Янукович Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштүн себебин ачыктады

© Sputnik / Андрей Мосиенко / Медиабанкка өтүүПразднование Дня соборности и свободы в Киеве
Празднование Дня соборности и свободы в Киеве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Януковичтин айтымында, Батыш, айрыкча, АКШ Украина менен Россиянын мамилеси РФке дүйнөлүк саясатта мурдагы СССРдин ордун ээлеп калуусуна негиз берет деп корккон. 

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович 2014-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш "батыштын долбоору" экенин айтты. Бул тууралуу анын кайрылуусунда жазылганын РИА Новости кабарлады.

Украина 24-август күнү эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт. Янукович 2014-жылы болгон мамлекеттик төңкөрүштө өлкөдөн чыгып кеткен.

"Батыш менен дагы, Россия менен дагы бирдей диалог жүргүзүүгө аракет кылып жатып мамлекет дайыма кыйынчылыктарга тушукчу. Анын тамыры биздин социалдык-экономикалык прогрессти камсыздоого чама-чаркыбыздын жетпей калышында эмес, геосаясаттын таасиринен болду. Батыш, айрыкча, АКШ Украина менен Россиянын мамилеси РФке дүйнөлүк саясатта мурдагы СССРдин ордун ээлеп калуусуна негиз берет деп коркунуч катары көрүп жатты", — деп айтылат Януковичтин кайрылуусунда.

Экс-президенттин айтымында, Украинадагы ички саясий чыңалуу жана оппозиция менен бийликтин ортосундагы конфликтинин курчушу убакыттын гана маселеси болчу.

Ал ошондой эле 2014-жылы болгон Украинадагы мамлекеттик төңкөрүш бийликтин "жумшактыгынан" эмес, "Украина антироссия" долбоорунун алкагында ишке ашканын белгилеген.

Украинанын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Эксперт: Украина өз экономикасынын калдыгын "жок кылууга" белсенди
"Биз мамлекеттин туруктуулугуна "кол салуу" болгон учурларда дагы сөз эркиндигин камсыздаганбыз; түштүк-чыгыштагылардын тарыхый эскерүүлөрү мазакталганына карабай биз батыш облустарында жашаган тургундардын өздөрү улуттук баатыр катары эсептеген адамдарына эстелик тургузуусуна бут тоскон жокпуз; биз улутчул уюмдардын мүчөлөрүн куугунтуктаган жокпуз; алар мамлекеттин толеранттуулугун баалашат деп ойлодук; Биз көп нерсеге көз жумуп койдук…

Муну жаңылыштык кетирген саясат катары баалабайм. 2014-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш биздин "жумшактыгыбыздын" жыйынтыгы эмес", — деп айтылат кайрылууда.

Анын айтымында, Европа биримдиги менен ассоциация боюнча келишимге кол коюунун мөөнөтүн жылдыруу "бийликти мыйзамсыз басып алуунун жана антироссиялык албууттануунун" башталышына сигнал болду.

"Биз ассоциация боюнча келишимге кол коюуга эртелик кыларын түшүнгөнүбүздө батыштын кысымында калдык. Алар бул чечимди жокко чыгаруу үчүн баарына даяр эле. Анын кесепети аларды ойлондуруп дагы койгон жок. Себеби Украинадагы биз байкап жаткан социалдык-экономикалык катастрофанын жоопкерчилиги баары бир азыркы бийликтин мойнуна жүктөлмөк", — деди экс-президент.

Николай Азаровдун өкмөтү ЕБ менен ассоциация келишими токтотулганын жар салгандан кийин эле 2013-жылдын 21-ноябрында евроинтеграциянын тарапташтары Киевдин башкы аянтына чогулушкан. Кийинчерээк майдан күч органдары менен радикалдар кагышкан жердин чок ортосу болуп калды. Украинанын бийлиги 100дөн ашык адамдын өлүмү үчүн жоопкерчиликти өзүнүн саясий оппоненти Янукович менен ИИМдин "Беркут" атайын дайындоодогу бөлүктүн мойнуна илген. Янукович менен "Беркуттун" кызматкерлери бул айыптоону четке кагып келет. Экс-президент тынчтык митингинин катышуучуларына аткылоого буйрук бербегенин, керек болсо милициянын бардык бөлүктөрүн Киевден чыгарууга көрсөтмө бергенин айтууда. Мамлекеттик төңкөрүштөн кийин "Беркут" жоюлган.

Украинанын экс-президентинин толук билдирүүсүн орус тилинде окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0