Медициналык кызматкерлер COVID-19 ооруган киши менен. Архив

АКШ COVID-19дун пайда болушу тууралуу доклад жарыялап, ага Кытай жооп берди

115
(жаңыланган 12:27 28.08.2021)
АКШнын чалгын тобу вирустун келип чыгышын 90 күндөй изилдеп, акыры бирдиктүү пикирге келе алган эмес. Ал арада Кытайдын Америкадагы элчилиги докладга жооп кайтарды.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. АКШнын чалгындоо тобу коронавирустун келип чыгышы тууралуу докладын жарыялады. Анда топтун мүчөлөрү вирус биологиялык курал катары чыгарылган эмес деген пикирге келишкен. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Билдирмеге ылайык, доклад АКШ президенти Жо Байден үчүн даярдалган. Иликтөө 90 күнгө созулуп, чалгындоо топ бир топ маанилүү учурларды таба алганы айтылды.

Маалым болгондой, иликтөө иштеринин катышуучулары бирдиктүү пикирге келе алышкан эмес. Анда "мүмкүн" деген эки версия каралган. Бири "вирус жугузуп алган жаныбар менен байланыш" десе, экинчи топ "лабораторияда жасалган" деген пикирди айткан.

Мындан сырткары, чалгындоо тобу Кытайдын бийлиги оору чыкканга чейин коронавирус тууралуу билген эмес деп божомолдоодо.

"Коронавирустун келип чыгышы боюнча акыркы бүтүм чыгаруу үчүн Кытайдын бийлиги менен кызматташуу керек болот. Бирок Пекин иликтөөгө бут тосууда. Алар маалымат менен бөлүшпөй, башка мамлекеттерди, анын ичинде АКШны күнөөлөп жатат. Мындай кадамдар Кытай өкмөтүнүн өзүнө ишенбестигин көрсөтүүдө", — деп жазылган докладда.

Президент Байден Пекин ачык-айкындуулукка умтулбай жатканын айткан.

"Кытай өкмөтүнүн аткаминерлери башынан эле эл аралык иликтөө тобунун жана дүйнөлүк медициналык коомдун өкүлдөрү коронавирустун келип чыгышы тууралуу маалымат ала албагандай иштешкен. Мен жооп алмайынча тынчыбайм", — деген Байден.

Ал арада Кытайдын АКШдагы элчилиги америкалык чалгындоо тобунун докладын сынга алып, ага жооп кайтарды.

"АКШнын докладында илимий тактык жок. Вирустун келип чыгышын чалгындоо топ эмес, окумуштуулар гана изилдей алышат", — деп айтылат маалыматта.

Элчилик Кытай коронавирус тууралуу маалыматтарды жашырбаганын айтып, ДССУ менен ачык-айкын кызматташканын белгилеген.

115
Белгилер:
АКШ, Кытай, коронавирус, чалгындоо, топ
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1542)
Тема боюнча
COVID бөйрөктү катуу алсыратат. Дарыгер себебин түшүндүрдү
COVID статистикасы: 215 киши вирус жугузуп, алты бейтап көз жумду
Алматы шаарынын ооруканадасындагы дарыгерлер. Архив

Казакстанда коронавирустун нигериялык Eta штаммы аныкталды. Белгилери

5
(жаңыланган 11:39 21.09.2021)
Eta штаммы өлкөнүн Карагандада, Мангистау, Павлодар жана Нур-Султанда аныкталган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Казакстанда коронавирустун Eta (нигериялык) деп аталган жаңы штаммы аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Илдеттин клиникалык белгилери Alpha (британиялык) менен Beta (түштүк африкалык) штаммдарыныкындай эле (ден табынын көтөрүлүшү, жөтөл, жыт менен даам сезбей калуу).

Маалыматка караганда, Саламаттык сактоо министрлиги 2021-жылдын июль-август айларында ооругандардан алынган лабораториялык үлгүнүн негизинде коронавирус инфекциясына генетикалык изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында төмөнкү штаммдар аныкталган:

  • индиялык Delta — 59,4 пайыз;
  • британиялык Alpha — 25 пайыз;
  • "Ухань" коронавирусу — 10,4 пайыз;
  • нигериялык Eta — 5,2 пайыз.

Eta штаммы төрт аймактан аныкталган — Мангистауда эки, Караганда, Павлодарда жана Нур-Султанда бирден учур катталды.

Коронавирустун Eta штаммы 2020-жылдын декабрь айында Нигерия менен Улуу Британиядан чыккан. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, 2021-жылдын 15-сентябрына карата аталган штамм дүйнөнүн 77 мамлекетинен табылды. ДССУнун "байкоо салуу" категориясында турат.

5
Белгилер:
Казакстан, коронавирус, жаңы штамм
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1542)
Алматы шаарында ок атуу болгон жердеги полиция кызматкерлери

Алматыда үй ээси атып салган 5 киши: өлгөндөрдүн бири жаңы кожоюн болгон

87
(жаңыланган 10:08 21.09.2021)
Каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү кечки саат алтылар чамасында болгон. Акбулак кичи районунда жашаган тургун беш адамды атып салган.

БИШКЕК, 21-сен. – Sputnik. Алматы шаарында ок атуудан каза болгондордун бири турак жайдын жаңы кожоюну болгон. Бул тууралуу Алматынын акими Бакытжан Сагинтаевге шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү кечки саат алтылар чамасында болгон. Акбулак кичи районунда жашаган тургунду соттун чечимин аткаруу үчүн үйүнөн чыгарганы келген сот аткаруучуларды үй ээси атып салган. Жеринде эки полиция кызматкери, бир сот аткаруучу жана эки жөнөкөй жаран каза болгон.

Маалыматка караганда, үй ээси банкка карызын төлөй албай, тамынан кол жууган. Турак жай үчүнчү тарапка сатылган. Кийин ал үйдү бошотпой жүргөндө жаңы кожоюн сотко кайрылган. Сот анын өтүнүчүн канааттандырган.

"Кечээ аны үйдөн чыгаруу үчүн сот аткаруучу, эки полиция кызматкери жана үйдүн жаңы ээси келген. Ошол учурда 54 жаштагы жаран ок чыгарып, беш киши каза болду. Алардын бири үйдү сатып алган адам болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Ок чыгарган киши ошол замат колго түшүрүлгөн. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, ал 20 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн экени айтылууда.

Шаар жетекчиси каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аларга жардам берилерин кошумчалады.

 

87
Белгилер:
Казакстан, Алматы, сот, чечим, үй, полиция, атышуу
Тема боюнча
5 киши өлдү. Алматыда бүлөнү үйүнөн чыгарууга келген сот аткаруучуларга ок атылды