Талибдер Панжшер аймагын толугу менен көзөмөлгө алганын жар салды

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүТалибан согушкери
Талибан согушкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
"Талибан"* кыймылынын өкүлү көтөрүлүшкө чыккандардын кээ бири качып кеткенин айткан. Талибдер Панжшердин тургундарына кысым көрсөтпөй турганын убадалашкан.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Афганистандын Панжшер провинциясы толугу менен "Талибан"* кыймылынын көзөмөлүнө өттү. Бул тууралуу террордук кыймылдын өкүлү Забиулла Муджахид Twitter баракчасы аркылуу билдиргенин РИА Новости жазды.

"Панжшер аймагы толугу менен басып алынды. Өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча акыркы күч-аракет жыйынтык берип, аталган аймак "Талибан"* кыймылынын көзөмөлүнө өттү", — деген Муджахид.

Ал көтөрүлүшкө чыккандардын айрымдары кармашууда жеңилсе, кээ бири качып кеткенин кошумчалаган. Талибдер Панжшердин тургундарына кысым көрсөтпөй турганын убадалашты.

Кабулдагы базарда Талибан согушкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Талибдер Панжшер күчтөрүнүн сунушунан баш тартты
Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул кое баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти.

Панжшер провинциясы Афганистанда талибдерге каршылык көрсөтүп жаткан жалгыз аймак болчу. Террордук кыймыл бул провинцияга согуштук операциясын сентябрда баштаган.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0