Кабулда тосмодон наристени өткөрүп алган аскерлер. Пентагон себебин түшүндүрдү

© REUTERS / OMAR HAIDARI / File PhotoЗахват территорий Афганистана талибами
Захват территорий Афганистана талибами - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
Интернетте Афганистанда топ кишинин арасынан бирөө баласын өйдө көтөрүп берип, темир тосмонун аркы бетинде турган аскерлер аны өткөрүп алып, аэропорт жакка алып бараткан видео талкуу жараткан.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кабул аба майданынын периметрин кайтарган Американын деңиз аскерлери афгандык кишинин ооруп жаткан баласына медициналык жардам көрсөткөндөн кийин кайра беришкен. Бул тууралуу Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирбиге таянуу менен РИА Новости жазды.

Буга чейин дүйнөлүк желеде топ кишинин арасынан бирөө баласын өйдө көтөрүп берип, темир тосмонун аркы бетинде турган аскерлер аны өткөрүп, аэропорт жакка алып бараткан видео талкуу жараткан.

"Наристенин ата-энеси ал ооруп жатканын айтып жардам сураган. Өзүңөр көргөндөй, аскер баланы эңкейип туруп алган. Андан ары аэропорттун ичиндеги госпиталга жеткирген. Ал жактан медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин атасына кайтарып беришкен", — деген Кирби.

Ал аскерлердин бул аракетин "гумандуулук, боорукерлик" катары баалаган.

​АКШ Кабулдагы аба майданга алты миң аскерин койгон, алар жарандарды эвакуациялоону камсыздайт.

Афганистандагы кырдаал

Талибан кыймылынын мүчөлөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Талибдер БУУну Афганистанда калып жардам көрсөтүүсүн улантууну өтүндү
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. 15-сентябрда согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени айтылды.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0