Кабулда медициналык кызматкерлер ооруканада

Кабулда мечит жардырылып 12 киши набыт болду

464
(жаңыланган 20:27 03.10.2021)
32 киши ар кандай жаракаттарды алган. Ички иштер министрлигинин өкүлү Кари Саид Хости буга шектүү катары үч адам кармалганын билдирди.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Афганистандын борбору Кабулдагы Идгах мечитинде болгон жардыруудан мерт болгондордун саны 12ге жетти. Бул тууралуу "Талибан"* кыймылындагы маалымат булактарга таянып РИА Новости жазды.

Дагы 32 киши ар кандай жаракаттарды алган. Бул сандар өзгөрүшү мүмкүн.

Буга чейин сегиз киши көз жумуп, 20 адам жаракат алган деп айтылган. Ички иштер министрлигинин өкүлү Кари Саид Хости буга шектүү катары үч адам кармалганын билдирди.

Жергиликтүү ЖМКлар Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн маданият жана маалымат министринин орун басары Забиулла Муджахиддин бир нече күн мурда каза болгон апасына жаназа окулуп жаткан тушта жардыруу болгонун жазышты.

* Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган уюм

464
Белгилер:
Афганистан, Кабул, мечит, жардыруу
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (265)
Тема боюнча
ЖМК: талибдер Тажикстан менен чектешкен аймакка жан кечтилердин батальонун жөнөтөт
ЖМК экс-президент Ашраф Ганинин Афганистандан кантип качканын жазды
АКШнын Афганистанда калган курал-жарактары 85 миллиард долларга бааланды
Медик ооруканада. Архив

Роспотребнадзор: "дельта" штаммынын жаңы варианты өтө кооптуу деп айтууга эрте

22
(жаңыланган 10:32 26.10.2021)
Буга чейин Улуу Британиянын Саламаттык сактоо агенттиги коронавирустун AY.4.2 варианты "дельтага" салыштырмалуу бир нече эсе жугуштуу экенин айтып чыккан.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Коронавирустун "дельта" штаммынын AY.4.2 деп аталган жаңы варианты өтө жугуштуу экени жана антителого туруштук бере алары жөнүндөгү маалыматтар тактала элек. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесиндеги илдеттерди аныктоо боюнча жаңы ыкмаларды издеген илимий топтун жетекчиси Камиль Хафизовго шилтеме берип РИА Новости жазды.

Буга чейин Улуу Британиянын Саламаттык сактоо агенттиги коронавирустун AY.4.2 варианты "дельтага" салыштырмалуу бир нече эсе жугуштуу экенин айтып чыккан.

"Британиялык окумуштуулар алгачкы иликтөөлөрдөн кийинки жыйынтыктарды айтып жатышат. Бул жерде оорулуунун курагы, эмдөөдөн өткөн-өтпөгөнү сыяктуу маанилүү жагдайлар эске алынган жок. Мындай учурда жыйынтыкты өтө кылдаттык менен чыгаруу керек", — деди Хафизов.

Буга чейин Улуу Британиядагы Сенгер жана Кембридж окуу жайларынын окумуштуулары "дельта" штаммынын 10-15 пайызга көбүрөөк жуккан AY.4.2 варианты чыкканын айтышкан. Россияда вирустун бул варианты азырынча үч кишиден табылды. Ошол эле учурда адис Россияда коронавируска каршы колдонулуп жаткан вакциналардын күчү AY.4.2 вариантына дагы жетерин билдирүүдө.

22
Белгилер:
Улуу Британия, Россия, коронавирус, 'дельта' штаммы, коркунучтар, вариант
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Көптөрдүн үшүн алган COVID-19дун дельта-штаммынын сүрөтү жарыяланды
COVID-19дун оор түрүнө кабылгандардын мээси жабыркайт. Иликтөө
Бразилиялык мушкер Вагнер Мартинс спортчу Кароль Филасиньски менен жаакка чабышуу турниринде

Бразилиялык 180 килограммдык мушкер жаакка жеп нокаутка түштү. Видео

93
Зулузинью оор салмактагылар арасында ММА беттештерине чыгып таанылган. Ал 2005-жылы россиялык белгилүү спортчу Федор Емельяненко менен кармашкан.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. ММА дүйнөсүндө Зулузинью каймана аты менен таанымал бразилиялык мушкер Вагнер да Консейсан Мартинс алакан менен жаакка чабышуу турниринде атаандашына нокаут менен утулду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Punchdown аталышындагы турнир Польшада өткөн. Бразилиялык мушкер жергиликтүү спортчу Кароль Филасиньски менен кармашкан.

​Видеодон Зулузиньюну каршылашы сол колу менен чапканда теңселе түшкөнүн, артындагылар кармайын деп, бирок алы жетпей, мушкер жерге кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Зулузинью оор салмактагылар арасында ММА беттештерине чыгып таанылган. Анын салмагы 180 килограмм болсо, бою эки метр. Аралаш мушташ боюнча 23 беттеш өткөрүп, анын 14үн уткан. 2005-жылы россиялык белгилүү спортчу Федор Емельяненко менен кармашып, 26 секундда эле жеңилип калган.

93
Белгилер:
мушкер, турнир, видео, жаакка чабуу
Тема боюнча
"Минип алып" ургулап. UFC мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу
UFC: Россия мушкерлеринин мыкты нокауттары. Видео
Хабиб же Майкл Жордандай эле. Лорен Мерфи мушкер Валентина Шевченкого баа берди
1999-жылдагы Баткен окуясынын түштүк региону боюнча аскер бөлүмүнүн жетекчиси, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев

Чотбаев: Баткен коогасына катышкан жоокерлердин эрдиги бааланышы керек

0
1999-жылдагы Баткен окуясынын түштүк региону боюнча аскер бөлүмүнүн жетекчиси, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев Баткен коогалаңына катышкан жоокерлердин статусу каралышы керектигин айтты.

Баткенчи-жоокерлердин эрдиги бааланып, мамлекет тарабынан ар бирине колдоо көрсөтүлүшү керек. Мындай пикирин Абдыгул Чотбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Чотбаев: Баткен коогасына катышкан жоокерлердин эрдиги бааланышы керек

Анын айтымында, Баткен окуясына катышкан жоокерлердин статусуна байланышкан маселе согуш жыйынтыкталгандан бери көтөрүлүп, чечилбей келет.

"Баткен согушуна катышкан жоокерлерге статус берүү тууралуу маселе 1999-жылдан бери көтөрүлүп келет. Башында ошол учурдагы өлкө башчысынын жарлыгы менен жоокерлерди колдоо максатында 3000 сомдон берилип турган. Кийинчерээк аны алып салышкан. Бүгүнкү күнгө чейин коогалаңдын катышуучуларынын статусу көтөрүлсүн деп аракет көрүп келебиз. Мисалы, афган согушунун ардагерлери ай сайын 6 миң, майып болгондор 7 миң, каза болгон жоокерлердин ата-энелери миң сомдон мамлекеттен акча алышат. Мекен алдында өзүнүн аскердик милдетин так аткарып, берген антына бекем туруп, ѳлкѳбүздүн эгемендиги үчүн ѳмүрүн берген жоокерлерибиздин эмгеги бааланышы абзел", — деди Чотбаев.

Ошондой эле генерал-полковник учурда Баткен окуясына катышкан жоокерлер болгону киреше салыгынан бошотулганын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

0
Белгилер:
Абдыгул Чотбаев, Баткен окуясы, жоокер, статус, чек ара, согуш
Тема боюнча
Токон Мамытов: чек ара көйгөйүн чечпесе Баткен окуясы кайталанышы мүмкүн