Ийнелик. Архивдик сүрөт

Кудум кишидей. Ийнеликтин "жуунуп" жаткан видеосу

191
Сүрөтчү ийнеликтин "ишин" жакшылап көрсөтүү үчүн кээ бир роликтердеги кыймылды 75 пайызга чейин жай кылып, жасап чыккан.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ийнеликтин таң атпай "жуунуп" жаткан видеосун британиялык фотограф Оливер Райт тартып алган.

​Сүрөтчү бул жаныбардын "эртең мененки каадасын" жакшылап, так, даана көрсөтүү үчүн кээ бир роликтерин 75 пайызга чейин жай кыймылда кылып, жасап чыккан. Бийге окшогон кыймыл менен ийнелик көзүнөн, баш жагынан жамгырдын тамчысынбы, шүүдүрүмдүбү, айтор, алып жатканын көрүүгө болот. Роликтен кичинекей бул жаныбар башын бирде ылдый кылып, бирде чалкалап калып, ар кыл жол менен суудан кутулууга аракет кылган.

​Мындай кадрлар сейрек кездешкендиктен сүрөтчүлөр таңга маал атайын "фотомергенчиликке" чыгышат.

 

191
Белгилер:
Улуу Британия, фотограф
Тема боюнча
Россиядагы айылды каптаган чиркейлердин "куюну". Видео
Алматы шаарында ок атуу болгон жердеги полиция кызматкерлери

Алматыда үй ээси атып салган 5 киши: өлгөндөрдүн бири жаңы кожоюн болгон

81
(жаңыланган 10:08 21.09.2021)
Каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү кечки саат алтылар чамасында болгон. Акбулак кичи районунда жашаган тургун беш адамды атып салган.

БИШКЕК, 21-сен. – Sputnik. Алматы шаарында ок атуудан каза болгондордун бири турак жайдын жаңы кожоюну болгон. Бул тууралуу Алматынын акими Бакытжан Сагинтаевге шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү кечки саат алтылар чамасында болгон. Акбулак кичи районунда жашаган тургунду соттун чечимин аткаруу үчүн үйүнөн чыгарганы келген сот аткаруучуларды үй ээси атып салган. Жеринде эки полиция кызматкери, бир сот аткаруучу жана эки жөнөкөй жаран каза болгон.

Маалыматка караганда, үй ээси банкка карызын төлөй албай, тамынан кол жууган. Турак жай үчүнчү тарапка сатылган. Кийин ал үйдү бошотпой жүргөндө жаңы кожоюн сотко кайрылган. Сот анын өтүнүчүн канааттандырган.

"Кечээ аны үйдөн чыгаруу үчүн сот аткаруучу, эки полиция кызматкери жана үйдүн жаңы ээси келген. Ошол учурда 54 жаштагы жаран ок чыгарып, беш киши каза болду. Алардын бири үйдү сатып алган адам болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Ок чыгарган киши ошол замат колго түшүрүлгөн. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, ал 20 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн экени айтылууда.

Шаар жетекчиси каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аларга жардам берилерин кошумчалады.

 

81
Белгилер:
Казакстан, Алматы, сот, чечим, үй, полиция, атышуу
Тема боюнча
5 киши өлдү. Алматыда бүлөнү үйүнөн чыгарууга келген сот аткаруучуларга ок атылды
Ок атуу болгон Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинин жанына коюлган гүлдөр

18 жашта эле... Пермь университетинде студенттин огунан көз жумгандардын тизмеси

92
(жаңыланган 09:58 21.09.2021)
Студенттин огунан көз жумгандардын бирөө эркек бала, калганы аялдар экени айтылды. Алардын улуусу 66, кичүүсү 18 жашта эле.

БИШКЕК, 21-сен. —Sputnik. Пермдин аймактык коопсуздук боюнча министрлиги ЖОЖдо атылган октон курман болгондордун тизмесин жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Каза тапкандардын улуусу 66, кичүүсү 18 жашта экени маалым болду.

"Алар Маргарита Энгауз (66 жаш), Ярослав Арамелев (19 жаш), Ксения Самченко (18 жаш), Екатерина Шакирова (19 жаш), Анна Айгельдина (26 жаш), Александра Мохова (20 жаш) болуп чыкты", — деп айтылган маалыматта.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эске салсак, 20-сентябрда эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап, 24ү жаракат алган. Ок чыгарган студент полиция кызматкери окуя болгон жерге барганда аны көздөй бир нече ирет аткылаган. Тартип сакчысы куралчанды жарадар кылып, мылтыгын колунан алгандан кийин биринчи жардам көрсөткөн. Жыйынтыгында ок чыгарган студент кармалган.

Кыргызстандын ТИМи түндө Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экендигин билдирди.

 

92
Белгилер:
Россия, Пермь, студент, ок атуу, өлүм
Тема боюнча
Пермдеги элди аткан студент полиция кызматкерине да ок чыгарган. Чоо-жайы
ТИМ: Пермдеги ЖОЖдо ок жегендердин арасында кыргызстандыктар жок
Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев. Архив

Министрлик Купешевге кылмыш иши козголду деген маалыматты төгүндөдү

0
(жаңыланган 11:32 21.09.2021)
Буга чейин ЖМКлардын бирине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Купешевге карата кылмыш ишин козгоду деген маалымат чыккан.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголду деген маалымат жалган. Бул төгүндөөнү аталган министрлик таратты.

Буга чейин ЖМКлардын бирине Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитет Купешевге карата кылмыш ишин козгоду деген кабар чыккан.

"Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголду" деген маалымат чындыкка дал келбейт", — деп айтылган таратылган билдирүүдө.

Министрлик ЖМКлардан жалган маалыматты атайылап элге жар салуудан карманууну өтүндү.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Билим берүү жана илим министрлиги, Болотбек Купешев, кылмыш иши, төгүндөө
Тема боюнча
16 батир, 18 жер. УКМК Абдраимов жана жакындарына тиешелүү мүлктөрдү санады. Сүрөт