Ким Чен Ын АКШ менен диалогго барбай турганын айтты

© REUTERS / KCNAТүндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Түндүк Корея 27-сентябрь күнү эртең менен кезектеги баллистикалык ракетасын сыноодон өткөргөн. Бул кадамды АКШ Кореянын коңшуларына, дегеле бүткүл дүйнөгө кооптуу деп эсептээрин айтып, диалогго чакырган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШнын диалогго келүү тууралуу сунушун четке какты. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Ренхап агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Эске салсак, эл аралык ЖМКлар Түндүк Корея 27-сентябрь күнү эртең менен кезектеги баллистикалык ракетасын сынаганын жазышкан. Ал Япон деңизин көздөй учурулган. Бул кадамды АКШ Кореянын коңшуларына, дегеле бүткүл дүйнөгө кооптуу деп эсептээрин айтып, диалогго чакырган.

"Ким Чен Ын АКШнын бул сунушун жөн гана душмандык мамилесин жаап-жашыруу аракети катары кабыл алды", — деп жазылат кабарда.

Мындан тышкары, Түндүк Корея лидери октябрь айынан тарта Сеул менен байланыш каналдары калыбына келе баштаарын айтты.

Буга чейин Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасында сүйлөп жатып, Корей жарым аралындагы абалды жакшыртуу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы согушту расмий түрдө токтотуу өтүнүчүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0