Панжшер салгылашы: Парьян аймагы кайрадан талибдерден тартып алынганы айтылууда

© AP Photo / Jalaluddin SekandarПанжшер провинциясынын "Талибан"* кыймылына каршылык көрсөткөн күчтөр
Панжшер провинциясынын Талибан* кыймылына каршылык көрсөткөн күчтөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2021
Жазылуу
Буга чейин "Талибан"* кыймылы согушкерлерге каршылык көрсөтүүнүн таянычы болгон Панжшер провинциясын басып алганын билдирген.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Панжшер провинциясынын "Талибан"* кыймылына каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн өкүлү Фахим Дашти Парьян аймагы кайрадан колго алынганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

"Панжшердин Парьян аймагы талибдерден толугу менен тазаланды. Бери дегенде бир миңден ашык террорчу колго түштү. Алардын айрымдары жок кылынды. Кармалгандардын басымдуу бөлүгү чет элдиктер, көбүнесе пакистандыктар", — деп Дашти өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Буга чейин "Талибан"* кыймылы согушкерлерге каршылык көрсөтүүнүн таянычы болгон Панжшер провинциясын басып алганын билдиришкен. Көп өтпөй кыймылдын өкүлү Билал Карими дал ушул Парьян аймагы, андан тышкары, Шутал, Аннаба жана Хиндж алардын колуна өткөнүн кабарлаган.

Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул кое баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти.

Ситуация в Кабуле после захвата власти талибами - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
17 киши каза тапты. Талибдер асманга аткан согушкерлерин жазаламай болду
Учурда талибдерге каршылык көрсөтүп жаткан өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Панжшер провинциясы болууда.

Кабулдагы полициянын штаб-квартирасынан каршылык көрсөткөн Панжшер күчтөрү талкалангандыгын, ал эми Афганистандын вице-президенти Амрулла Салех жана панжшерликтердин лидери Ахмад Масуд качканын айтышкан. Бирок кийинчерээк Салех талибдердин аларды басып алганы туурасындагы маалыматы жалган экендигин, каршылык көрсөтүү уланып жаткандыгын, ал Панжшерде калгандыгын билдирген.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0