Талибдер жаңы өкмөттүн инаугурациясы 11-сентябрда болбой турганын кабарлады

© AFP / AAMIR QURESHIТалиб согушкерлери менен унаалар Кабул шаарында
Талиб согушкерлери менен унаалар Кабул шаарында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
ЖМКлар буга чейин Афганистандын жаңы өкмөтүнүн мүчөлөрү 11-сентябрь күнү ант берерин жазышкан. Атургай иш-чарага Россия, Кытай, Катар, Түркия, Пакистан жана Иран мамлекеттери чакырылганы айтылган.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Афганистандын жаңы өкмөтүнүн инаугурациясын өткөрүү боюнча чечим бир нече күн мурда жокко чыгарылган. Ошондой эле иш-чара 11-сентябрга белгиленди деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу "Талибан"* кыймылынын маданият боюнча комиссиясынын өкүлү Инаммула Саманганиге шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Инаугурация боюнча чечим бир нече күн мурда жокко чыгарылган. Жетекчилик министрлер кабинетинин бир бөлүгүн бекитип, алар ишке киришкен. Ал эми ант берүү аземи 11-сентябрь күнү болот деген маалымат чындыкка туура келбейт", — деп жазды Самангани өзүнүн Twitter баракчасына.

Эске салсак, ЖМКлар буга чейин "Талибан"* кыймылындагы маалымат булагына таянып Афганистандын жаңы өкмөтүнүн мүчөлөрү 11-сентябрь күнү ант берерин жазышкан. Атургай иш-чарага Россия, Кытай, Катар, Түркия, Пакистан жана Иран мамлекеттери чакырылганы айтылган.

Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул коё баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти. Талибдер Афганистанга 20 жылга созулган согуш аяктады деп жар салды.

РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Россия талибдердин өкмөтүнүн инаугурациясына катышар-катышпасы айтылды
Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Бирок аталган аймактын лидери Шах Масуд провинциянын баары багынып бербегендигин, согуш уланарын айткан. Акыркы учурда маалымат талаасында Панжшердеги талибдер менен каршылык көрсөтүүчү күчтөр боюнча эки жактуу кабарлар айтылууда.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0