Кабулдун көчөлөрүндө бараткан кыздар. Архивдик сүрөт

Афганистандагы аялдар канткенде окуп жана иштей алат. Талибдердин талабы

623
(жаңыланган 11:21 04.09.2021)
Буга чейин "Талибан"* кыймылынын жогорку даражадагы өкүлү аялдын милдеттүү түрдө кие турган формасын ислам дин аалымдарынын кеңеши чече тургандыгын айткан.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Афганистанда хиджабчан аялдардын билим алууга, иштөөгө мүмкүнчүлүгү болот, АКШ өлкөнүн маданиятын өзгөртүүгө аракет кылбашы керек. Мындай билдирүүнү "Талибан"* кыймылынын өкүлү Сухейль Шахин жасаганын РИА Новости жазды.

"Аялдардын укугу сакталат. Аларда окуганга жана иштөөгө мүмкүнчүлүк алышында маселе жаралбайт. Бирок биз (Афганистан жана АКШ — ред.) бири-бирибиздин маданиятыбызды өзгөртүүгө аракеттенбешибиз керек. Силердин "хиджабы жок аялдардын билим алууга укугу болушу керек" деген сөзүңөр маданиятты өзгөртүүгө болгон аракет. Мындайга жол берилбейт. Биздин маданиятыбызда алар (аялдар – ред.) хиджаб кийип гана билим алып же иштей алат", — деген Шахин Fox News телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып.

Буга чейин "Талибан"* кыймылынын жогорку даражадагы өкүлү аялдын милдеттүү түрдө кие турган формасын ислам дин аалымдарынын кеңеши чече тургандыгын айткан эле. Бирок муну менен катар талибдер аялдын денесин толугу менен жаап турган кийим эмес, хиджабчан жүрүшүн – бети ачык болуп, бирок жоолук оронушун талап кылышарын билдиришти.

Талибдердин өкүлү Забиулла Муджахид Афганистандын жаңы өкмөтүндө министр аялдардын болбой тургандыгын мурдараак билдирген. Мындай билдирүүлөр жасалгандан кийин Кабул менен Гератта аялдар демонстрацияга чыгып, Афганистандын жаңы өкмөтүндө министрлердин катарында аялдардын болушун талап кылышты.

Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул коё баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти. Муну менен Афганистандагы АКШнын аскер күчтөрү жүргөн мезгилдин мөөнөтү аяктады.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

623
Белгилер:
Афганистан, АКШ, 'Талибан' кыймылы, хиджаб
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (218)
Тема боюнча
Талибдер таржымалы: ок ойногон жылдар, Кыргызстандын арага түшүү ниети
"Талибан" кыймылы Панжшерди басып алганын жар салды
Алматы шаарында ок атуу болгон жердеги полиция кызматкерлери

Алматыда үй ээси атып салган 5 киши: өлгөндөрдүн бири жаңы кожоюн болгон

73
(жаңыланган 10:08 21.09.2021)
Каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү кечки саат алтылар чамасында болгон. Акбулак кичи районунда жашаган тургун беш адамды атып салган.

БИШКЕК, 21-сен. – Sputnik. Алматы шаарында ок атуудан каза болгондордун бири турак жайдын жаңы кожоюну болгон. Бул тууралуу Алматынын акими Бакытжан Сагинтаевге шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү кечки саат алтылар чамасында болгон. Акбулак кичи районунда жашаган тургунду соттун чечимин аткаруу үчүн үйүнөн чыгарганы келген сот аткаруучуларды үй ээси атып салган. Жеринде эки полиция кызматкери, бир сот аткаруучу жана эки жөнөкөй жаран каза болгон.

Маалыматка караганда, үй ээси банкка карызын төлөй албай, тамынан кол жууган. Турак жай үчүнчү тарапка сатылган. Кийин ал үйдү бошотпой жүргөндө жаңы кожоюн сотко кайрылган. Сот анын өтүнүчүн канааттандырган.

