Күбө: америкалыктар Кабулдагы терактыдан кийин элди көздөй ок атышкан

© REUTERS / US ARMYЭвакуация людей в международном аэропорту Хамида Карзая в Кабуле
Эвакуация людей в международном аэропорту Хамида Карзая в Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
Күбөлөр белгилегендей, жардырууда аз адам каза болгон. Көбүн дүрбөлөң түшкөн америкалык аскерлер атып салышкан.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кабул аэропортундагы окуяга күбө болгондордун айтымында, америкалык аскерлер жардыруудан кийин элди көздөй ок чыгарган. АКШлыктар жерге кулагандарды да атканын РИА Новости жазды.

"Америкалыктар жардыруудан улам кулап, тепсендиде калып калган адамдарды да атышты", — деп күбөлөрдүн бири айтканын RT телеканалы кабарлады.

Дагы башка күбөлөрдүн айтымында, жардыруудан аз эле адам каза болгон. Көбүн дүрбөлөң түшкөн америкалык аскерлер атып салышкан.

Ракетный обстрел жилого дома в Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
АКШнын авиасоккусунан Кабулда төрт киши каза тапты. Видео
Күбөлөр билдиргендей, америкалыктар аэропорттун кире беришинде ийин-ийинге тийген абалда тизилишкен. Жанкечти алардан бир нече метр алыстыкта өзүн жардырып жиберген. Бул учурда АКШ аскерлери паникага алдырып, башаламандык жаралган.

"Жардыруудан кийин элдин баары чуркап, жөөлөштү. Америкалыктар элдин арасында жанкечти бар деп ойлошкон окшойт, ошон үчүн аткылашты. Негизи жардыруудан аз адам өлгөн, анткени ал аскерлер турган жакта болгон. Көпчүлүк адамдар жөөлөшүүдөн жана АКШ аскерлеринин туш тараптан элди карай аткылаган огунан мерт болушту", — деген Шах Жан аттуу күбө.

Кабулдагы ооруканалардын бириндеги хирург бул версияны телеканалга кыйыр түрдө тастыктап, беш сыныктан жана октон жаракат алган бейтапты сүрөттөгөн. Ал адам көз жумган.

RT телеканалынын суроолоруна жооп берген күбөлөр америкалыктар ал жерде дагы жанкечтилер болушу мүмкүн деп кооптонушуп, элге карай ок чыгара баштаганын белгилешкен.

"Алардын айтымында, элди көздөй ок атуу узак убакытка созулган. Аэропорттун тегереги, жанындагы арык сөөккө толуп калган", — деп билдирди телеканалдын кабарчысы өз сюжетинде.

Өткөн бейшембиде Кабулдагы аэропорттун көзөмөл-өткөрүү жайында эки чоң жардыруу болгон. Андан 200 афгандык жарандын жана америкалык 13 аскердин өмүрү кыйылган. Окуяга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети"* алган.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм

Жаңылыктар түрмөгү
0