Өчүргөнгө шашты. Меркель Путин менен отурганда телефону шыңгырап кетти. Видео

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүВстреча президента РФ В. Путина с канцлером Германии А. Меркель
Встреча президента РФ В. Путина с канцлером Германии А. Меркель - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Германия өкмөтүнүн жетекчиси Россияга бул статусу менен акыркы жолу келип отурат. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында бундестагга шайлоо өтөт. Ага Меркель катышпайт.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кремлде РФ лидери Владимир Путин менен Ангела Меркелдин сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Жолугушуунун башталышында Путин Меркелге ак жана күлгүн түстөгү бир букет гүл тапшырган.

РФ президенти коногу менен учурашып сүйлөй баштаганда телефон шыңгыраган. Меркель уюлдук аппаратын өчүрүп же үнсүз режимге коюуга унутуп калганбы, чөнтөгүнөн шашып алып чыгып баскылаган. Путин буга эч кандай реакция кылбастан сөзүн улаган.

Россиялык президент жолугушуунун журналисттер үчүн ачык бөлүгүндө эки лидердин күн тартибинде көзмө-көз талкуулай турган маселелер абдан көп экенин билдирген.

"Федералдык канцлердикке талапкерлигиңизди койбогондугуңузга байланыштуу бул сапарыңыз коштошуу гана эмес, олуттуу маселелерди талкуулаган мазмундуу сапар болмокчу", — деди Путин.

Ал эми Меркель бул анын чындап эле коштошуу сапары экенин тастыктады. Ал жолугушуу майнаптуу болоруна үмүт артарын билдирген.

"Ортодо пикир келишпестиктер болгонуна карабастан, бири-бирибиз менен сүйлөшүп турганыбыз жакшы көрүнүш. Келечекте дагы байланышта болууну ниеттенип жатабыз. Мен буга чейин айткандай, ортодо сүйлөшө турган маселелер бар. Эл аралык күн тартибинде Ливия боюнча өткөн конференция жана, албетте, Афганистан турат", — деди канцлер.

Германиянын канцлери Ангела Меркель - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
ЖМК Меркель кызматтан кеткенден кийин канча пенсия аларын жазды
Ал ошондой эле Россия менен Германиянын ортосундагы соода алаканы, жарандык коомчулук жана коммерциялык эмес уюмдар боюнча маселелерди талкуулай турганын белгилеген.

Кремлдин маалыматына караганда, сүйлөшүүнүн форматында кандайдыр бир документке кол коюу каралган эмес.

Германиянын өкмөтүнүн жетекчиси Россияга бул статусу менен акыркы жолу келип отурат. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында бундестагга шайлоо өтөт. Ага Меркель катышпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0