Түндүк агым – 2 газ түтүгү. Архив

Европа үчүн күрөштө АКШ Россиядан жеңилди

246
Алдыңкы рыноктор глобалдуу энергетикалык каатчылыкка кептелди. Мындан улам дүйнөлүк маалымат каражаттары энергетикалык коопсуздукту камсыздоодо Европа биримдиги өзүнө гана таянууга тийиш экенин белгилөөдө.

Сергей Савчук

Мындай кырдаалды талдоо үчүн "Түндүк агым – 2" долбооруна каршы күрөштүн биринчи ирмемдеринен бери белгилүү болгон көрсөткүчтөргө кайрадан көз чаптырууну сунуштайт серепчи Сергей Савчук. Анын бул туурасындагы макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Европалык рынокторго америкалык суюлтулган табигый газды сатуучулар 2018-2019-жылдары активдүү түрдө баш бага башташкан. Кошмо Штаттарда суюлтулган газ өндүрүү дароо жүз миллиардга өсүп, 840 миллиард куб метрге жеткен. 2018-жылдын сентябрында өжөр Дональд Трамп жеке жолугушууда европалык комиссиянын ошол убактагы жетекчиси Жан-Клод Юнкерди экспортчуларга жеңилдетилген шарттарды түзүп берүүгө мажбурлагандай эле болгон. Июнь айында эле Европага берилип келген 250 миллиондук көлөм декабрга жетпей, дароо бир жарым миллиардга чыккан.

Дал ошол тушта россиялык да, чет өлкөлүк басма сөздө да бардык эксперттер жана талдоочулар россиялык экспорттун, дегеле "Түндүк агым – 2" долбоорунун келечеги жоктугун жоромолдошкон. Баары дал алар болжогондой болчудай туюлган.

Жыл айланбай, тагыраак, 2019-жылдын декабрында Кошмо Штаттарда өндүрүлгөн суюлтулган табигый газдын экспорту үч миллиард куб метрден өтүп, тарыхый максимумга жеткен. Европалык рыноктогу америкалык суюлтулган жаратылыш газы 16 пайызды түзүп, бир жыл ичинде эле эки эсе көтөрүлгөн.

Газ ташуучулар океандан ашып өтүп, Испаниядагы Картахенадан Финляндиядагы Торнио Мангага чейинки газ терминалдарын толтурушкан. Негизинен суюлтулган газды Британия, Испания, Польша жана Португалия алган.

Капыстан дүйнөнү коронавирус каптап, бул жааттагы иш токтоп калган. 2020-жылдын биринчи кварталында АКШдан суюлтулган газды ташуу көлөмү үч эсе төмөндөп, баягы рекорддук чегине кайра көтөрүлө алган жок. Ал эми америкалык басма сөзгө үңүлсөк, газ жаатындагы ийгилик кайра кайталанарына Вашингтондогулар да ишенбейт өңдөнөт.

COVID-19дун мизи кайта баштаганда дүйнөлүк экономика (айрыкча, өндүрүш жагынан өнүккөн өлкөлөр) өндүрүштүн ыргагын тездетүүгө билек түрө киришишти. Ошондо саясат жана көмөктөшүү боюнча убадалар өзүнчө кеп, ал эми эркин рынок таптакыр башка нерсе экени айкын болду.

2020-жылы америкалык заводдордо чыгарылган рекорддук 914 миллиард куб метр газ экспорттолбой, өлкөдөн чыкканы Азия-Тынч океандын аймагына жөнөтүлдү. Анткени жаратылыш газынын баасы жогору, ал эми жеке сатуучулар кепилденген жана жогорку кирешени алууну туура көрүшөт.

Эгер Европанын саясатчылары мектеп программасындагы география китебин барактап коюшса, аталган аймак беш миллиарддан ашуун калкы бар 58 өлкө экенин билишмек. Эң башкысы, дал ушул жерде дээрлик ар бир энергоресурсту "жутуп" кое алчу Кытай жайгашкан. International Energy Agency маалыматына таянсак, Пекин быйыл суюлтулган табигый газды сатып алууну көбөйттү, дал ушул себептен дүйнөдөгү газдын бул түрүн өндүргөн заводдор өндүрүштү 40 пайызга жогорулатканын да белгилей кетели. Бүтүндөй Европа биримдиги жылына 394 миллиард куб метр көгүлтүр от колдонсо, Кытай 330 миллиард сарптайт. Бул тооруктарда куб метр, гигакалория жана термалдык бирдиктер үчүн Индия, Сингапур жана Япониядан сатып алуучулар да кезекке турарын эстен чыгарбоо абзел. Европага миң куб метри 320 доллардан берилген маалда Азия-Тынч океан аймагында бул 700 долларга сатылган.

Бүгүнкү күндө америкалык басылмалар өлкөнүн жер алдындагы газ сактагычтары былтыркыга караганда толбой, ал эми баалар асман чапчып турганын, мындай жагдай электр кубатынын кымбатташына алып келерин байма-бай жазып жатышат.

