Шамалдан электр энергия алуучу тегирмен.Архивдик сүрөт

Альтернативдүү энергияны өндүрүүдө 2020-жыл рекорддук жыл деп аталды

58
(жаңыланган 10:38 04.09.2021)
Адистер белгилегендей, жыл сайын альтернативдүү энергияны өндүрүүнүн наркы төмөндөп, технологиялар ишенимдүү жана жеткиликтүү болуп бара жатат.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Өндүрүлгөн энергия булактары энергетика рыногунда суроо-талап өскөн жалгыз сегмент болуп калды. Бул тууралуу “Жашыл демилге” долбоорунун координациялык тобун жетектеген Европалык бизнес ассоциациясынын (ЕБА) Энергетика комитетинин төрагасы Эрнесто Ферленги билдиргенин “Известия” жазды.

Анын айтымында, өткөн жылы негизги энергия булактарына талап азайган.

“2020-жылы негизги энергия булагы болгон мунайга 10 пайыз, көмүргө 7 пайыз жана табигый газга 3,3 пайызга суроо-талап азайган. Ошол эле учурда энергия алуучу булактар суроо-талаптан өскөн (0,9 пайыз) жалгыз сегмент болуп калды”, — деген ал.

Ферленги кошумчалагандай, жыл сайын альтернативдүү энергияны өндүрүүнүн наркы төмөндөп, технологиялар ишенимдүү жана жеткиликтүү болуп баратат.

Анын айтымында, жыл боюнча алганда күн нурунан энергия өндүрүү наркы өткөн жылы 7 пайызга, шамалдан алынган энергия (деңиздин тайыз зонасындагы станцияларда алынган) – 9 пайызга, ал эми жердеги шамалдан өндүрүлгөн энергия 13 пайызга төмөндөгөн.

Ошол эле учурда, ЕБА энергияны өндүрүү булактарынын үзгүлтүккө учурашы жана аларды сактоо көйгөйү менен байланышкан өзүнүн чектөөлөрү бар экенин түшүнөт. Ферленги салттуу булактар, эң оболу табигый газ алдыдагы 10 жылда энергетикалык баланста олуттуу роль ойной берет деген.

58
Тема боюнча
Асанбеков: ЕАЭБ алкагында электр энергиясынын тарифи теңдештирилет
Аскарбеков: күндөн энергия алган станцияны ар ким орнотуп алса болот
Бала көтөргөн аял. Архив

Индиядагы кыргызстандык келиндин өлүмү боюнча ТИМ маалымат берди

118
(жаңыланган 23:29 22.09.2021)
Маалыматка караганда, келиндин Индиядагы туугандары уулу экөөнүн тең сөөгүн Кыргызстанга коюуга макулдугун берген.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индиянын Нью-Дели шаарында баласы менен чогуу киши колдуу болгон келиндин өлүмү тууралуу комментарий берди.

Буга чейин 28 жаштагы кыргызстандык кош бойлуу келин Нью-Дели шаарында бир жашар уулу менен чогуу өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат тараган.

“Тергөөнүн маалыматы боюнча, келин курбусунун үйүндө 21-сентябрга караган түнү киши колдуу болгон. Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, полиция кылмыш ишин козгоду. Шектүүлөр суракка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, келиндин Индиядагы туугандары уулу экөөнүн тең сөөгүн Кыргызстанга коюуга макулдугун берген.

Элчилик бул ишти өз көзөмөлүнө алып, учурда сөөктөрдү Кыргызстанга алып келүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

118
Белгилер:
Индия, Кыргызстан, келин, бала, өлүм, ТИМ
Тема боюнча
Аялдын өлүмүнө себепчи болгон мотоциклдин айдоочусу үй камагына чыкты
ШКУнун Тынчтык миссиясы машыгуусу. Архив

Борбор Азия биригүүдө. ШКУнун "Тынчтык миссиясы 2021" машыгуусунун өзгөчөлүгү

57
Афганистандан террорчулардын Борбор Азияга таралуу жоромолу жакынкы келечекте чөлкөмдүн коопсуздугуна негизги кооптуулук бойдон калууда. ШКУнун "Тынчтык миссиясы – 2021" командалык-штабдык окуулары ушул өңдүү коркунучтарга акылгөйлүк менен жооп берет.

Россиянын Оренбург облусундагы Донгуз полигонунда ушул (20-24-сентябрь аралыгы) күндөрү аталган уюмга мүчө-мамлекеттердин биргелешкен антитеррордук командалык-штабдык окуулары өтүүдө. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул машыгуулардын жүрүшүнө байкоо салган.

Ага Беларусь, Россия, Кытай, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстандан 5 500 аскер кызматкери катышып, 1 200дөн ашуун техника бирдиги тартылган. Шанхай кызматташтык уюмунда Беларусь байкоочулук макамына ээ экенин, "Тынчтык миссиясына" беларустук аскердик контингент алгач жолу катышып жатканын белгилеп коелу.

