Окумуштуулар коронавирустун дагы бир олуттуу кесепетин айтышты

© REUTERS / Shannon StapletonСитуация в США из-за пандемии коронавируса
Ситуация в США из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
Жазылуу
Дарыгерлер коронавирустан эмне себептен бөйрөк жабыркай турганын азырынча так билишпейт. Алардын божомолу боюнча, ар кандай сезгенүү ооруларына бөйрөк сезимтал келет жана анын функциясын кандын коюу болуп кеткени да бузушу мүмкүн.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Коронавирус менен ооруп айыккан адамдын органдары 10 жылга картайышы ыктымал. Бул тууралуу The New York Times илимпоздордун жаңы иликтөөсүнө таянып жазды.

Коронавирустан каза болгон адамды көмүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 4,5 миллиондон ашты
Билдирмеге караганда, окумуштуулардын изилдөөсүнө коронавирустан айыккан 89 миң адам жана вирус илештире элек 1,6 миллион киши катышкан.

Адистердин айтымында, 30-40 жаштагы дени сак адамдын бөйрөгүнүн функциясынын начарлашы жылына бир пайызды түзөт. Ал эми олуттуу инфекциялар аталган органды катуу жабыркатып, ал тургай өнөкөт ооруга жеткириши мүмкүн.

"Жаңы изилдөө коронавирусту жеңген 4 757 адамдын бөйрөгүнүн функциясы бир жылдын ичинде 30 пайызга начарлаганын көрсөттү. Бул деген аталган орган 30 жылга карыды дегенди түшүндүрөт", — деди иликтөөнүн авторлорунун бири Зияда Аль-Али.

Дарыгерлер коронавирустан эмне себептен бөйрөк жабыркай турганын азырынча так билишпейт. Алардын божомолу боюнча, ар кандай сезгенүү ооруларына бөйрөк сезимтал келет жана анын функциясын кандын коюу болуп кеткени да бузушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0