Англиядагы Drax көмүр электр станциясы. Архив

Кыш камылгасы Европаны кыйсыпыр түшүрүүдө. Көмүрдүн баасы асман чапчыды

536
Европалык рынокто кара алтындын баасы кезектеги рекордун койду. Бул тууралуу батыш басма сөзү кайгыруу менен кабарлоодо.

Роттердам, Амстердам жана Антверпен биржаларында өндүрүштүк компаниялар кыңк этпестен эле отундун метрикалык тоннасына 137 доллардан төлөп жатышат. Болбосо кечээ эле прогрессивдүү жана декарбонизацияга кам урган бул дүйнө отундун аталган түрүн тарых бүктөмүндө калтырууга белсенип турган. Жагдайга сереп салган Сергей Савчуктун макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Көмүрдүн рыноктук "ренессансына" жаратылыш газынын ашкере кымбаттап жатканы себеп. Мындай жагдай операторлорду чанып келген көмүрдү кайрадан сатып алууга аргасыз кылды. Кыязы, кырдаал ушунчалык кыйын өңдөнөт, көмүр өндүрүшүн токтотуу программасын жокко чыгаруу зарылдыгы боюнча ачык айтыла баштады. Маселен, Британиядагы көмүр менен иштетилген электр станциялардын акыркысына ээлик кылган Drax компаниясы королдуктун энергетикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болсо жылуулук электр станциясын иштен чыгарууну жылдырып турууга даяр экенин жар салды. Мындай билдирүүгө реалдуу негиз бар, көрсө Лондон жай мезгилинин ортосунан бери эле көмүрчүлөрдүн электр кубатын өндүрүүгө байланышкан кошумча чыгымдарын купуя каржылап келген экен.

Абал улам начарлап барат. Европалык талдоочулар муну жер алдындагы толбой калган газ сактагычтарга, Австралия, Түштүк Африка жана Колумбиядан, ошондой эле Россиядан (арзыбаган өлчөмдө) алынган көмүрдүн көлөмүн кескин жогорулатууга мүмкүн болбогонуна байланыштырышат.

Европа биримдиги 1990-жылдан тарта таш көмүрдү керектөөнү 400 миллион тоннадан 150гө, ал эми күрөң көмүрдү 700дөн 250 миллион тоннага чейин кыскарткан. Кайсы өлкөлөрдө көмүрдү керектөө канчалык тез жана көп кыскарып келген болсо, бүгүнкү күндө дал ошол мамлекеттерде электр кубатынын баасы өстү. Буга көрүнүктүү мисал — Германия. Күрөң көмүрдүн эң көп кору бар Рур бассейни жайгашкан бул өлкө кара алтынды керектөөнү соңку төрт жылда үчтөн бирге, тагыраак, 170 миллион тоннадан 120га азайткан. "Түндүк агым – 2" долбоорун сертификациялоо мөөнөтү тактала элек чакта да газдын баасы 800 доллардык чектин астанасында турат, ал эми улуттук операторлор бир мегаватт электр кубаты келерки жылы 100 евродон кем болбой турганынан коңгуроо кагып жатышат.