Иш жүзүндө Вашингтон ички көйгөйүн да чечип, Азиядагы өз үлүшүн да колдон чыгарбай, ал эми европалык рынокту ээлөөгө "Газпромго" жол ачты. Түтүк аркылуу газ жеткирүүдөн башка жолдун жоктугу, алар Европа биримдигинин энергетикалык коопсуздугун жана индустриясын калыптандырууга кепилдик берери анык болуп калды.

Артка кылчая Кошмо Штаттар Европага таасир этүүнүн газ рычагдарын Россиядан тартып алууга тырышканын эстесек, кыязы, соңку төрт жыл бою бул мүмкүнчүлүктү РФке кайрадан салтанаттуу түрдө тапшыруу үчүн гана күч коротуп келгендей.

246
Белгилер:
Россия, Европа, АКШ, рынок, энергетика
Тема боюнча
F-35 эмне үчүн начар беш истребителдин катарына кирип калды?

Өзбекстанда алыстан башкарылчу ири калибрлүү пулемёт жасалды. Видео

51
Жаңы жасалган аскердик модулга заманбап электрондук-оптикалык жабдуулар коюлду. Келечекте бул техниканы сооттолгон автоунааларга жана башка аскердик машиналарга орнотуу пландалып жатат.

Өзбекстанда алыстан туруп башкарылчу ири калибрлүү пулемёт иштелип чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Коргонуу өнөр жайы боюнча комитети кабарлады.

Техникадан сыноо иретинде ок чыгарылып жаткан учурдун видеосу YouTube тармагына жүктөлгөн.

"Адистер конструкциялык жана техникалык документтерди даярдашты. Аскердик модуль заманбап электрондук-оптикалык жабдуулар менен камсыздалды", — деп айтылат кабарда.

Келечекте бул техниканы сооттолгон автоунааларга жана башка аскердик машиналарга орнотуу пландалып жатат.

 

51
Белгилер:
Өзбекстан, курал, Аскер, техника
Тема боюнча
"Кант" авиабазасына "аскердик интернет" коюлат. РФ министрлигинин чечими
Шайлоо участогунда добуш берип жаткан кыз. Архив

Тизмеге кирүү жол-жобосу. Россиядагы кыргызстандыктар шайлоого кантип катышат

37
(жаңыланган 14:59 28.10.2021)
Буга чейин биометрикалык маалыматтарын тапшырып койгон жарандар консулдук каттоодон элчиликке келбестен, аралыктан өтө алышат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги парламенттик шайлоодо добуш берүүгө катыша турган жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү өнөктүгү 12-ноябрда соңуна чыгарын эскертти.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, Россиядагы кыргызстандыктар шайлоого катышуу үчүн консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек.

Ал эми буга чейин эле биометрикалык маалыматтарын тапшырып койгон жарандар консулдук каттоодон элчиликке келбестен, аралыктан өтө алышат. Бул үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

Элчиликтин расмий сайтынан консулдук каттоого туруу үчүн атайын форманы көчүрүп алуу (кыргыз же орус тилинде);

  • Форманы так жана даана колго толтуруу;
  • Жүзү даана тартылган сүрөтүн чаптоо;
  • Сүрөтү чапталган форма менен улуттук паспортун сканерден өткөрүп элчиликтин msk.ku.kg@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.
  • Жогорудагы аракеттер жасалгандан кийин жаран 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Шайлоо участкалары Москвада, Санкт-Петербургда, Сургутта, Самарада, Краснодарда, Казанда, Екатеринбургда, Новосибирскиде, Красноярскиде, Тюменде, Томскиде, Иркутскиде, Хабаровскиде, Владивостокто жана Түштүк-Сахалинде ачылат.

37
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, элчилик, Жогорку Кеңеш, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
Шайлоо 2021: талапкерлер кайсы телеканалдардан дебатка чыгары белгилүү болду
Партиялык система менен 1046 киши депутат болууну мелжеп жатат. Статистика
Аткаминер. Архив

Кагаздиев Нурдин Маратбекович өмүр баян

0
Нурдин Кагаздиев 1985-жылдын 23-сентябрында туулган. Жогорку билимдүү. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен Жусуп Баласын атындагы Улуттук университетти аяктаган.

Эмгек жолу:

  • Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
  • Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин дары-дармек жана медициналык каражаттарды сертификациялоо бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
  • Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
  • Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн башкы адиси;
  • Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин фармацевтикалык инспекция бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Дары-дармек жана медициналык каражат департаментинин директорунун орун басары;
  • 2021-жылдын октябрь айында Дары-дармек жана медициналык каражат департаментинин жетекчиси болуп дайындалды.
0
Белгилер:
КР Саламаттык сактоо министрлиги, дары-дармек, Өмүр баяны, биография, таржымал
Тема боюнча
Баетов Аяз Батыркулович — өмүр баян
Козубеков Нурбек Азимканович — өмүр баян