Оренбург облусуна Казакстандан "Батыш" аймактык командачылыгынын чалгындоо-чабуул коюучу ротасы зооттолгон техникалар менен келди. Ал танк жана учкучсуз учуучу аппараттар эсеби менен бекемделген. Бул окууларга Казакстандын Аскер-аба күчтөрүнүн Су-25 учактары да катышууда.

Россиянын атынан РФтин Борбордук аскердик округунун армиялык бөлүмү, беш аймагынан учкуч экипаждары жана Кыргызстандагы "Кант" биргелешкен россиялык аскердик базасы катышууда.

Окууга 30 учак жана тик учак, атап айтканда Су-34 бомбалоочу истребителдери, чабуул коюучу Су-25, Ми-24 сокку уруучу тик учактары, Ми-8 транспорттук-аскердик жана Ил-76 аскердик-транспорттук учактары тартылган.

"Тынчтык миссиясы – 2021" окууларынын башкы максаты – ШКУга мүчө-мамлекеттердин коалициялык күч түзүмдөрүн башкаруу органдарынын уюшкандыгын мыктылоо, террордук топтордун жаңы тактикалык ыкмаларына каршы турууда тажрыйба алмашуу.

Террорго каршы операциялардын милдеттери Борбор Азия чөлкөмүндөгү татаал аскердик-саясий кырдаал эсеби менен аткарылат.

Машыгуулардын уланышына ылайык, аскер кызматкерлери "мыйзамсыз куралдуу топтордун" кол салышын алдын алып, андан соң шарттуу душманды жок кылуу үчүн контрчабуулга даяр болууга тийиш.

Аскердик бөлүктөр эл аралык террордук уюмдардын тактикаларына каршы туруу ыкмаларын: учкучсуздарды атып түшүрүү, диверсиялык топторду жок кылуу, химиялык жана биологиялык куралдарды пайдалануу менен коюлган чабуулдардын алдын алууга машыгышат.

Катуу кабатырлануу

АКШ жана НАТО күчтөрү Америкадан чыгып кетишинен бери аталган өлкөдөгү кырдаал улам курчуп барат. Талибдер тарабынан бийликтин басып алынышы Борбор Азия өлкөлөрүнө террордук экспанция кооптуулугун туудурат, Россия, Кытай, Пакистан, Ирандын геосаясий кызыкчылыктарына коркунуч келтирет. Ал эми күн санап өсүп жаткан миграциялык каатчылык деле мында негизги кооптуулук эмес.

ШКУ өлкөлөрүнө америкалыктардан калган эбегейсиз сандагы курал жана ок-дарыга ээ, ошондой эле Афганистандын аймагында жайгашуусун, таасирин жана активдүүлүгүн кеңейтип жаткан ар кандай топтогу террорчулар чабуул коюу коркунучу бар.

Донгуз полигонундагы "Тынчтык миссиясы – 2021" биргелешкен окууларынын программасын ачып жатып, россиялык Борбордук аскердик округ күчтөрүнүн командачысы Александр Лапин 20-сентябрда буларга токтолду: "Афганистанда бийликти талибдер басып алган тушта ИМ* жана башка эл аралык террордук уюмдардын позициялары күчтөнүшү өзгөчө кооптондурат. Алардын биздин өлкөлөрдүн аталган республика менен чектешкен аймактарына өтүп кетүү коркунучу бар".

Тажикстан Республикасынын аскердик даярдыгы боюнча Кургактагы күчтөрдүн командачысынын орун басары Фатхулло Идоятуллозода да биргелешкен окуулардын чөлкөмдөгү коопсуздукту чыңдоо жана бир тууган элдердин башын бириктирүү үчүн мааниси чоң экенин белгиледи. Андан мурда РФ коргоо министри Сергей Шойгу ШКУ машыгууларын өткөрүүдө Сириядагы согуштук аракеттердин тажрыйбасы эске алынарын айткан.

Мындай даражадагы аскер жетекчилеринин сөздөрүнүн да салмагы өзгөчө. Афганистандагы абал ШКУ жана ЖККУ өлкөлөрүнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабдарын кабатырга салууда. Дал ушул себептен Россия менен Казакстандын аскердик учактары аймакты абадан чалгындоо үчүн Оренбургду айланып чыкты. Чек арага карай жылып келе жаткан колоннаны жок кылуу, "террордук түзүмдөрдүн" зениттик орнотмолору боюнча бомбалык сокку урууга машыгышты.

Казакстандын Су-25 чабуул коюучу учактары "душмандын" артиллериялык позицияларына ракеталык сокку урушту.

Буга коргоонун чегиндеги мина-жардыргыч тосмолорун ыкчам орнотууга мүмкүндүк түзгөн ВСМ-1 мина коюучу тутумдары бар Ми-8 тик учактары тартылган. Жердеги жылма тосмо отряддардын курамында ГМЗ-3 заманбап модификациясынын чынжырлуу мина тосмо коюучулары колдонулат.

