ЖМК: Си Цзиньпин Байдендин жолугушуу тууралуу сунушун кабыл албай койду

© AP Photo / Carolyn KasterВизит президента Китая Си Цзиньпина в США
Визит президента Китая Си Цзиньпина в США - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Кытайдын саммит өткөрүү сунушун кабыл албай, анын ордуна Вашингтон Пекин менен мамилесин оңдоо үчүн сылык болушу керектигин айткан.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Америка президенти Жо Байдендин саммит өткөрүү сунушунан баш тарткан. Бул тууралуу РИА Новости Financial Times гезитине таянып жазды.

Басылма телефондон болгон сүйлөшүү тууралуу баштан-аяк билген адамга шилтеме берген. Анын айтымында, мамлекет башчылары 90 мүнөт баарлашып, Байдендин саммит өткөрөлү деген сунушун Кытайдын лидери кабыл алган эмес. Мындай кадам "Американын бир катар аткаминерлерин Пекин Вашингтон менен катаал оюнун улантууда деген тыянакка алып келгени" айтылат.

"АКШ президенти Си Цзиньпинге Америка менен Кытайдын мамилесиндеги туңгуюктан чыгуу үчүн саммит өткөрүүнү сунуштады. Бирок Кытайдын башчысы макул болбой, анын ордуна Вашингтон Пекин менен мамилесин оңдоо үчүн сылык болушу керектигин айткан", — деп жазды гезит.

АКШнын президент Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
АКШда 20 штат Жо Байдендин трансгендердик саясатына каршы сотко кайрылды
Маалымат берген адамдын айтымында, Байдендин администрациясы мамлекет башчыларынын соңку сүйлөшүүсүн "Си Цзиньпиндин Америка менен Кытайдын дипломатиялык байланыштары олуттуу натыйжа алып келбегенден кийин анын кайрадан карым-катнаштарга даяр экенин текшерүү мүмкүнчүлүгү" катары баалаган.

"КЭР төрагасы 2021-жылдагы жогорку даражалуу кытай дипломаттарына караганда анча катуу сүйлөбөсө да, жалпы кайрылуусунда Байденге АКШ риторикасын жумшартышы керектигин айткысы келген", — деп айтылат макалада.

Бирок Байден журналисттерге берген маегинде Кытай лидерине айткан сунушу жана анын четке кагышы тууралуу маалыматты төгүндөп, "чындыкка туура келбейт" деген.

Жаңылыктар түрмөгү
0