Кара алтынды кайрадан "катарга" кошкон энерготашуучулар рыногундагы азыркы башаламандык бир караганда эле болжонбогондой туюлат. Бирок көмүрдү "каралоо" жана анын рыноктогу үстөмдүгүнөн ажыратуу аракети кечээ эле, ал тургай 20 жыл мурун да башталган иш эмес. Мурунку кылымдын 60-70-жылдары батыш ааламында "Жети эже-сиңди" деген атка конгон мунай картели түзүлгөн. Кезегинде ага болочокто мунай түтүктөрү менен бүт дүйнөгө жайылган, ал түгүл кээ бир учурда өз эркин айрым өлкөлөргө таңуулаган заманбап үлкөн ишканалар кирген. Атап айтсак, ошондогу жетөө азыр айтылуу British Petroleum, Chevron, Royal Dutch Shell жана ExxonMobil компанияларына сиңип кеткен. Убагында дал ошол жети алп өндүрүштүк революцияга өзөк болгон, эки согуштан аман чыгарган, азыркы дүйнөлүк жыргалчылыкка негиз салган отунду алгачкылардан болуп жапырт жамандоону баштаган. Ошол тушта экинчи ролдогу мунайды энергетиканын негиздерин өзгөртүүгө, ыкчам өрүш алган цивилизациянын бардык керектөөлөрүн канааттандырууга кудуреттүү жаңы энергетикалык машаяк дегендей эле жарыялашкан. Тымызын көз боёмочулуктардын натыйжасында белдүү көмүр компаниялары рынокто үстөмдүк кылуудан четтеген.

Кай бирлери күтүүсүз жерден өз активдерин мунайчыларга сатып, кийин банкрот болушкан. Айрым ишканалардын кожоюндары өз жанын кыюуга чейин барган. Ошентип, 1980-жылдары мунай дүйнөлүк экономиканын жаңы күрөө тамырына айланган.

Эгер артка азыраак гана кылчайсак, мунай менен газды гана керектөөгө умтулган дүйнө кайра калыптандыруучу табигый байлыктардын келиши менен кымындай эле климаттык катаалдыкта "калчылдай" баштаганын көрөбүз. Бир катар аймактарда, айталы АКШнын түштүгүндө быйыл кышта жана жайда жарык кезек-кезеги менен өчүп турду. Бул жыл жаңы тренддерди кубалагандардын баарына физиканын мыйзамдары кебелбес экенин, анан биздин ата-бабалар да кыраакы келишкенин эске салды.

Күн панелдери, шамалдан кубат алчу жабдыктар иштеп жатат, бирок бул үчүн аба шарттары ылайык келиши абзел. Мунай менен газ биржаларды улам дүрбөлөңгө түшүрөт, кымбат баалуу түтүктөрдү, сактоочу жайларды жана олчойгон химиялык комбинаттарды талап кылат. Ушундай кыйынчылыктардан баары кезектеги глобалдык көйгөйгө кептегенде көнгөн эле, штабелдерде жана шахта короолорундагы, айыл-кыштактардагы, электр станциялардагы жана болотту эритүүчү мештерде да бирдей күйгөн көмүрдү сахнага чыгара салышат. Адатта Россияны дүйнөлүк тренддерден адатта артта жүрөт деп жемелешет, бирок бул учурда кубанууга болот.

Экологдор жана альтернативдик энергетиканы жактоочулар жакында эле Кытай чет өлкөлөрдө жаңы көмүр электр станцияларын курууну каржылоосун бүтүрөт деп кудуңдап жүрүшкөнү маалым. Анткен менен Пекин өлкө ичинде көмүр казууну токтоткусу жок. Ал тургай кырк жаңы көмүр ЖЭБин куруу Кытайдын жакынкы беш жылдык пландарында бар. Эске салсак, Кытай жылына 4,98 миллиард тонна көмүр керектейт, ал эми профилдик объектилердин жалпы кубаттуулугу ойго да келгис көлөмдө, тагыраагы, 1 080 гигаватты түзөт. Элестүү салыштырсак, россиялык атомдук электр, гидроэлектр жана башка бардык станциялардын өндүрүшүн кошо алганда да көп. Көмүр казуу Кытай Эл Республикасында жай төмөндөп, Австралия менен алакасы тарыхый кырдаалда турат. Булар Россия үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Муну РФ бийлиги да түшүнүп турат. Туура бир ай мурун Улак жана Февральск калктуу конуштардын ортосундагы Байкал-Амур магистралынын машакаттуу чыгыш бутагынын ишин жөнгө салуу аракеттери башталган. Бул ишти аткарууга негизгилерден болуп Россиянын Коргоо министрлиги жана темир жол күчтөрү гана билек түрө киришкен.

