Индонезиядагы түрмөдөгү өрттөн каза болгондор

Индонезиянын түрмөсүндөгү өрттөн бери дегенде 40 киши каза болду

77
(жаңыланган 10:45 08.09.2021)
Өрт Бантен провинциясында түнкүсүн чыккан. Абактагылар азыркыга чейин эвакуацияланып жатат. Кырсыктын себеби такталууда.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Индонезиянын абак жайында катталган өрттөн кеминде 40 киши каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция жана адам укуктары министрлигинин Түрмө департаментинин маалымат катчысы Рик Априант билдиргенин РИА Новости жазды.

Франс-Пресс агенттигинин маалыматы боюнча, окуядан 41 адам көз жумган. Дагы сегиз адам катуу жабыркап, 72 киши жеңил жаракат алышкан.

Өрт Бантен провинциясында түнкүсүн чыккан. Түрмөдөгүлөр азыркыга чейин эвакуацияланып жатат.

Кырсыктын себеби такталууда.

77
Белгилер:
өрт, Индонезия, түрмө, өлүм
Тема боюнча
Терезелер талкаланып, кыз ыргып кеткен. Казакстандагы жарылуунун жаңы кадрлары
Ооруканадагы бейтап. Архив

Москвада кара-суулук 26 жаштагы жигит ок жеп, ооруканада оор абалда жатат

167
(жаңыланган 18:14 28.09.2021)
Факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда жаран өтө оор абалда ооруканада жатат. Ага баш сөөк жаракаты жана мээнин шишиги деген диагноз коюлган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Москвада Кара-Суу районунда туулган 26 жаштагы А.З. октон жаракат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, 27-сентябрь күнү Москванын "02" кызматына чакыруу түшкөн. Анда ок жеген киши Тез жардам кызматы менен реанимация бөлүмүнө жеткирилгени кабарланган. Жабырлануучуга баш сөөк жаракаты жана мээнин шишиги деген диагноз коюлган.

"Факты боюнча Москва шаарынын Красносельск району боюнча тергөө бөлүмү "Ден соолукка атайылап оор залака келтирүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Элчилик Кыргызстан ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү менен иштешип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жабырлануучу өтө оор абалда жаткандыктан элчиликтин кызматкерлери аны менен сүйлөшө электиги айтылды.

167
Белгилер:
Россия, Кыргызстан, жаран, ок атуу, кылмыш
Тема боюнча
Жакында эле үйлөнгөн. Бишкекте атып өлтүрүлгөн айдоочу тууралуу маалымат
Казакстандын Афганистандагы элчиси Алимхан Есенгелдиев Талибан* өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен жолугушуусу

Казакстан Талибан* өкмөтүнө элчисин жиберип, сүйлөшүү жүргүздү

114
(жаңыланган 12:35 28.09.2021)
Борбор Азия мамлекеттеринин арасынан афган элине биринчилерден болуп Кыргызстан кол сунуп, гумжардам жиберген. Бул сапар Казакстан дагы колдоо көрсөтмөй болду.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Казакстандын Афганистандагы элчиси Алимхан Есенгелдиев Талибан* өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен жолукту. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Тараптар афган элине гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин талкуулашкан.

"Амир Хан Муттаки Афганистандагы өткөөл мезгил учурунда элге колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген Казакстанга ыраазычылыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Талибан* өкмөтүнүн ТИМ башчысы афган элинин жаңы бийлиги бардык өлкөлөр менен, айрыкча коңшу мамлекеттер менен тынчтык мамилени курууну көздөй турганын белгилеген. Мындан сырткары, өлкөнүн жаңы бийлиги Афганистандын коопсуздугуна коркунуч жаралса, аны алдын алууга даярдыгы белгиленген.

"Казакстандын жүргүзгөн тышкы саясаты, афган багыты боюнча иштери дагы урмат-сыйга татыйт", — деген Муттаки.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен афган элине биринчилерден болуп Кыргызстан кол сунду. Атап айтканда, сентябрь айынын соңунда КРдин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып Талибан* өкмөтүнүн ТИМ башчысы Амир Хан Муттаки менен жолуккан. Президенттин маалымат кызматы Масадыков башында турган кыргыз делегациясы Кыргызстан элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткиргенин кабарлаган. Бирок жардам катары эмнелер берилгени айтылган эмес.

2021-жылдын июнь айынан бери "Талибан"* кыймылы активдешип, августта Афганистанды толук каратып алган. Кийин Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын билдирген. Убактылуу өкмөт куралып, ушу тапта Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жар салган.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

114
Белгилер:
Афганистан, Казакстан, ТИМ, гуманитардык жардам, Кыргызстан
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Мирзиёев: өзбек чек арачысы Афганистан менен чектешкен жерде атышуудан көз жумду
"Талибан"* кыймылы: сакал алууга тыюу салган эмеспиз
Саясат таануучу Өзбекстандын талибдерге көз карашы кандай экенин айтты
Тамеки чегип жаткан адам. Архив

Пляж, базарда. Тамеки, кальян чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси

595
(жаңыланган 21:34 28.09.2021)
Тыюу салынган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да уруксат берилбейт. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаров коомдук жайлар менен мекемелерде чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду.

Ага ылайык, белгилүү бир жайларда тамеки, электрондук чылым жана кальян чегүүгө толугу менен чектөө киргизилди.

Аталган мыйзамдын 13-беренесинде кайсы жерде чегүүгө тыюу салынары жазылган.

Алар төмөнкүлөр:

  • Ведомствонун жана менчигинин түрүнө карабастан подъезддерде, лифттерде, аянттарда, дааратканаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында;
  • Жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелерде, социалдык кызматтардын имараттарында, стадиондордо;
  • Темир жол жана автобекеттерде;
  • Калкка кызмат көрсөтүүчү жайларда, анын ичинде мейманканаларда, тиричилик тейлөө, коомдук тамактануучу жайларда, убактылуу тургузулган соода объектилеринде;
  • Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү имараттарда;
  • Имараттарда жана курулмаларда уюштурулган жумуш орундарында, жумушчу зоналарда;
  • Өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде күйүүчү май куюучу жайларда;
  • Коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрдө);
  • Коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарында, балдардын эс алуу жайларында, балдар аянтчаларында;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарынын мекемелеринде;
  • Реабилитациялык жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган жайларда;
  • Калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда жана жабык базарлардын аймактарында;
  • Аялдамаларда;
  • Тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо массалык-маданий, спорттук иш-чараларды, акцияларды, чогулуштарды өткөрүп жатканда ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде.

Аталган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да тыюу салынат. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактап, желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

Ар бир орган жана мекеменин жетекчилери бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө милдеттүү.

Чылым чегүүгө тыюу салынган жайларды аныктоо жана белгилерди коюу тартибин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги иштеп чыгат.

Мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстанда өлүмдүн жана майыптыктын негизги себеби тамеки тартуу экенин буга чейин белгилешкен.

Ошондой эле чылым чегүүгө бардык эле жерлерде тыюу салынбасын айтышкан. Бирок башкалардын эркин дем алуусуна тоскоол болбошу керек деген принцип сакталышы шарт.

595
Белгилер:
тамеки, тыюу салуу, имарат, Кыргызстан
Тема боюнча
КРде кафе жана ресторандарда чылым чеккенге тыюу салынат. Мыйзамга кол коюлду
Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти