Талибан кыймылынын согушкерлери. Архивдик сүрөт

Батыш сестенип турат: талибдер АКШ экономикасынын таш-талканын чыгарышы мүмкүн

504
Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, дүйнөнүн борбордук банктарынын резервинде 11,1 триллион долларга барабар акча сакталып турат. Каражаттын алты миллиону америкалык валюта менен турса, евро менен болгону 2,3 триллион бар.

"Афган факторунан" улам доллар кыйроого учурай турганы божомолдонууда. Буга чейин мындай тынчсызданууга АКШ экономикасынын олку-солкулугу — мамлекеттик карыздын өсүшү, экономикага триллиондогон акча салуулар себеп эле. Дүйнөлүк дедолларизацияны талибдер тездетер-тездетпесин РИА Новости талдап көрдү.

Кезектеги кыйроо

Американын акча бирдигинин тагдырына Goldman Sachs Asset Management төрагасы жана Улуу Британиянын мурунку финансы министри Жим О’Нилл тынчсызданууда. Анын айтымында, лидерлик жоюлду. Дүйнөлүк валюта деген макам да күмөн жаратып турат. Америкалык аскерлердин Афганистандан шашылыш чыгарылышы абалды курчутуп жиберди.

Доллар 1975-жылы, тагыраагы, АКШ Вьетнамдан кетип жатканда кыйынчылыкка тушуккан. Бирок Япония, Германия жана Кытай курсту өтө эле ылдый-өйдө болтурбай сактап калган. Алсак, Пекин ички жана эл аралык финансы рынокторунда юандын пайдаланылышын кыскарткан.

Эми эреже өзгөрдү. Экономикалык өсүүнүн багыты Азияны көздөй бурулууда. Ал эми бул жерде Кытай үстөмдүк кылат. Өткөн кылымдын ортосунан тарта кытайлыктар дүйнөлүк ИДПдагы үлүшүн 20 пайызга чейин көбөйтө алды. АКШныкы — 24.

Эл аралык валюта фонду карыз алуунун атайын укуктары каралып, каалаган валютага алмаштырып алууга боло турган SDR корзинасын кайра көздөн өткөрүүдө. Жим О’Нилл эгер юань күчтөнө турган болсо, дүйнөнүн финансы системасы өзгөрө турганын белгиледи.

Европанын борбордук банкынын маалыматы боюнча, эл аралык резервде доллардын үлүшү 61,7 пайызга чейин төмөндөп кеткен. Бул 20 жылдын ичиндеги эч төмөнкү көрсөткүч. Былтыр 1995-жылдан бери биринчи жолу 60тан да ылдыйлады.

Мындай кырдаалдын түзүлүшүнө АКШ бийлигинин да салымы бар. Пандемия күчөп турган маалда акча чыгарчу станогун болушунча иштетип, экономикага триллиондоп каражат салышты. Инфляция 13 жылдан берки жогорку көрсөткүчкө жетип, 5,4 пайызды түздү.

Бүгүнкү күндө доллардын динамикасын "бир кадам алдыга, эки кадам артка" деп сыпаттаса болот, мындан улам маал-маалы менен тынчсыздандырган божомолдор айтылып калууда. Ал эми Кабулдагы олдоксон эвакуация жалпы көрүнүшкө кошумча сүртүм десек болот.

Экономисттердин көбү Афганистандагы окуялардан улам экономика жабыр тартат дегенден алыс. Бул өлкөнүн дүйнө экономикасына таасири дээрлик жок. Ал эми атаандаштардын америкалык валютаны сүрүп чыгарууга дарамети жетпейт.

"Япония — АКШдан экономикалык жана аскердик-саясий жактан көз каранды мамлекет. Өз алдынча кандайдыр бир аракеттерди көрбөйт. Керек болсо Вашингтон менен мамилеси начарлап кеткен Кытай дагы мурдагыдай эле америка рыногунан көз каранды болуп турат. Пекин кырдаалды курчутууга барбайт", — деди РУДНдин экономика факультетинин доценти Владимир Григорьев.

