"Чыныгы Тарзан" көз жумду. Вьетнамдык киши 40 жыл токойдо жашаган

© AFP / STRВыросший в джунглях вьетнамец Хо Ван Ланг
Выросший в джунглях вьетнамец Хо Ван Ланг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Атасы уулуна аялдар туурасында эч качан кеп кылбагандыктан, ал аялзаты бар экендигин 41 жылдан кийин билген.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кырк жыл токойдо жашап келген вьетнамдык Хо Ван Ланг аттуу адам көз жумганын The Daily Mail жазды.

"Чыныгы Тарзан" жарым кылымга жакын токойдо жашап жүрүп, 41 жылдан кийин эл арасына келген. Ал цивилизациялуу дүйнөгө аралашкандан 8 жылдан соң кайтыш болду", — деп жазган басылма.

2013-жылдан кийин Ланг кадимки заманбап жашоодо өмүр сүрө баштагандан тарта стресс жана жашап жаткан дүйнөсү ден соолугуна кесепетин тийгизген. Мындай пикирди анын достору жана сырттан байкаган кишилер айтышкан.

Досу Альваро Сересонун билдиргенине караганда, заманбап жашоо, кайра иштетилип чыккан азыктар, анча-мынча татып койгон ичимдик "Тарзандын" өмүрүнүн азайышына себепкер болгон.

Кантип токойдо жашап калган

Мурдараак алардын 1972-жылы Вьетнамдагы согушта атасы менен кошо токойго баш калкалап качып кирип кеткени айтылган. Бул Куангнгай провинциясында Тайча районунун аймагы болгон. Уулу менен атасы кадимки Тарзандай жашоо өткөрүшкөн. Токойдо болгон жылан, чычкан, маймыл, бакага аңчылык кылганды үйрөнүп, жемиш жана башка өсүмдүктөр менен жан баккан.

Артист балета Марис Лиепа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2019
Кыргызстандык Тарзан жана Гамлет. Адабий каармандардын атын алып жүргөндөр
Эки адамды 2013-жылы отун издеп жүргөн кишилер жолуктуруп калып, айылга алып келишкен. Атасы ага аялдар туурасында эч качан кеп кылбагандыктан аялзаты бар экендигин 41 жылдан кийин билген. Альваро Сересо досу Хо Ван Лангга карама-каршы жыныстагы адамдар да болорун айтып берген. Сересонун аракетинен улам ата-бала токойдогу жашоосунан биротоло кол үзгөн. Досунун айтымында, ал аялдар эле эмес, дүйнөдө жакшы-жаман, ак көңүлдүк менен кара санатайлык болорун да билген эмес.

Хо Ван Ланг кадимки жашоого оңой менен көнө койгон эмес. Анын организми бактерия, вирустарга туруштук бербей көп ооруган.

Жаңылыктар түрмөгү
0