ЖМК: "Талибан"* мунапыс жарыялап, бардык аткаминерлерди ишке кайтууга чакырды

© AFP / NOORULLAH SHIRZADAТюрьма в Джелалабаде, Афганистан
Тюрьма в Джелалабаде, Афганистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Талибдер 20 жылга созулган согуш аяктаганын жар салып, жакында мамлекетке жаңы башкаруу формасын киргизүү аракетин көрүүдө.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы бүгүн, шейшембиде, жалпы мунапыс жарыялап, жарандарды өз жумушуна кайтууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости France Presse агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

"Жалпы мунапыс жарыяланды... Андыктан сиздер эч кам санабай күнүмдүк турмушуңуздарга кайта берсеңиздер болот", — деп билдирүү тараткан талибдер.

Ситуация в Афганистане после смены власти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Афганистандагы элчи: КР дипломаттары талибдер менен байланышка чыкты
Мунапыс өкмөттө иштеген аткаминерлердин баарына тиешелүү экени белгиленди.

Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кеткен соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

Афганистандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетип, учурда анын каякта экени дайынсыз болууда. Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0