АКШ "Талибан"* кыймылын расмий тааныйбы? Байдендин жообу

© REUTERS / KEVIN LAMARQUEАКШнын президенти Жо Байден. Архив
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Афганистандан НАТО күчтөрү чыгарын билдиргенден баштап өлкөдө абал курчуган. Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, өкмөттүк күчтөргө чабуул жасаган.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. АКШнын "Талибан"* кыймылын Афганистандын расмий өкмөтү катары таануусуна көп убакыт бар. Бул тууралуу президент Жо Байдендин журналисттерге берген жообуна шилтеме берип РИА Новости жазды.

ЖМК өкүлдөрү Байденге Афганистандагы режим, ага АКШнын мамилеси тууралуу суроо берген.

"Талибан" кыймылын расмий өкмөт катары кабыл алууга абдан көп убакыт талап кылынат. Ага көп бар, көп бар...", — деп жооп берди президент.

Панжшерде талибдерге каршылык көрсөтүп жаткандардын лидери Ахмад Масуд тарапташтарына кайрылуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Панжшердеги каршылык көрсөтүү күчүнүн лидери элге кайрылды
Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул кое баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти.

Панжшер провинциясы Афганистанда талибдерге каршылык көрсөтүп жаткан жалгыз аймак болчу. Террордук кыймыл бул провинцияга согуштук операциясын сентябрда баштап, ишемби күнү аймакты каратып алганын жар салды.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0