Окумуштуулар XXI кылымда дагы бир коркунучтуу пандемия болорун боолголошту

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүДезинфекция помещений Ярославского вокзала в Москве
Дезинфекция помещений Ярославского вокзала в Москве  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Адистер дүйнө жүзүндө акыркы төрт кылымдагы кара тумоо, чечек, холера, келте, сасык тумоонун ар кандай түрлөрү тараганын анализдеп чыгышкан.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Жакынкы 60 жыл аралыгында адамзатка кесепети коронавирустуку сыяктуу жаңы пандемия коркунуч жаратышы ыктымал. Бул тууралуу Италиядагы Падуи университетинин окумуштуулары билдиргенин РИА Новости жазды.

Статистикалык анализ ыкмасынын жардамы менен адистер дүйнө жүзүндө акыркы төрт кылымдагы кара тумоо, чечек, холера, келте, сасык тумоонун ар кандай түрлөрү тараганын анализдеп чыгышкан. Маалым болгондой, экстремалдуу пандемия сейрек көрүнүш эмес. Кийинки глобалдуу пандемия 2080-жылдары болушу мүмкүн.

"2000-жылдары төрөлгөндөрдүн кээ бири жаңы эпидемияны көрүп калышы мүмкүн. Мындай оорунун тарашына калктын санынын өсүүсү, айлана-чөйрөнүн булганышы жана тамак-аш системасындагы өзгөрүү себеп болот", — деп жазылат маалыматта.

Окумуштуулар 12 миң жылдан кийин дүйнө калкты толугу менен жок кылган пандемияга кабылышы мүмкүн экенин божомолдошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0