Афганистан боюнча 60 өлкө билдирүү жасады

© AFPАфганистан менен Пакистандын чек арасындагы аскер кызматери
Афганистан менен Пакистандын чек арасындагы аскер кызматери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Жазылуу
Кечээ "Талибан"* кыймылы акыркы болуп Кабулду алып, Афганистанды толугу менен өзүнө каратты. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик департаменти чет өлкөлүк жарандардын Афганистандан аман-эсен чыгып кетүүсүн камсыздоого чакырган 60 мамлекеттин билдирүүсүн жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Кайрылууну колдогондордун арасында АКШ, Франция, Германия, Украина, Италия жана Улуу Британия бар.

"Коопсуздук жаатында абал начарлагандыктан биз бардык тараптарды чет элдик жарандар менен өлкөдөн кетүүнү каалаган афгандыктарды аман-эсен, тынч чыгуусун камсыздоого чакырабыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Талибан кыймылынын согушкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Талибдер Афганистан ислам эмирлиги түзүлөрүн жар салууга белсенип жатат
Кайрылууга кол койгондор жолдорду, аэропорттор менен чек ара бекеттерин ачык кармоого жана өлкө аймагында тынчтыкты сактоого үндөгөн.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-август күнү, "Талибан"* кыймылы акыркы болуп борбор калаа Кабулду алып, Афганистанды толугу менен өзүнө каратты. Уюмдун мындай аракети АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрү чыгарылган соң күчөгөн.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм

Жаңылыктар түрмөгү
0