Лукашенко президенттик тактыдан кандай шартта кете турганын айтты

© Фото / Валерий Шарифулин / Медиабанкка өтүүВизит главы МИД РФ в Минск
Визит главы МИД РФ в Минск - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Жазылуу
Журналист Лукашенко президенттик тактыда 27 жылдан бери отурганын айтып, анын кызматтан качан кетерин сураган.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко CNN телеканалына маек берип жатып өмүрү өткөнчө президент болбой турганын айтып, бирок Батыш кысым көрсөтсө, өлкөнүн көз карандысыздыгын коргоо үчүн өмүр бою бул кызматта каларын белгилеген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Өмүрүмдүн аягына чейин президент болбойм деп сөз берем. Убада кылам. Баары Беларустагы кырдаалга байланыштуу болот. Эгер силер бизге кийлигишпесеңер, өзүбүздү көз карандысыз мамлекет катары тынч, ишенимдүү сезсек анда баары ойлогонуңардан да эрте болушу ыктымал. Бирок эгер былтыркы жылдагыдай өлкөдөгү окуяларга дагы бир жолу кийлигишсеңер, эскертип коёюн, анда баары жаман болот", — деген Лукашенко.
Журналист Лукашенко президенттик тактыда 27 жылдан бери отурганын айтып, анын кызматтан качан кетерин сураган.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2020
Кезектеги китеп. Бердымухамедов түркмөн элинин руханий дүйнөсү тууралуу баяндап...
"Силер айткандай, мен 27 жылдан бери элиме кызмат кылып келе жатам. Бирок азыр кызматтан кете турчу куракка келе элекмин. Эгер эл тандап жатса, ден соолугу болсо, президент канча кааласа ошончо жыл өлкөнү башкара алат. Азыр бизде кырдаал оңой эмес. Ошол себептен бул кызматка энергияга бай, эл тандаган таза адам келиши керек", — деген ал.
Лукашенко баары тынч болгон учурда гана тактыны бошото турганын белгилеген.
"Беларустун биринчи президенти катары түптөп кеткен нерсем талкаланып калбашы керек. Эгер силер дайыма кысым көрсөтүп, талкалап, өзүбүздүн сөз эркиндигибизди, көз карандысыздыгыбызды тартып алууга аракет кыла берсеңер, мен өмүр боюнча президент болуп калам. Беларусь эли менен түзүп, түптөп кеткен нерсемди коргойм. Керек болсо ал үчүн өмүрүмдү садага чабам", — деп жооп берген Лукашенко.
Беларуста президенттик шайлоо 2020-жылдын 9-августунда өткөн. Анда Александр Лукашенко элдин 80,1 пайыз добушун алып, алтынчы ирет мамлекет башчы болуп шайланган. Шайлоодон кийин өлкөдө оппозиция каршылык акцияларды уюштуруп, аларды таратуу үчүн тартип сакчылар атайын техникаларга чейин колдонушкан. Өлкөдө бир топ убакытка чейин туруксуздук өкүм сүргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0