Россиялык борбордук округдун инженердик бөлүктөрү жардыруу жолу менен танкага каршы 2 чакырымга созулган аңгектерди жаратууга машыгышат (буга тротилдик эквиваленттеги 20 тоннанын тегерегиндеги жардыргыч заттар керектелет. Коалициялык күч топторунун контрчабуулу үчүн тосмолорду талкалоочу ИМР-3 инженердик машиналары, минаны залалсыздандыруучу УР-77 түзүлүштөрү, механизациялаштырылган оор көпүрөлөр топтомдору пайдаланылат.

70тен ашуун артиллериялык жана ракеталык тутумдар, 4 500 реактивдүү жана майдаланма-фугастык ок-дары, танкага каршы ракеталардан тартылган бул эпизод "Тынчтык миссиясы – 2021дин" башталышы гана.

Каршылык көрсөтүү динамикасы

Шанхай кызматташтык уюму түптөлгөндөн тарта ага мүчө-мамлекеттер "Тынчтык миссиясы" аталышындагы биргелешкен антитеррордук машыгууларды көп өткөрүп келишти.

Алгачкы аскердик окууларга уюмга кирген өлкөлөр 2003-жылдын августунда Кытай жана Казакстанга чогулушкан. Ага Өзбекстандан сырткары, уюмдун бардык мүчөлөрү катышкан.

ШКУда башынан эле талап катуу коюлат. "Тынчтык миссиясы – 2005те" он миң аскер, Россия менен Кытайдын Аскер-деңиз күчтөрүнүн стратегиялык авиациясы жана сокку уруучу кемелери катышкан эле.

ШКУ мамлекеттеринин жогорку сот жыйынына даярдык. Архив
© Фото / Фотохост-агентство sco-russia2020.ru/ Евгений Биятов
Бара-бара ШКУнун машыгууларына катышуучулардын курамы кеңейип отурган. Ушул тапта Шанхай кызматташтык уюмунун теңата мүчөлөрүнүн саны – тогуз, атап айтканда, ага Индия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Иран (17-сентябрдан тарта), Өзбекстан кирет.

ШКУнун байкоочу мамлекеттери – Афганистан, Беларусь жана Монголия жыйындарга, күн тартибин талкуулоого катыша алат, бирок чечим кабыл алуу укугуна ээ эмес.

Мындан тышкары, ШКУнун диалог боюнча өнөктөш мамлекеттери бар. ШКУнун Хартиясында каралган айрым багыттар боюнча, уюм Азербайжан, Армения, Түркия, Камбоджа жана Непал, Шри-Ланка менен кызматташат.

Бул өлкөлөрдүн баары ШКУ алкагындагы аскердик-саясий кызматташтык үчүн маңыздуу резерв, Борбордук жана Түштүк Азиядагы террорчуларга жай каршылык көрсөтүүдөн аскердик түрүнө өтүүдөгү тарыхый шарттарында кыйла маанилүү факт болуп саналат.

* – Кыргызстан жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

57
Белгилер:
Афганистан, Борбордук Азия, ШКУ, машыгуу, Аскер, саясат, кызматташуу
Тема боюнча
БУУнун Коопсуздук кеңешинде талибдерден санкцияны алуу маселеси каралбайт
АКШ доллары жана бет кап. Архив

Пандемия учурунда Кыргызстанга кайсы өлкөлөр акча салды? Тизме

8
Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстанга кайсы өлкөдөн канча инвестиция келгенин жана алар кайсы тармактарга жумшалганын Улуттук статистика комитети маалымдады.

КМШга кирбеген өлкөлөрдүн арасынан негизги инвесторлор Канада (жалпы инвестициянын 28,8 пайызы) Кытай (25,3 пайыз), Нидерланд (10,5 пайыз), Швейцария (7,4 пайыз), Улуу Британия (4,9 пайыз) жана Түркия (4,5 пайыз) болду.

Акча салынган тармактар:

  • Канада — өндүрүш;
  • Кытай — өндүрүш, геологиялык чалгындоо, пайдалуу кендерди казуу;
  • Нидерланд — маалымат, байланыш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;
  • Швейцария — пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;
  • Улуу Британия — геологиялык чалгындоо;
  • Түркия — курулуш, дүң жана чекене соода, өндүрүш.
  • КМШдагы өлкөлөр:
  • Россия — өндүрүш, дүң жана чекене соода;
  • Казакстан — пайдалуу кендерди казуу, дүң жана чекене соода, геологиялык чалгындоого;
  • Өзбекстан — дүң жана чекене соода, өндүрүш;
  • Азербайжан — дүң жана чекене соода.

Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

Баса, өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестиция 1,6 эсеге, башка мамлекеттерден 2 эсеге азайган.

8
Белгилер:
Кыргызстан, инвестициялар, экономика
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү
Кыргызстандан сыртка 290 млн. доллар которулду. 7 айдын жыйынтыгы