Доллар аскердик-саясий күч, технологиялык лидерлик жана финансылык манипуляциянын эсебинен туруштук берет.

Башкы көйгөйдүн бири — акча массасынын өсүшү. Бирок таасир этүүчү рычагдардын баары АКШнын Федералдык резерв системасынын (ФРС) колунда. Регулятор жылдын аягына чейин катаал саясатка өтүшү мүмкүн, мында негизги коюм жогорулатылып, улуттук валютанын бекемделишине шарт түзүлөт.

Ушундай болорун тастыктоочу жагдайлар да бар, 18-август күнү ФРС комитет жыйынынын протоколун жарыялады. Инвесторлор андан издегенин тапкандай болду: акча чыгаруучу станок токтотулат экен. Рынок бул окуя ноябрда болот деп боолголоодо.

Ал эми 2022-жылы коюм өлчөмү көбөйөт да бул дагы доллардын абалын бир топ чыңдамакчы.

Сценарий бир эле учурда, башкача айтканда, эгер АКШ дагы бир ирет узакка созулган жана кымбатка түшкөн согуш баштап ийсе гана ишке ашпай калышы мүмкүн. Бирок азырынча Ак үй дал ушул сценарийден оолактап турат.

Долларсыз эч жакка

Дүйнөлүк рыноктон долларды сүрүп чыгаруу аракети ондогон жылдардан бери жасалып келет. Эл аралык операцияларда юань менен евронун үлүшү чындап эле өсүүдө. Бирок Евробиримдик менен Кытай негизинен экспорттоочу экенин эстен чыгарбоо керек, ал эми АКШ импорттоочу негизги өлкө.

Анын үстүнө еврозона пандемиядан кийин калыбына өтө жай келүүдө.

"Борпоңдук, биримдиктин жоктугу жолтоо болууда. Германия, Франция, Австриядан башка да мамлекеттер бар. Эгер Түштүк Европа кандайдыр бир аракет көрүп кыймылдап жатса, Чыгыш Европа менен Прибалтика бүтүндөй аймакты артка тартып жаткан экономикалык балласт болууда. Ошентсе да евро доллардан кийинки эле эң күчтүү валюта экенин моюнга алуу керек", — деди Григорьев.

Дүйнөдө АКШдан кийин эле Кытай экономикасы келе жатат. Анткен менен юандын глобалдуу соодада анчейин баркы жок экенин финансы боюнча көз карандысыз консультант Анна Харченко кошумчалады.

Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, дүйнөнүн борбордук банктарынын резервинде 11,1 триллион долларга барабар акча сакталып турат. Каражаттын алты миллиону америкалык валюта менен турса, евро менен болгону 2,3 триллион бар.

"АКШнын финансы рыногу ар кылдуулугу жана ликвиддүүлүгү боюнча биринчи орунда. Дүйнөнүн бардык бурчунан капитал тартат. Дал ушул өлкөдөн европалыктар менен кытайлыктар батынбаган долбоорлорго акча салынат", — дейт PFL Advisors инвестициялык компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Федор Наумов.

"Каражатты сактоо үчүн валюта тандоодо долларга басым жасалат. Өзгөчө Россияда. 2014-жылдан тарта рублдин куну долларга карата 2,5 эсе арзандап кеткен. Пандемия башталгандан берки төмөндөө 25 пайыздын тегерегинде", — деди Финансыны башкаруу жогорку мектебинин аналитикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Коган.

Бирок тобокелчиликтерди болушунча кыскартуу үчүн жумуртканы бир корзинага салууга болбойт. Аналитиктер тандоо мүмкүнчүлүгүн эске салышууда, анын үстүнө валюта капиталды көбөйтпөйт. Аны эсептешүүгө колдонуу керек, болбосо конвертацияда уттуруп коюшуңуз ыктымал. Ал эми инфляциянын жогорулугун жана пайыз коюмунун төмөндүгүн эске алсак чыгымга да учурап калышыбыз толук мүмкүн.

