6 млн. доллар, уютулган алтындар. Талибдердин Салехтин үйүнөн тарткан видеосу

© REUTERS / EMBASSY OF THE ISLAMIC REPUBLICПосольство Афганистана в Душанбе
Посольство Афганистана в Душанбе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
Жазылуу
Агенттик билдиргенине караганда, Салех дагы, каршылык көрсөтүүчү күчтөр дагы видео боюнча комментарий бере элек.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылынын согушкерлери өзүн Афганистан президентимин деп жарыялаган Амрулла Салехтин үйүнөн 6 млн. доллар, алтындын 15 куймасын тапкан. Бул тууралуу РИА Новости Khaama Press басылмасына шилтеме кылып жазды. 

Социалдык тармакка талибдердин Салехтин резиденциясынан табылды деген байлыктар туурасында видеоролиги тарап кетти.

Аталган кыймылдагы маалымат булагы РИА Новостиге Ашраф Ганинин учурундагы өкмөттүн вице-президентинин үйүнөн "эбегейсиз көп акча" тапкандыктарын айткан.

Агенттик билдиргенине караганда, Салех дагы, каршылык көрсөтүүчү күчтөр дагы видео боюнча комментарий бере элек.

Талибдер экс-вице-президенттин хан сарайында жашап жаткан видео тарады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Талибдер экс-вице-президенттин хан сарайында жашап жаткан видео тарады
Бир ай мурда "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул коё баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти. Талибдер Афганистанга 20 жылга созулган согуш аяктады деп жар салды.

Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Бирок аталган аймактын лидери Шах Масуд провинциянын баары багынып бербегендигин, согуш уланарын айткан.

9-сентябрда Өзбекстандын, ага удаа Казакстандын бийлиги Афганистандагы жаңы бийлик менен иштешүүгө даяр экендигин билдирген.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0