Саясий ишмер Шарий: Украинада орус тилине тыюу салуудан майнап чыккан жок

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУкраина президенти Владимир Зеленский
Украина президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2021
Жазылуу
Эмне үчүн Украинада демократия жоктугун, жакын арада англис тили мугалимдери да кандай жол менен куугунтукка алынарын журналист Анатолий Шарий Sputnik агенттигине берген маегинде айтып берди.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңеши өткөн айда журналист жана саясий ишмер Анатолий Шарийге каршы санкция киргизген эле. Анатолий мырза өзү Украина президенти Владимир Зеленский АКШга көбүнесе анын сайтына бөгөт коюу үчүн Google жана YouTube менен сүйлөшүүгө барганын боолголойт. Бул тууралуу ал "Sputnik на русском" YouTube каналында айтып берди.

Журналисттин аталган каналдын кабарчысы Мария Крузе менен болгон баарлашуусунун урунттуу учурлары менен бул материалдан таанышыңыздар.

Чындап эле Зеленский АКШга эмнеге барган?

Украиналык президент Зеленский Кошмо Штаттардын лидери Жо Байдендин жолугушуусуна Анатолий Шарий шек менен карайт.

"Менимче, ал каналымды жаптыруу үчүн Google жана YouTube менен макулдашууга барган", — дейт Шарий.

Анын бул платформадагы баракчасы менен күрөшүүнүн Зеленскийге зарылдыгы эмне? Украиналык бийлик оппозиционер катары санаган журналист: "Телевидение ушул тапта толугу менен Зеленскийдин көзөмөлүндө. Баш ийбегендер жаптырылды. Алы жетпегени – YouTube", - дейт. Шарийге каршы санкциялар жөнүндө жарлыкка ылайык, украиналык провайдерлер тарабынан өлкө аймагында анын расмий сайтын, ошондой эле социалдык медиадагы баракчаларына бөгөт коюлушу шарт.

"Google менен байланышып, бул окуя тууралуу эскерткем, - дейт Анатолий Шарий. – Сайтымда жеке пикир же талкууга жол берилбейт. Тескерисинче, ресурсту Би-би-синин мурдагы, баса белгилейин, эски стандарттарына шайкеш келтирүүгө умтулгам. Анан жабылсын деп айтылды".

Украиналык "Википедия" ыплас менен пастыкка толду"

Владимир Зеленский АКШда Украина демократиянын бешиги, сөз эркиндиги бар деп айтууда. Ошол эле убакта өлкөнүн санарип трансформация министри Михаил Федоров, биздин маектештин айтымында, YouTube аянтчасынын ишине кийлигишкиси бар.

Деятельность службы безопасности Украины - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Украина душмандарынын түбүнө жетүүнүн жолун тапты
"Ал өзү (социалдык медиадагы баракчасында – ред. тактоосу) россиялык аткаруучулар "Ютубда" кеңири көрүлгөнүн жактырышпаганын жазды, - дейт журналист. – Ортобузда согуш бар имиш. Болгондо да буларды санарип трасформация министри айтууда! 78 жаштагы аксакал болсо, түшүнүктүү эле. Жапжаш жигиттин (Федоров 1991-жылы туулган – ред. тактоосу) "биз YouTube трендге чыгаргандарды тескейбиз"  дегени айран таң калтырат".

Анатолий Шарий YouTube алгоритмин түшүндүрүп, платформа "Тренддер" бөлүгүндө көрүүчүлөр көп көргөн тасмалар топтолорун айтат.

"Эгер Моргенштернди көрүшсө, демек, система Моргенштернди алдыңкы сапка коет. Ал эми өлкөдө катаал көзөмөл болсо, анда музыка деле калбайт," - деп билдирет ал.

Ал эми Михаил Федоров бул жаатта башкача пикирди карманат. Министрдин оюнда Украинанын интернет айдыңында россиялык артисттерге тыюу салынса, жергиликтүү музыка өнүгөт. Бирок бул нерсеге баам салуу үчүн "Википедиянын" украиналык версиясын караган жетиштүү дейт Анатолий Шарий.

"Украиналык "Википедияда" адамдардын жеке дарегине асылуулар орун алган. Саясатчыларды жөн жерден эле ыплас сөздөр менен кемсинтүүгө дейре барышат. Негизи эле теледе орус тилин чектөө менен украинче тасмалар жайнап кеткен жок. Жыйырма биринчи кылымда бир нерсени бөгөттөп, андан бир майнап чыгарын күткөн болбойт".

"Жакында англис тили мугалимдери куугунтукка алынбаса болду..."

Шарийдин айтымында, өзүнө каршы санкциялар – Конституцияны түздөн-түз бузуу. "Украинанын жарандарына санкция киргизүү мүмкүн эмес, - деп түшүндүрөт ал. – Алар террорчулукту каржыласа бир жөн. Жеке мага, жубайыма жана апама каршы санкциялар колдоо тапты. Бирок биз террорчулукту каржылаган жерибиз жок".

Киевдеги Эгемендүүлүк аянтында өтүп бараткан кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Украина: каатчылык мааракеси
Быйыл февралда Шарийди мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпташкан. Буга журналисттин айткандарын көрсөткөн россиялык телеканалдын эфири себеп болгон.

"Ал баянда украиналык козголоңчу армия 1943-жылы поездге чабуул коюлганы айтылат, - дейт Анатолий Шарий. – Бул – тарыхый факт. Анан да мени көп тилдүүлүктү пропагандалайсың деп күнөөлөштү. Бул мамлекетке чыккынчылыкпы? 15 жылга камакка алуу – Украинанын 2021-жылы болуп жаткан реалдуулугу".

Ушундай эле айып менен англис тили мугалимдерин да кодулоого болот, себеби алар да маңызында көп тилдүүлүктү пропагандалап жатышпайбы деп эсептейт Шарий. Акылга сыйбаган мындай нерселердин автору катары журналист Владимир Зеленскийди атайт.

"Бизге эмне үчүн бөгөт коюлду? Бул маалымат жашыруун экенин айтышат. Демек, Украина купуя маалымат боюнча санкцияларды киргизеби?" - деп суроо салат Анатолий Шарий.

Маекти толугу менен YouTube каналыбыздан көрө аласыздар:

Жаңылыктар түрмөгү
0