Талибдер: Афганистан өкмөтүн куроого бир нече ай кетиши мүмкүн

© REUTERS / STRINGERТалибан кыймылынын согушкерлери. Архив
Талибан кыймылынын согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Жазылуу
Буга чейин "Талибан"* айрым министрлердин дайындалганын жар салган. Кийин инаугурация өткөрүү боюнча сөз болуп, кайра токтотулган.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Афганистанда өкмөттүн толук куралышына күндөр эмес айлар талап кылынышы мүмкүн. Бул тууралуу "Талибан"* кыймылынын өкүлү Сухейль Шахиндин япониялык NHK телеканалына берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.

"Өкмөттүн толук курамын түзүүгө бир нече ай кетиши мүмкүн. Ал өзгөрүп кетиши да толук ыктымал. Алгач инаугурация өткөрүү боюнча сөз болуп, кийин бардык министрлер дайындалып бүткүчө коё туралы деп токтотуп койдук", — деди Шахин.

Посольство Афганистана в Душанбе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
6 млн. доллар, уютулган алтындар. Талибдердин Салехтин үйүнөн тарткан видеосу
Бир ай мурда "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул коё баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти. Талибдер Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктады деп жар салды.

Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Бирок аталган аймактын лидери Шах Масуд провинциянын баары багынып бербегендигин, согуш уланарын айткан.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0