Борбор Азия, РФ, Кытайдын чалгын кызматтарынын башчылары Пакистанда жолукту

© Photo / Pixabay / Usman AslamПакистанский монумент в Исламабаде
Пакистанский монумент в Исламабаде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
Жазылуу
Бир нече өлкөнүн чалгын кызматынын башчылары Афганистандагы кырдаалды талкуулаган. Басылма ага Кыргызстандын атайын кызматы катышпагандыгын жазды.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Пакистандагы ведомство аралык чалгын кызматынын башчысы (Inter-Services Intelligence, ISI), генерал Фаиз Хамид Исламабадда Россия, Иран, Өзбекстан, Кытай, Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын чалгындоо кызматынын башчыларын кабыл алган. Бул туурасында India Today жазды.

Чогулган жетекчилер Афганистандагы кырдаалды талкуулаган. Маалыматта жолугушуу жогорку деңгээлде өттү деп айтылган. Бул иш-чара Пакистандын аталган кызматынын башчысы Афганистан борборуна талибдердин чакыруусу менен барып келгенден кийин уюштурулган. Эске салсак, анда Фаиз Хамиддин сапары жергиликтүү элдин нааразылыгын жараткан.

Талибдер экс-вице-президенттин хан сарайында жашап жаткан видео тарады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Талибдер экс-вице-президенттин хан сарайында жашап жаткан видео тарады
Бир ай мурда "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул коё баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти. Талибдер Афганистанга 20 жылга созулган согуш аяктады деп жар салды.

Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Бирок аталган аймактын лидери Шах Масуд провинциянын баары багынып бербегендигин, согуш уланарын айткан.

9-сентябрда Өзбекстан, ага удаа Казакстандын бийлиги Афганистандагы жаңы бийлик менен иштешүүгө даяр экендигин билдирген.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0