Швецияда болгон жол кырсык

Мухаммед пайгамбардын карикатурасынын автору жол кырсыгынан көз жумду

320
(жаңыланган 10:46 04.10.2021)
Художник Ларс Вилкс Мухаммед пайгамбардын карикатурасын тарткандан кийин швед ЖМКларынын көзүнө түшкөн. Мындан кийин аны коркуткандар көп боло баштаган.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Художник, Мухаммед пайгамбардын карикатурасынын автору Ларс Вилкс жана аны кайтарып жүргөн полициянын эки кызматкери Швецияда автокырсыктан каза тапты. Бул туурасында РИА Новости "Франс-Пресс" агенттигине шилтеме кылып берди.

Кырсык жекшемби күнү Маркарид шаарынан анча алыс эмес жерде, Е4 трассасында болгон. Сүрөтчү түшүп келе жаткан автоунаа жүк ташуучу автокөлүк менен кагышып, экөө тең өрттөнүп кеткен. Жергиликтүү полиция кызматкери өлүм бирөөлөр тарабынан атайылап уюуштурулбагандыгын, ал кадимки кырсык экендигин билдирген.

"Эгерде анын өмүрүнө кол салуу болсо, иликтөө иштери башкача жүрмөк. Бул жерде полиция кызматкерлери да каза болуп жаткандыктан, ишти аягына чейин тыкыр карап чыгуу прокуратуранын өзгөчө бөлүмүнө тапшырылды", — деп маектеш агенттикке айтып берген.

Ларс Вилкс туурасында швед ЖМКлары Мухаммед пайгамбардын карикатурасын 2007-жылдын жай айларынын соңунда Nerikes Allehanda гезитине бергенден кийин жаза баштаган. Карикатура жарыяланып, коркутуулар түшкөндөн тарта полиция сүрөтчүнүн коопсуздугу үчүн аны кайтарууга алган эле.

Ларс Вилкстин айланасындагы ызы-чуу 2005-жылы даниялык Jyllands-Posten басылмасына Мухаммед пайгамбардын карикатурасы чыккан окуянын уландысы болгон. Эки учур тең мусулман дүйнөсүнүн нааразычылыгын жана толкундоолорун жараткан.

320
Белгилер:
Швеция, Мухаммед пайгамбар, карикатура, полиция, өлүм, жол кырсык
Тема боюнча
Токмокто 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Унаа президенттик аппаратка карайбы?
Чычкан суусуна автоунаа кулап, бир аял каза болду. Сүрөт
Москвадагы метронун вагондорун дезинфекциялоо. Архив

Москвада коронавирустан улам бир катар чектөөлөр кирди. Тизме

103
(жаңыланган 17:43 21.10.2021)
Буга чейин өкмөттүн сунушу менен Владимир Путин Россияда 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алуу болорун жарыялаган. Бул убакытта борбор калаага бир катар чектөөлөр кирет.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Москвада COVID-19 күчөп жатканына байланыштуу 28-октябрдан 7-ноябрга чейин бир катар чектөөлөр киргизилет. Тиешелүү жарлыкка шаар мэри Сергей Собянин кол койгонун РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөттүн сунушу менен президент Владимир Путин Россияда пандемиядан улам 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алуу болорун жарыялаган.

28-октябрдан тарта Москвада киргизиле турчу чектөөлөр:

  • Соода-сатык жана тейлөө чөйрөсүндөгү ишканалардын иши токтотулат. Ошол эле учурда дарыкана, азык-түлүк жана биринчи керектөөдөгү товарларды саткан дүкөндөр иштейт, жеткирип берүү кызматы да ишин улантат. Кафе менен ресторандар да тамак ташып иштесе болот;
  • Жарандык абалдын актыларын шашылыш түрдө каттоону эске албаганда "Менин документтерим" борборлорунда мамлекеттик кызмат көрсөтүү токтотулат;
  • Мектеп менен бала бакчаларга каникул жарыяланат, ийримдер менен секциялар да иштебейт. Жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттери аралыктан окуйт;
  • Медициналык уюмдар планы боюнча иштей берет. Алгачкы кечиктирилгис медициналык жардам толугу менен аткарылат;
  • Театр менен музейлерге QR-код менен кирүүгө болот. Келгендердин саны аз болуп, бет кап тагынышы керек;
  • Массалык иш-чараларды мамлекеттик бийликтин чечими же Роспотребнадзордун шаардык администрациясы менен макулдашып өткөрүү керек.
103
Белгилер:
Москва, коронавирус, чектөө
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россиялыктар коронавирустан улам 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алмай болду
РФте COVID-19дун жаңы варианты табылды. Адис ага вакцина туруштук берерин айтты
Лабораториядагы анализдер. Архив