Алгач 340 чакырымга созулган тилкени заманга бапташтырууну 2024-жылы бүтүрүү пландалган, бирок көп өтпөй Россиянын коргоо министринин орун басары генерал Дмитрий Булгаков армия андан бир жыл эрте бүтүрө аларын айткан.

3-сентябрда РФтеги Чыгыш экономикалык форумунда Владимир Путин Байкал-Амур магистралынын боюндагы калктуу конуштардын тизмеги түзүлгөнүн, алар кудум борбор калаадагыдай оңдолорун кеңири коомчулукка жар салды. Башкача айтканда, Россия чыгышка багыт алганын, дал Азия-Тынч океан чөлкөмүнүн рынокторун тармакты өнүктүрүү программасынын алкагында Кузбасстан көмүр бара турган аянтчага айланарын ишенимдүү айтууга болот.

Европа да физика, экономика мыйзамдарын эстеп, өз өндүрүшүн тең салмактай алат. Айтмакчы, РФте Усть-Лугада көмүр терминалынын курулушу кызуу жүрүп, ал эми Кемерово калаасында шахтёрлор өндүрүштү кубануу менен жогорулатышат.

Мурдагы жүз жылдыктагыдай эле кайрадан сахнада жаңы энергетикалык революциянын кабары келбесе эле...

536
Белгилер:
Европа, көмүр, баа, кымбаттоо, Владимир Путин, Россия, экономика, акча
Тема боюнча
Скрипалдардын иши: Британия күнөөнү жок генералга оодарууда
РФ президенти Владимир Путин Валдай клубунун пленардык жыйынында

Өзгөрүүлөр доорундабыз. Путиндин "Валдай" клубунун жыйынындагы кеби

34
(жаңыланган 23:32 23.10.2021)
РФ президенти Владимир Путин "Валдай" клубунун пленардык жыйынында кенен сөз сүйлөдү. Россия президенти өлкөсү бүт дүйнө сымал эле улам тереңдеп, улам олуттуу тартып бараткан өзгөрүүлөрдү баштан кечирип жатканын белгиледи.

"Акыркы жылдары көпчүлүктүн көөнүндө "Кудай өзгөрүүлөр доорунда жашатпасын" деген кытай макалы бар. Бирок кааласак да, каалабасак да биз аны баштан кечирип жатабыз", — деди Путин.

Путиндин баамында, дүйнө азырынча жаңы тең салмактуулукка жетише элек. Бардык багыттагы бирдиктүү өзгөрүүлөргө эбак көнүүгө тийиш элек, бирок анте алган жокпуз. Россиялык президенттин "Валдай" эл аралык талкуу клубундагы сөзүнүн урунттуу учурларынан РИА Новости агенттиги тандап алып, өзүнчө берген.

РФ президенти пандемия дүйнөлүк коомчулук кандай морт экенин дагы бир ирет эскертип, жашап кетүү үчүн турмушубуздун түзүлүшүн кайра карап чыгуу абзелдигин айтат. Ошону менен бирге эле Путин капитализмдин азыркы үлгүсүнүн убагы өткөнүн, чиеленишип бараткан карама-каршылыктардан анын жардамы менен чыгууга болбостугун белгилейт. Анын пикиринде, дүйнөдө азык-түлүк каатчылыгы күчөгөндөн күчөй берет. Бул көйгөйлөрдүн баары жүрүп отуруп коомго терең жик салат.

РФ президентинин айтымында, бардык мамлекеттер орток көйгөйлөрдү биргеликте чечүүгө даяр экенин билдиргени менен иш жүзүндө дайым андай боло бербейт. Пандемия терс тенденцияларды тездетип гана койду. Анткен менен маселе татаал, саясатчылар эң оболу өз мекендештеринин алдында жооптуу, ошол себептүү эл аралык жана транс-улуттук темалар экинчи планга жылат, жалпысынан кадыресе жана туура кадам.