Экономисттер бош каражатты акцияга, облигация, кыймылсыз мүлккө жумшоону сунушташат. Доллар жыл аягына чейин 73-80 рублдин чегинде кала тургандай болуп калды. Ал эми еврого карата 1,13-1,14 болору болжолдонууда. Рынокко финансы жаатындагы жаңылыктар, анан, албетте, дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал таасирин тийгизүүнү улантууда.

504
Белгилер:
доллар, евро, рубль, юань, АКШ, Россия, Кытай, экономика, рынок, валюта, капитал
Тема боюнча
Рубль — дүйнөдө наркы бааланбаган валюта. Доллар чынында канча турат?
Вид на закат с парижской обсерватории

COVID пандемиясы турак жай тармагын да кризиске учуратты

0
(жаңыланган 16:56 20.09.2021)
Учурдагы кырдаал пандемияга чейин турак жайларга коюлган төмөн пайыздык чен менен COVID-19дан кийинки өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгынан келип чыккан.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Коронавирус пандемиясы турак жай рыногун да курч кризиске кептеди. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.

Макаланын автору Алан Кроуфорддун айтымында, көйгөйлөр сатып алуулар тармагынан тышкары үй менен батирлерди ижарага алууда да байкалып жатат.

"Көп киши турак жайынын акысын төлөй албай чыгып кетүүдө. Мындай көйгөй Берлин, Лондон, Париж жана Римде бар", — деп Германиянын борборунун мэри Михаэль Мюллер билдиргенин гезит жазды.

Кроуфорд белгилегендей, учурдагы кырдаал пандемияга чейин коюлган төмөн пайыздык чендер менен COVID-19дан кийинки өзгөрүүлөрдөн келип чыкты. Учурда үй кургандар азайып, каражатты үнөмдөп калышты, ошондой эле турак жай саткандар да аз.

Журналист мамлекеттердин өкмөтү көйгөйдү чечүүнүн оптималдуу жолун таба алган эмес, бир гана турак жай сатууга убактылуу тыюу салууну сунуштады.

 

0
Белгилер:
коронавирус, пандемия, турак-жай, кризис
Студенттер Пермь университеттин терезелеринен секирип түшүп жатышат

Пермдеги элди аткан студент полиция кызматкерине да ок чыгарган. Чоо-жайы

2
(жаңыланган 16:54 20.09.2021)
Тартип сакчысы куралчан студентти жарадар кылгандан кийин чуркап келип, куралын колунан алып, андан соң биринчи жардам көрсөткөн.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде элди аткан студент кирип келе жаткан полиция кызматкерине да ок чыгарган. Бирок тартип сакчы аны жарадар кылып, куралсыздандырып, андан соң биринчи жардам көрсөткөн. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Окуя болгон жерге биринчилерден болуп Пермь шаарынын Жол кыймылы коопсуздугу боюнча мамлекеттик автоинспекциянын Жол кайгуул кызматы келген. Полициянын лейтенанты Константин Калинин имараттын башкы корпусуна кирип, ал эми кесиптеши ага лейтенант Владимир Макаров элди эвакуациялай баштаган. Калинин имараттын ичинен куралдуу адамды көргөн. Аны байкап калган кылмышкер лейтенантты көздөй бир нече ирет аткылаган. Ага жооп кылган тартип сакчысы куралчанды жарадар кылып, чуркап келип, куралын колунан алгандан кийин биринчи жардам көрсөткөн", — деп айткан ИИМдин өкүлү Ирина Волк.

Ал тартип сакчылар учурда жогорку окуу жайдын аймагын көзөмөлдөп тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, сегиз киши каза таап, 28и жаракат алган. Шектүү кармалган.

2
Белгилер:
Россия, Пермь, Университет, ок чыгаруу, өлүм, полиция
Тема боюнча
Казань шаарындагы мектепте өспүрүм ок чыгарып, 8 киши каза болду. Видео