АКШ учагынын шассисинде көз жумган адам афгандык футболчу болуп чыкты

© REUTERS / MAXAR TECHNOLOGIESМеждународный аэропорт в Кабуле
Международный аэропорт в Кабуле  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Буга чейин дүйнөлүк ЖМКлар АКШнын Кабулдан келген С-17 учагынын шассисинен адамдын дене бөлүктөрү табылганын жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Афганистандын футбол боюнча жаштар курама командасынын оюнчусу Заки Анвари Кабул аэропортунда өлкөдөн чыгып кетүүгө аракеттенип жатып көз жумган. Бул тууралуу жергиликтүү журналист Бабак Тагваее өзүнүн Twitter баракчасына жазды. 

Анын айтымында, жаш спортчу Кабулдан учкан АКШнын C-17A учагына жармашып алгандардын бири болгон.

Ситуация в Афганистане после смены власти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Афганистан: окуя чордону Кабулдабы же Панджшердеби?
Анвари учактын шасси бөлүгүнө чыгып алганы, кийин ал жерден анын денесинин бөлүктөрү табылганы айтылат.

Буга чейин дүйнөлүк ЖМКлар АКШнын Кабулдан келген С-17 учагынын шассисинен адамдын дене бөлүктөрү табылганын жазып чыгышкан. Ошол эле күнү социалдык тармактарга америкалык учактын видеосу чыкты. Кадрдан самолеттун бортунун сыртында адам бар экени, катуу шамалдан улам анын денеси желпилдеп жатканы көрүнөт.

Дүйшөмбү күнү Кабулдун аэропортунда башаламандык жаралган. Афгандыктар өлкөдөн кетүү максатында аэропортко келип, имараттар менен учактарга чабуул коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0