Президент белгилегендей, дүйнөнүн бүгүнкү абалы — кансыз согуштун натыйжасы, андан сабак алып, бүтүм чыгарып, куралдуу чоң тирешсиз жаңы дүйнө түзүмүн орнотуу зарыл.

БУУ реформасы

Россия лидери аталган жыйында Бириккен Улуттар Уюмуна кеңири токтолду. РФ президенти БУУну айныгыс баалуулук деп атап, дүйнө аны сактап калууга тийиш экенин белгиледи. Ыргагы ыкчам өзгөрүүлөргө көнүүгө дайым үлгүрө бербесе да шашпоо, аны реформалоодо катачылыкка жол бербөө керек. Башка мамлекеттердин анын Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү маселе Россия тарабынан эмес, консенсус менен чечилиши шарт. Ал эми кеп, анын пикиринде, тең салмактуулукту таба билгенде.

"Эгер туруктуу мүчөлөрдүн вето укугун бузуп койсок, анда Бириккен Улуттар Уюму дал ошол күнү кыйрайт, ал жөн гана Улуттар лигасына айланып калат, бүттү", — дейт президент. 

Президент РФ Владимир Путин на пленарной сессии XVIII ежегодного заседания Международного дискуссионного клуба Валдай. 21 октября 2021 года
© Sputnik / Максим Блинов
РФ президенти Владимир Путин "Валдай" клубунун пленардык жыйынында

COVID-19га каршы күрөш

Россиялык президент COVID-19 пандемиясы боюнча токтолуп, анын курмандыктарынын саны Биринчи дүйнөлүк согуштагы жоготууларга тете, ал тургай андан да ашык экенин эске салды. Ошону менен бирге эле илдетке каршы күрөштө эл аралык жардамга зарылып турган өлкөлөргө каршы санкциялар дале сакталуу бойдон турат.

"Анда батыштык саясий ойдун гумандуу башаты кайда? Иш жүзүндө эч нерсе жок. Курулай гана сөздөр", — деди Путин.

РФ мамлекет башчысы ар бир мамлекетти орунсуз дымактарын жыйыштырып, бул көйгөйдү жеңүүдө чогуу иштөөгө чакырды.

Коронавируска каршы милдеттүү эмдөөнү Путин колдобой турганын, анткени таңууланган чечимден буйтап кетүүгө болорун, ал эми бийлик дартка чалдыккандан көрө эмделген дурус экенин элге далилдеп берүүгө тийиштигин айтты.

Акыл чегиндеги консерватизм

Баалуулуктар да россиялык лидердин сөзүндө негизги темалардан болду. РФ президенти аларды ар бир улуттун маданий-тарыхый өнүгүшүнүн уникалдуу өндүрүмү экенин айтты. Өз ара чырмалышы ой таанымды кеңейтип, өз салт-санааңды башкача карап чыгууга мүмкүндүк берет. Бирок бул процесс убакытты талап кылып, ажырагыс болушу шарт.

"Белгисиз жана болжоп болгус шарттарда баалуулукту таңуулоо аракеттери ансыз да курчуп турган кырдаалды дагы ырбатып, адатта терс реакцияны жаратып, күтүлбөгөн жыйынтыктарга дуушар кылат", — деди РФ президенти.

Путин жыйында Мартин Лютер Кингдин: "...Төрт балам терисинин түсүнө эмес, алардын адамдык сапаттарына карап бааланчу күндүн келерин кыялданам" деген сөзүн келтирди.

"Мына, нагыз баалуулук. Бирок ушул чакта баары башкача болуп жатканына күбөбүз", — деди Путин. Дүйнөлүк түзүм кайра калыптанып жаткан маалда (соңу эмне болору белгисиз) салкын кандуу консерватизм – төмөнгө чөктүрбөй, башаламандыкка батырбай кармаган акылга сыярлык жүрүм-турум чийини.

