"Талибан" Кабулга чабуул коё баштады

© AP Photo / Rahmat Gul"Талибан" кыймылынын согушкери. Архив
Талибан кыймылынын согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Жазылуу
ЖМКлар согушкерлер Кабул университетин көзөмөлгө алып, райондордун бирине өздөрүнүн желегин көтөргөнүн жазышууда.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. "Талибан"* радикалдык кыймылынын согушкерлери Кабулга чабуул жасап баштады. Бул тууралуу Reuters Афганистандын ИИМине таянып жазганын РИА Новости билдирди.

Ошол эл учурда РИА Новостиге ишенимдүү адам шаардын батыш тарабындагы Кабул университетин көзөмөлгө алып, райондордун бирине өздөрүнүн желегин көтөргөнүн айткан.

Кабул өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөгөн жана калкы жыш акыркы конуш бойдон калууда.

Кабул шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Кабул мамлекеттерди элчилерин тез арада чыгарып кетүүгө чакырды
Ал арада Афганистандын президенттик администрациясы Талибандын Кабулга кол салганы тууралуу маалыматты төгүндөп, шаардагы кырдаал көзөмөлдө экенин белгилеген.

Буга чейин талибдер Афганистандын бардык чек ара бекеттерин көзөмөлгө алганы, эми өлкөдөн Кабулдагы аба майдан аркылуу гана чыгып кетүүгө болору маалымдалган.

Афганистанда абал курч, "Талибан"* кыймылынын согушкерлери Мазари-Шариф жана Джелалабад шаарларын басып алды. Акырындан Кабулга дагы чабуу коюп келе жатат.

Кээ бир маалымат каражаттары "Талибан" кыймылына таянуу менен бүгүн "жеңиш жарыялана турганын" жазышууда.

"Талибан" ислам өкмөтүн түзүүнү көздөп жатат, расмий Кабул буга макул эмес. Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп кеткен.

*"Талибан" — террордук уюм деп табылып, ага Россияда тыюу салынган

Жаңылыктар түрмөгү
0