Вакцина алган энелердин карынында жаткан балдардан антитело табылды

© AFP / ANTHONY WALLACEБет кап тагынган кош бойлуу аял. Архив
Бет кап тагынган кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Жазылуу
Окумуштуулардын изилдөөсү кош бойлуулуктун экинчи жарымында киндик канда антителонун деңгээли жогору болорун көрсөткөн.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Нью-Йорк университетинин окумуштуулары коронавируска каршы вакцина алган кош бойлуулар карынында жаткан баласына антитело бере аларын аныкташты. Бул тууралуу Daily Mail сайты жазды.

Изилдөөчүлөр энелери Pfizer жана Moderna вакциналарын алган 36 наристеден кандын үлгүсүн алган. Натыйжада бардыгынан коронавируска каршы антитело табылган. Изилдөө кош бойлуулуктун экинчи жарымында киндик канда антителонун деңгээли жогору болорун көрсөткөн.

Бишкектеги бет капчан киши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Министр: өзүнө ишенип вакцина албаган жаштар карыларга оору жугузуп жүрөт
Эксперттер изилдөөнүн жыйынтыгы таң калычтуу эмес экенин, анткени мындай учурлар башка препараттарды сайганда дагы кездешкенин айтышкан. Адистер вакцина бир эле учурда эки өмүрдү, эне менен баланы олуттуу оорулардан сактай турганын белгилеп жатышат.

Буга чейин ДССУнун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге кош бойлуулар коронавирусту оор көтөрө турганын жана бул түйүлдүккө да терс таасир этерин билдирген. Эл аралык уюмдун маалыматы боюнча, 35 жаштан өткөндөр тобокел тобунда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0