Карабах окуясына бир жыл: Азербайжан Армения менен элдешүүгө даяр

© REUTERS / Defence Ministry of Armenia / HandoutТоолу Кабахта замбектен ок атып жаткан жоокер. Архив
Тоолу Кабахта замбектен ок атып жаткан жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Тоолуу Карабахтагы кырдаал былтыр 27-сентябрда курчуган. Согуштук чырдын башталышына Армения менен Азербайжан бири-бирин айыптап келет.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Азербайжан Армения менен мамилесин жакшыртууга даяр. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Биз Армения менен элдешүүгө даярбыз. Бирок алардын эл аралык укук талаасынан чыкпашын, Азербайжандын суверенитетине жана аймактык бүтүндүгүнө шек келтирбөөсүн талап кылабыз. Арменияны региондогу коопсуздукту сактоо үчүн эл аралык милдеттерди так аткарууга чакырабыз", — деп айтылат Азербайжан ТИМинин билдирүүсүндө.

Эске салсак, Тоолуу Карабахтагы кырдаал былтыр дал ушул күнү, тагыраагы, 27-сентябрда курчуган. Армения менен Азербайжан аскерлери дароо эле куралдык тирешүүгө өткөн. Согуштук чырдын башталышына Армения менен Азербайжан бири-бирин айыптап келишет.

2020-жылдын ноябрь айында Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрда күчүнө кирген.

Карабахтагы Агдам шаары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Карабахтагы Россия-Түркия мониторинг борборунун келечеги кандай? Сереп
Ага ылайык, Агдам району менен Газах районундагы аймак 2020-жылдын 20-ноябрына чейин Азербайжанга кайтарылган. Ошондой эле Арменияга 15-ноябрга чейин Кельбаджар районун, 1-декабрга чейин Лачын районун Азербайжанга өткөрүп берүү милдети жүктөлгөн.

Көп өтпөй Тоолуу Карабахтын жана Лачин коридорунун чек арасына Россиянын эки миңге чукул тынчтык орнотуучулары жайгашкан. Алар ал жакта беш жыл бою кызмат өтөп, зарыл болгон учурда бул мөөнөт узартылары айтылган болчу.

Негизи Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдуу облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылдары куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0