылдыгына токтолгон. Сөзүн эки өлкөнүн кызматташуусун болушунча бекемдөө тууралуу документке кол коюп тастыктаган. Володин сунушту Владимир Путинге жеткирерин убадалаган болчу. Тиешелүү макулдашуу жакын арада түзүлөрүнөн күмөн жок. Ушундай эле келишимди Иран кечээ жакында эле Кытай менен түзгөнүн эске алсак, Москва — Тегеран — Пекин үчилтигинин карааны көрүнүүдө.

Мындай биримдик көптөн бери пландаштырылып келген эле. Бул жерде кеп Россия менен Кытайдын өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдө эле эмес, Сирия, үч өлкөнүн биргелешкен аскердик машыгуулары боюнча да Ирандын кызыкчылыгын көздөшү тууралуу болуп жатат. Тегеран жакын арада ШКУнун толук кандуу мүчөсү болот, эми баары башын бириктирип Афганистан менен алек болушу шарт. Бирок бул үч мамлекеттин Сирия менен Афганистандан башка бир топ орток кызыкчылыгы бар.

Мисалы, транспорт коридорлору. Бул Кытайдын "Бир алкак — бир жол" долбоору, ошондой эле Перс булуңу менен Индия океанын Каспий деңизи аркылуу Европа менен байланыштырган "Түндүк — Түштүк" маршруттук коридору. Аталган долбоорлор ишке ашса түрк куймаларына атаандаш гана болбостон, англосакстардын 40 жылдан бери өлкөнү изоляциялоо аракетине чекит коёт

Анткени Иран тээ илгертен бери эле катаал санкциядан башы чыкпайт. Батыш аны террорчулуктун демөөрчүсү, Израилди жеп-жута турган желмогуз, кээде жалпы адамзатка коркунуч туудура турган өлкө катары көрсөтүп келет. Иран атом бомбасын жасоо планы жок экенин бир нече ирет айтканы менен өлкөнү жок кылууга белсенгендер аны угуп да коюшкан жок. Анткени булар Ирандын мифке айланган өзөктүк куралынан эмес, Тегеран ислам дүйнөсүнүн лидерлеринин бири болуп калат деп коркот. Ооба, Иран мусулмандардын баарына үлгү болууга ынтызар, бирок башкартууга жол бербеген, тышкы кысымга жооп кайтарып, глобалисттердин оюн ашкерелеген өз алдынча ислам цивилизациясынын моделин Батышта ким жактырмак эле?

Иран — дүйнөдөгү чындап эгемендүү азганактай мамлекеттин бири, дал ушул өлкөлөр глобалдуу коопсуздуктун жаңы архитектурасын түзүшөт. Бирок бул узакка созулчу процесс, Иран башка суверендүү мамлекеттердей эле бардык кысымга туруштук бере алгыдай болушу керек жана ишти биргеликте жүргүзүү зарыл. Дал ушул себептен улам Раиси Володинге төмөнкүлөрдү айтты:

"Биз Россиянын экономикалык прогресси жана өзүн-өзү камсыздоого жасаган аракети үчүн кубанычтабыз. Ошондой эле АКШ менен Европанын катаал санкциялары шарттаган экономикалык каатчылыкка туруштук берүү максатында тийиштүү саясат жүргүзүүгө даярбыз".

Ушул себептүү Иран Евразиялык экономикалык биримдик менен мамилесин тереңдетип, Россия менен алакасын өнүктүрүүгө басым жасайт. Бул Иран жетекчилигинин стратегиялык тандоосу, мында чечимдерди президент эмес, руханий лидер аятолла Хаменеи кабыл алат. Хаменеи менен Раисинин ортосунда бул маселе боюнча пикир келишпестик жок, ал эми 60 жаштагы Раиси 82 жаштагы аятолланын мураскери экенин эске алсак, Москва Тегерандын мындан аркы багытынан шек санабайт. Иран дагы Россия түштүк коңшусу менен байланышты бекемдөө далалатынан күмөн санабашы керек, анткени мындай аракет эки мамлекеттин тең улуттук кызыкчылыгына төп келет.

212
Белгилер:
Россия, Иран, АКШ, мамиле, кошуна, санкциялар, экономика, саясат, Вячеслав Володин, Ибрахим Раиси
Тема боюнча
Америкалыктар менен талибдерге дубай салам. Россия менен Кытайдын машыгуусу
Коронавируска кабылган бейтаптарды караган медик. Архивдик сүрөт

“Омикрон” менен пандемия аяктайбы? Вирусологдун божомолу

48
Буга чейин окумуштуулар жаңы штаммдын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Коронавирустун “омикрон” штаммынын пайда болушу менен COVID-19 илдети мурдагыдан жеңилирээк өтүп, кесепети дагы мурдагыдай оор болбой калышы мүмкүн. Мындай пикирин Sputnik радиосунун эфиринде Гамалея борборунун профессору, вирусолог Анатолий Альтштейн билдирди.

Адис ДССУнун бул вирус дүйнө жүзүнө жыл жаңырганга чейин жайылып кетет деген пикирине кошулбай турганын айтты.

"Жаңы жылга чейин жайылып кетүүгө үлгүрбөйт. Мисалы, "дельта" 2020-жылдын күзүндө пайда болуп, дүйнөнүн ар тарабына быйылкы жылдын май-июль айларында жетти. Андыктан “омикрондун” канчалык жугуштуу экенин азырынча так кесе айтууга эрте”, — деди Альтштейн.

Ошондой эле ал омикрондун кандай алсыз жактары бар экенин айтып, дал ушул штамм менен пандемия аякташы мүмкүн экенин божомолдоду.

“Штаммдын S-белогу 32 жолу мутация болгон. Бул өтө көп, демек, геному алсыз. Буга чейин жуктуруп алган 100 киши жеңил формада ооруп жатат, каза болгондор жок. Коронавирустан өлгөндөрдүн саны кадимки грипптен көз жумгандарга теңелип калганда пандемия бүттү деп айтсак болот. Бул жаатта алганда пандемия “омикрон” менен бүтүп калышы дагы ыктымал”, — деди вирусолог.

Анткен менен адис сөзүнүн соңунда бардыгы бул штамм улгайган адамдарга жеткенде гана белгилүү болорун кошумчалады.

Буга чейин ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат.

48
Белгилер:
коронавирус, 'омикрон' штаммы, вирусолог, божомол
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды
Дарбазачыга гол кирип атат. Иллюстративдик сүрөт

Египетте гол киргенине катуу сүйүнгөн машыктыруучунун жүрөгү кармап каза болду