Байден эмне себептен Афганистандан аскерлерди чыгарып жатканын түшүндүрдү

© REUTERS / Joshua RobertsПрезидент США Джо Байден
Президент США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
Байден сүйлөп жатып чөнтөгүнөн барак алып чыккан. Анда Ирак менен Афганистандагы согушта көз жумган америкалыктардын саны жазылган.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Афганистан боюнча туура чечим кабыл алгам деп эсептейт. Өлкө башчынын сөзүн РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, АКШда Афганистандагы кырдаал боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп, анда америкалыктардын көбү Афганистанда болуп жаткан абалга терс көз карашта экенин айтышкан. Журналисттер сурамжылоого карата Байдендин пикирине кызыгышкан.

"Менин жумушум эч ким жасай албаган же жасабаган нерсе боюнча чечим чыгаруу. Жаш балдарды, кыз-келиндерди мындан ары согушка жибергенди токтотуу боюнча туура чечим кабыл алдым", — деди Байден.

Бул чечимин түшүндүрүп жатып ал чөнтөгүнөн кагаз алып чыккан. Анда согушта көз жумгандардын саны жазылганын айткан.

"Бул карточка дайыма жанымда. Анда каза болгон, жабыркагандар тууралуу маалымат бар. Американын 2 448 жараны каза болсо, 20 722си жабыркаган", — деди ал.

Байден Ирак менен Афганистанда каза болгон америкалык аскерлер тууралуу маалымат жазылган баракты дайыма алып жүрөрүн буга чейин да бир нече ирет айткан. Ал аскерлердин бейкүнөө өлүмүн токтотуу керектигин айтып, ошол себептен армияны Афганистандан алып чыгуу чечимин кабыл алганын белгилеген.

Афганистандагы кырдаал

Афганистан армиясынын жоокери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Талибдер өкмөттүн армиясындагы 145 аскерди эркиндикке чыгарды
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Өткөн жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени айтылды.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0