Талибдер афгандыктарды Кабулдагы аэропортко киргизбей жатышат

© REUTERS / STRINGERЭвакуация в международном аэропорту Хамида Карзаяв Кабуле
Эвакуация в международном аэропорту Хамида Карзаяв Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Күбөлөрдүн бири согушкерлер аэропорттун кире беришинде элчиликтердин автоунаасын токтотуп, дипөкүлчүлүктө иштеген жергиликтүү тургундарды алып кетүүгө жол бербей жатышканын айткан.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы Афганистандын жарандары үчүн Кабулдун аэропортуна кирүүгө тыюу салды. Ал жакка башка мамлекеттин жарандары гана өткөрүлүүдө. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Талибдердин өкүлүнүн айтымында, жергиликтүү тургундар аэропорттун алдында башаламандык уюштургандыктан бардык эшиктер жабылган. Ал башка мамлекеттин жарандыгын алган афгандыктар кийинки буйрукка чейин аэропортко кире албай турганын кошумчалаган.

Күбөлөрдүн бири согушкерлер аэропорттун кире беришинде элчиликтердин автоунаасын токтотуп, дипөкүлчүлүктө иштеген жергиликтүү тургундарды алып кетүүгө жол бербей жатышканын айткан.

Афганистандагы кырдаал

Эвакуация в международном аэропорту Хамида Карзаяв Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
"Талибан"* 31-августтан соң Афганистандан чет элдиктерди эвакуациялоого тыюу салат
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Өткөн жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

16-августка караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада кыймыл Афганистанды башкара тургандардын тизмесин жарыялады.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0