Путиндин баамында, Батышта аял менен эркектердин укугу тууралуу талкуулар таптакыр эле ашыкча өзгөчө темага айланып, "эркек", "аял" деген түшүнүктөрдүн өздөрүн жок кылууга белсенүүгө чейин жеткендей. Россия лидери эркек бала оңой эле кызга айланып, же, тескерисинче, кыз жеңил эле жигит боло аларына балдарды ынандырып, иш жүзүндө аларга тагдырын талкалап коё турган тандоого түртүшкөнү үрөй учура турган жагдай экенин белгилейт.

Кошумча кептер

Владимир Путин "Валдай" клубунун жыйынында совет учурунан да сөз козгоду. Теңдөө принцибине карабастан өлкөдө өзгөчө жеңилдиктер болгонун, жеке өзү да башка бир топ замандаштарындай эле ошол доордун көйгөйлөрүнө да тушугуп, жагымдуу жактарын да татканын, маселен жакшы билимге ээ болгонун белгиледи.

"Советтик киши" деген сөз айкашы идеологиялык түс алганын, бирок аны каралоо, мазактоо оройлук жана адепсиздикке жатарын айтты.

Путин Афганистандагы окуяларга да токтолбой койгон жок. Айтымында, ал жактагы кырдаал олуттуу мааниге ээ, анткени баары өз чек араларында туруктуу мамлекетти карайт, мындан тышкары, өлкөдө террордук топтор бар. Ал белгилегендей, Афганистанга экономикасын калыптандырып, активдерин ачууга көмөктөшүү керек. Ошол эле убакта Кошмо Штаттардын лидери Жозеф Байдендин америкалык күчтөрдү өлкөдөн чыгарып кетүү чечимин туура деп баалап, бирок аны башкача ашыруу керек эле деп кейиди.

Кеп кезеги Украина маселесине жеткенде Путин бул өлкөнүн калкына алардын мүдөөсүн аткарчу бийлик органдарын мыйзамдуу жол менен түзүүгө мүмкүнчүлүк беришпей тургандай туюларын айтты. Ошол эле убакта аталган республиканын аймагын Россия үчүн кооптуулук жаратчу аскердик өздөштүрүү аракеттери жүрүп жатканын белгиледи.

Клубдун жыйынында россиялык президент "Түндүк агым — 2ни" да унутта калтырбады. Заманбап технологиялардан улам көмүр кычкыл газынын чыгарылышы Украина аркылуу транзит менен жеткирүүгө салыштырмалуу 5,6 эсе азыраак экенин, ал эми экологдордун жаңы магистралга койгон дооматтары суу кечпей турганын айтты.

Ошону менен бирге эле ал мындай долбоорлор дүйнөгө катаал каатчылыктардын алдын алууга жардам бере аларын, Россияны энергетика тармагында чектөө аракеттери жакшылыкка алып келбей турганын кошумчалады. Айтымында, эгер эртең германиялык жөнгө салуучу бул түтүк аркылуу газ берүүгө уруксат берсе, Москва көгүлтүр оттун көлөмүн 17,5 миллиард куб метрге арттыра алмак.

Мамлекет башчысы катары негизги жетишкендиктери боюнча суроолорго берген жообунда Путин экономиканын жана өнөр жайдын дээрлик талкаланып калган айрым, анын ичинде коргоо тармагынын калыптанышын атады. Ошондой эле жетишкендиктерге россиялык президент террорчулукка каршы күрөштү да кошту.

"Болочокто коом менен мамлекеттин бардык ресурстары адамдын кызыкчылыгынын тегерегине топтолушун каалайм", – деди мамлекет башчысы. Владимир Путин кезегинде россиялык үй-бүлөлөр кандай кыйынчылык жана азаптарды башынан кечиргенин көргөнүн, бирок өлкө орус улутунун өзөгүндөгү өнүгүүгө болгон күчтүү өбөлгө менен аларга туруштук бере алганын баса белгиледи.

