Михаил Хазин: Украинанын элитасы өлкөнү ойлобойт

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүЭкономист Михаил Хазин
Экономист Михаил Хазин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
Украина 24-августта көз карандысыздыктын 30 жылдыгын белгилейт. Ушул убакыт аралыгында өлкөнүн экономикасы талкаланып, коррупция гүлдөп, ишканалар жок болду.

Экономист жана публицист Михаил Хазин Sputnik агенттигине берген маегинде Украинаны жакынкы убакта эмнелер күтүп турганын айтып берди.

Украинанын экономикалык модели жараксыз

Встреча президента РФ В. Путина с канцлером Германии А. Меркель - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Өчүргөнгө шашты. Меркель Путин менен отурганда телефону шыңгырап кетти. Видео
СССРдин кулашы бардык мурунку совет өлкөлөрүнө сокку болду. Украина 30 жыл аралыгында 1980-жылдардын аягы, 1990-жылдардын башындагы экономикалык деңгээлге да жете албаган өлкөлөрдүн бири болуп калды.

Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 1990-жылы мамлекеттик суверенитет тууралуу Декларацияда Украинанын ички дүң продукциясы (ИДП) киши башына 3 965 долларды түзгөн. Ал эми 2020-жылы ИДП 3 115 долларга гана жеткен.

Акыркы 10 жылдын ичинде товарлардын баасынын өсүшү дээрлик 200 пайызды түздү.

"Украина — толук жетилбеген өлкө, анткени Россия менен байланышкысы келбеген экономикалык модели жараксыз", — деди Хазин.

Эксперттин пикири боюнча, жакында аталган өлкөдө "Украинаны жутуп" кете турган трансулуттук корпорациялар гана калат.

"Биз Афганистанда эмне болгонун көрдүк. Башка Чыгыш Европа өлкөлөрүндөй эле Украинаны да ошол сыяктуу тагдыр күтүп турат", — деп эсептейт экономист.

Хазин Украинанын бийлиги экономиканын өсүшүнө кызыкдар эместигине ишенерин айтты. Ал эми Батыш менен АКШ Киевди олуттуу кабыл албай "пешка катары гана колдонот".

"Украинанын бийлик өкүлдөрүнүн оюу — алынын жетишинче көбүрөөк уурдап калуу жана уурдоого мүмкүн болбой калганда өлкөдөн качып кетүү", — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

"Крым платформасы" боюнча Жогорку раданын V чакырылышынын депутаты Дмитрий Выдрин Sputnik агенттигине курган маегин окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0