Тарыхта алгачкы ирет видео оюндардан көз каранды болгон бала ооруканага жатты

© Фото / PixabayКомьютерде ойноп жаткан бала. Архив
Комьютерде ойноп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Дарыгерлер менен психологдор биргеликте баланы компьютердик оюндардан оолактатып, дарылоо иштерин баштады.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Испанияда видео оюндардан көз каранды болуп калган өспүрүм мажбурлоо жолу менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу жергиликтүү El Pais гезитине шилтеме берип "Известия" жазды.

Маалыматка караганда, бул бейтап ооруканага түшкөн алгачкы учур. Бала эки ай бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болмокчу.

Ата-энеси баласынын жүрүм-туруму өзгөрө баштаганын окуу жылынын башында байкаган. Ал сабактан качып, уйкудан кала баштаган.

Телефон колдонуп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2020
Жагымдуу эмоциялар баланы гаджет көз карандылыгынан сактайт. Психологдун кеңеши
Кастельон провинциясынын ооруканасынын дарыгерлери менен Хайме университетинин психологдору биргеликте баланы компьютердик оюндардан оолактатып, дарылоо иштерин баштады.

Медиктердин айтымында, өспүрүмдүн виртуалдык оюндарга берилип кетишине жакын адамынын өлүмү себеп болушу ыктымал. Мындай жол менен ал кыйналган жан дүйнөсүн жооткотуп жатышы мүмкүн экени кошумчаланды.

Баса, Кытайда балдарга онлайн оюндарды ойноого августтун аягынан тарта чектөөлөр киргизилген. Эми өспүрүм мындай оюндарды жума, дем алыш же майрам күндөрү саат 20:00дөн 21:00гө чейин гана ойной алат. Негизги максат — баланы көздүн көрүүсүнүн начарлашынан, интернет оюндарга көз карандуулуктан сактоо.

Жаңылыктар түрмөгү
0