"Валдай" эл аралык талкуу клубунун жыйыны быйыл Сочиде 18–21-октябрда "Глобалдык силкинүү — XXI: адам, баалуулук, мамлекет" деген аталышта өттү.

34
Белгилер:
Россия, Владимир Путин, талкуу, дүйнө, лидер
Тема боюнча
Адистер Путиндин "Валдай" жыйынында айткандары боюнча өз көз караштарын билдирди
Газпром. Архивдик сүрөт

Молдова карызын төлөбөсө, "Газпром" көгүлтүр от бербестигин айтты

103
(жаңыланган 22:50 23.10.2021)
"Газпром" өкүлү бул жерде эч кандай саясат жоктугун, каатчылыкты Молдова бийлиги өз колу менен жасап жатканын айткан.

БИШКЕК 23-окт. – Sputnik. Молдовадагы көгүлтүр от боюнча кыйын кырдаал республика жетекчилигинин күнөөсүнөн улам жаралды, алардын карызы 433 миллион долларга чыкты. Бул тууралуу "Газпромдун" расмий өкүлү Сергей Куприянов билдирди.

"Учурда Россия газын Молдовага берүү боюнча бир топ кыйын абал түзүлүп калды. Күнөө толугу менен Молдова бийлигинде. Кеп Молдова тараптын көгүлтүр от үчүн төлөбөй келе жатып, андан жаралган кризиси туурасында болууда", — деди ал.

Куприянов республиканын буга чейин жаккан газы боюнча карызы топтолуп калгандыгын айтты.

"Азыр карыздын өзү 433 миллион доллар, ал эми мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөрү менен биргеликте алганда жалпы сумма 709 миллион долларга чыгып кетти. Бирок Молдова тарап топтолуп калган карызын мойнуна алгысы келбей жатат. Аталган өлкөнүн өкүлдөрүнө бул жерде баанын кантип коюлганы түшүнүктүү жана ачык болуп турса да көгүлтүр оттун наркы эмнегедир жакпай жатат", — деп кошумчалаган ал.

Куприянов "Газпром" карызды толук төлөсө Молдова менен келишимди узартууга даяр экендигин билдирген.

"Карызы топтолуп калгандыгына карабай Молдова тарап көгүлтүр отту берүүнү быйылкы жылдын октябрь, ноябрына чейин узартууну суранып жатышат. Бул жерде да "Газпром" түшүнүүчүлүк кылып жатат. Эгерде Молдова тарап сентябрь жана октябрдын акчасын төлөп берсе, октябрга чейин уланткан келишимди ноябрда да созууга даяр", — деди ал.

Бирок муну менен Куприянов "эгерде карыз толугу менен төлөнбөсө, жаңы келишим 1-декабрдан тарта түзүлбөйт. Анда "Газпром" көгүлтүр от менен камсыздоосун токтоторун" белгиледи.

"Бул жерде эч кандай саясат жок. "Газпром" – акционердик коом, ал чыгымга иштей албайт жана РФтин бюджетине төлөнүүчү салыктардын жок болушуна жол бербейт. Чыдоонун да чеги болот. Молдова каатчылыкты өз колу менен жасап жатат", — деген ал.

Куприянов "Газпром" Молдова бийлигинин мойнунда Россиянын көгүлтүр оту үчүн карыз илинип турган "Молдова-газ" ишканасын толугу менен жоюп салуу туурасындагы ниетин түшүнбөгөндүгүн айтты.

Ал "алган товардын акчасын өз учурунда төлөп бериши керектигин" кошумчалаган.

103
Белгилер:
келишим, карыз, Россия, Молдова, Газпром
Тема боюнча
Путин Украина аркылуу өткөн газдын транзит милдеттенмелерин сактоого сөз берди
Мэрия: жакынкы эки жылда Бишкектин мектептери газ менен жылытууга өткөрүлөт