РФте COVID-19дун жаңы варианты табылды. Адис ага вакцина туруштук берерин айтты

31
(жаңыланган 15:30 21.10.2021)
Буга чейин Улуу Британиядагы Сенгер жана Кембридж окуу жайларынын окумуштуулары "дельта" штаммынын 10-15 пайызга көбүрөөк жуккан AY.4.2 варианты чыкканын айтышкан.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Коронавирустун "дельта" штаммынын AY.4.2 деп аталган жаңы варианты Россияда табылды. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесиндеги илдеттерди аныктоо боюнча жаңы ыкмаларды издеген илимий топтун жетекчиси Камиль Хафизов билдирип, ал жайылып кетиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Буга чейин Улуу Британиядагы Сенгер жана Кембридж окуу жайларынын окумуштуулары "дельта" штаммынын 10-15 пайызга көбүрөөк жуккан AY.4.2 варианты чыкканын айтышкан.

"Бул вариантты "дельта плюс" деп дагы атап жатышат. Бирок мурда бул ат "дельтанын" башка вариантына берилген. Андыктан көпчүлүктүн башы айланып калды. Вирустун бул түрү канчалык жугуштуу экенин азырынча так кесе айта албайбыз, аныктап жатабыз. Бирок окумуштуулар коронавирустун кайрадан күч алып жатканына дал ушул варианттын тиешеси бар деп эсептебейт", — деди Хафизов.

Ошол эле учурда адис Россияда коронавируска каршы колдонулуп жаткан вакциналардын күчү AY.4.2 вариантына дагы жетерин билдирди.

"Вакциналар вирустун AY.4.2 вариантына туруштук бере алат. Анткени инфекция анчалык чоң өзгөргөн эмес. Адистер мутация вирустун S-белогунда болгонун айтууда. Демек, анын жугуу мүмкүнчүлүгү күчөгөн. Бирок оору мурдагыдан оор өтөт деп айта албайм", — деди эпидемиолог.

Эске салсак, Россияда коронавируска кабылгандардын саны өсүп, акыркы кезде бир нече ирет рекорддук көрсөткүчкө жетти.

31
Белгилер:
Россия, коронавирус, жаңы штамм, эпидемиолог, 'дельта' штаммы
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россиялыктар коронавирустан улам 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алмай болду
Эксперт Россияда COVID-19дун көбөйүп жаткан себебин түшүндүрдү
Аткаминерлер. Архив

Таштандыдан мүлккө чейин. Жапаров аткаминерлердин негизги милдетин атады

0
(жаңыланган 19:27 21.10.2021)
Мэрлер, акимдер жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары өз аймагындагы тазалык жана тартип үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жергиликтүү республикалык кеңешменин жүрүшүндө бийликтин жакынкы келечектеги артыкчылыктуу милдеттерин белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө мал-жандыкты сертификациялоо демилгесин эске салды. Учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка мамлекеттерге сертификатталбаган бир дагы жүк жөнөтүлбөй турганын белгилеп, Айыл чарба министрлигине малды идентификациялоо процессин 2022-жылдын 2-кварталына чейин жыйынтыктоо тапшырмасын берди.

Ал эми мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүтүп, 2022-жылдын 1-кварталында анын жалпы наркын аныктоо зарылдыгын айтты.

Дагы бир маанилүү тапшырма – мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды жөнөкөйлөтүү, ал мүмкүн болушунча жалпыга ачык жана ыңгайлуу болушу керек. Бул процесс 2022-жылдын 1-январына чейин жыйынтыкталууга тийиш.

Ошондой эле Жапаров тазалыкты жана тартипти орнотуу керектигин да баса белгиледи.

"Бардык жерде таштандылар, желим баштыктардын калдыктары жатат. Башка өлкөлөрдө, мисалы, Сингапурда адамдар сагызын да жерге таштабайт, бардык көчөлөр таза, жашыл. Мэрлер, акимдер жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары аймакта, коомдук жайларда тартип үчүн жеке жоопкерчилик тартышат. Тартипке келтирүү, жашылдандыруу маселелери сиздердин компетенцияңыздарга кирет. Бул маселени чечүү үчүн жазды күтүүнүн кажети жок", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйынтыгында Жапаров парламенттик шайлоо учурунда административдик ресурсту колдонууга жол берилбестигин, тактап айтканда, үгүт иштерине мугалимдерди, медицина кызматкерлерин жана бюджеттик чөйрөнүн башка өкүлдөрүн тартпоону эске салды.

0
Белгилер:
Акылбек Жапаров, аткаминер, милдет, тапшырма
Тема боюнча
Туризмди өнүктүрүү үчүн укугу кеңири фонд түзүлүп, ага 1 млрд. сом бөлүнөт
Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликтин колуна канча акча берерин тизмектеди