Кабул аэропорту 36 күндөн кийин коммерциялык каттамдар үчүн ачылды

© AFP / KARIM SAHIBКабул аэропортунда жеке авиакомпаниянын жүргүнчүлөрү
Кабул аэропортунда жеке авиакомпаниянын жүргүнчүлөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
15-августта талибдер Кабулду басып алгандан кийин аба майданда туруктуу авиакаттамдар токтотулган болчу.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кабулдун аэропорту ички жана эл аралык коммерциялык авиакаттамдар үчүн расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу РИА Новости Афганистандын Жарандык авиация башкармалыгындагы булактарына таянуу менен жазды.

Аба майдан эртең мененки саат 6:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Август айынын башында "Талибан"* кыймылы АКШ аскер күчтөрүн өлкөдөн чыгарып кетип жаткан маалда өкмөттүк күчтөргө каршы чабуул койгон. Ал эми 15-августта борбор калаа Кабулду басып алышкан. Аэропортту 31-августка чейин АКШ жана башка мамлекеттер өз жарандарын, кээ бир афгандыктарды чыгарып кетүү үчүн колдонгон.

Буга чейин "Талибан" Россия жана Түркия менен авиакаттамдарын жандандырууга ниеттенип жатканы айтылган.

*"Талибан" кыймылы — Кыргызстанда жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0