Президентке каршы массалык каршылык акциялары Бразилияда

Бразилияда президентке каршы массалык каршылык акциялары өтүүдө. Видео

109
(жаңыланган 17:14 03.10.2021)
Бразилиядагы демонстрациялар ушул жылдын май айынан бери Болсонару өкмөтүнө каршы жалпы улуттук бешинчи акция болуп саналат.

Бишкек, 3-окт. — Sputnik. Бразилиянын жүздөгөн ири шаарында учурдагы президент Жаир Болсонаруга каршы нааразычылык акциялары өтүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Рио-де-Жанейродогу акцияга PT, PSOL, PCdoB, PSB, Rede жана PDT аттуу коомдук кыймылдар, союздар жана солчул партиялар катышууда.

Акция бир эле учурда өлкөнүн 160 шаарында өттү. Анын катышуучулары президентке импичмент жарыялоону талап кылышууда.

Алардын айтымында, оорудан көз жумгандардын саны 600 миңге жакындап калганы менен вакциналарды сатып алуу кечиктирилип жатканы байкалууда. Жарандар колдоруна плакаттарды кармап алышкан. Анда жумушсуздук, ачкачылык, табигый газдын, күйүүчү жана дизель майынын кымбаттыгы боюнча көйгөйлөр жазылган.

Нааразычылыкка чыккандар коомчулукта популярдуу болуп бара жаткан мурдагы президент Луис Инасиу Лула да Силваны бийликке алып келүүнү каалашууда. Бразилияда президенттик шайлоо 2022-жылы өтөт.

Лула өзү массалык жөө жүрүшкө катышкан эмес, бирок лейбористтерден (PDT) талапкер Чиро Гомеш азыркы бийликти кулатуу үчүн солчул күчтөрдү биримдикке чакырды.

Бразилиядагы демонстрациялар ушул жылдын май айынан бери Болсонару өкмөтүнө каршы жалпы улуттук бешинчи демонстрация болуп саналат.

109
Белгилер:
Бразилия, митинг, эл, нааразычылык акциясы
Тема боюнча
Лукашенко президенттик тактыдан кандай шартта кете турганын айтты
Президент менен кошо жан сакчылары да секирип... Бразилиядагы видео
UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт

Валентина Шевченко Холли Берринин тасмасында кимдин ролун ойногон. Сүрөт

12
UFC чемпиону Шевченко Голливуд жылдызы Холли Берри менен тасмада спорттогу каршылаштардан болушат. Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко Instagram баракчасында Bruised ("В синяках", "Көгала болгондо") тасмасын тартуу учурундагы сүрөттөр менен бөлүштү.

Тасманын премьерасы 23-октябрда Netflix сервисинде болмокчу. Анда Шевченко башкы ролдогу Жекинин, тагыраагы, Холли Берринин спорттогу атаандашы болот. Сценарий боюнча, Жекинин карьерасы кичинекей уулу менен мамилесин оңдогондон кийин жанданат.

Шевченко Lady Killer (Киши өлтүргүч аял) каймана аты бар мушкердин ролун аткарат. Жеки маанилүү беттеште аны менен кармашып, мурдагы атак-даңкын кайтаргысы келет.

"Bruised тасмасында Lady Killer ролунда", — деп жазган Валентина.

Кинонун трейлери интернетке 14-октябрда чыккан. Тасма өзү 2019-жылдын декабрында тартылып бүткөн.

12
Белгилер:
UFC, Валентина Шевченко, тасма, роль, мушкер, беттешүү
Тема боюнча
Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасынын трейлери чыкты. Видео
Татынакай! Шевченко Холли Берринин тасмасы боюнча маектеги сүрөтүн жарыялады

Бетин катканына карабай ургулап. UFC турниринин эң кызыктуу учурлары видеодо

9
UFC Russia YouTube каналы уюмдун Лас-Вегаста өткөн соңку турниринин эң мыкты учурларын чыгарды. Мушкерлердин кечеси кечээ (Бишкек убактысы боюнча таңда) өттү.

Кеченин башкы беттешинде америкалык спортчу кыздар Аспен Лэдд менен бразилиялык Норма Дюмонт кезикти. Жыйынтыгында Дюмонт калыстардын чечими менен утту.

Кеченин дагы бир башкы беттешинде беларустук Андрей Орловский дагы бразилиялык Карлос Фелипти калыстардын чечими менен жеңди.

Ошондой эле башкы карддын алкагында Жим Миллер Эрик Гонсалести нокаутка кетирсе, Манон Фиоро Майру Буэно Сильваны калыстардын чечими менен, ал эми Нейт Ландвер Людовит Клейнаны колду кайруу ыкмасынын жардамы менен утту.

9
Белгилер:
Лас-Вегас, UFC, беттешүү, кармаш, турнир, видео
Тема боюнча
Валентина Шевченко Кыргызстандын туусун коюп пост жарыялады