"Кечээ аны үйдөн чыгаруу үчүн сот аткаруучу, эки полиция кызматкери жана үйдүн жаңы ээси келген. Ошол учурда 54 жаштагы жаран ок чыгарып, беш киши каза болду. Алардын бири үйдү сатып алган адам болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Ок чыгарган киши ошол замат колго түшүрүлгөн. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, ал 20 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн экени айтылууда.

Шаар жетекчиси каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аларга жардам берилерин кошумчалады.

 

73
Белгилер:
Казакстан, Алматы, сот, чечим, үй, полиция, атышуу
Тема боюнча
5 киши өлдү. Алматыда бүлөнү үйүнөн чыгарууга келген сот аткаруучуларга ок атылды
Ок атуу болгон Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинин жанына коюлган гүлдөр

18 жашта эле... Пермь университетинде студенттин огунан көз жумгандардын тизмеси

87
(жаңыланган 09:58 21.09.2021)
Студенттин огунан көз жумгандардын бирөө эркек бала, калганы аялдар экени айтылды. Алардын улуусу 66, кичүүсү 18 жашта эле.

БИШКЕК, 21-сен. —Sputnik. Пермдин аймактык коопсуздук боюнча министрлиги ЖОЖдо атылган октон курман болгондордун тизмесин жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Каза тапкандардын улуусу 66, кичүүсү 18 жашта экени маалым болду.

"Алар Маргарита Энгауз (66 жаш), Ярослав Арамелев (19 жаш), Ксения Самченко (18 жаш), Екатерина Шакирова (19 жаш), Анна Айгельдина (26 жаш), Александра Мохова (20 жаш) болуп чыкты", — деп айтылган маалыматта.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эске салсак, 20-сентябрда эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап, 24ү жаракат алган. Ок чыгарган студент полиция кызматкери окуя болгон жерге барганда аны көздөй бир нече ирет аткылаган. Тартип сакчысы куралчанды жарадар кылып, мылтыгын колунан алгандан кийин биринчи жардам көрсөткөн. Жыйынтыгында ок чыгарган студент кармалган.

Кыргызстандын ТИМи түндө Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экендигин билдирди.

 

87
Белгилер:
Россия, Пермь, студент, ок атуу, өлүм
Тема боюнча
Пермдеги элди аткан студент полиция кызматкерине да ок чыгарган. Чоо-жайы
ТИМ: Пермдеги ЖОЖдо ок жегендердин арасында кыргызстандыктар жок
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Артур Медетбеков. Архив

Медетбеков: ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга белги болот

0
(жаңыланган 11:17 21.09.2021)
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Артур Медетбеков Афганистандагы абалдан улам ЖККУнун аскердик окутуулары көбөйгөнүн белгиледи.

ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга өзүнүн алар менен күрөшүүгө даярдыгы тууралуу белги болот. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Медетбеков: ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга белги болот

Анын айтымында, ЖККУ жылына ар кандай багыттагы окутууларды өткөрүп турат.

"Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун машыгуулары жөн эле окутуу эмес. Анда байланыш системасын, штабдын башкаруусун, куралдардын колдонулуусу, жаңы куралдардын эффективдүүлүгү, аймактагы рельефке жараша кайсы атуучу куралдарды колдонуу окутулат. Аны көргөн террордук топтордун чалгынчылары уюм терроризм менен күрөшүүгө канчалык даярдыгын билип, кооптонуп турушат. Натыйжада жакынкы убакта же келечекте кандайдыр бир деңгээлдеги чатактарды чыгаруудан сестенишет", — деди Медетбеков.

Ошондой эле ал ЖККУнун Тажикстанда, Кыргызстанда бирден, Россия, Казакстанда экиден батальону бар экенин кошумчалады.

0
Белгилер:
Артур Медетбеков, ЖККУ, Россия, коопсуздук
Тема боюнча
ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтер. Тизме