Киши документтер менен отурат. Иллюстративдик сүрөт

Журналисттер бир катар өлкө лидерлеринин офшордук схемаларын таап чыкты

145
(жаңыланган 13:50 04.10.2021)
Иликтөөдө мурда мамлекетинде лидерлик тизгинди кармап турган 35 киши жана 400гө чукул аткаминер туурасында айтылган.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Журналист-иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму (ICIJ) "Пандора таржымалы" деп аталган материал жарыялап, анда офшор схемасына тиешеси болушу мүмкүн болгон дүйнөлүк лидерлер тууралуу жазды.

Офшордук компаниялар жана анын чыныгы бенефициарлары тууралуу чет-жакасы белгилүү болгон маалыматтан алынып, жасалган. Анда мындай "эң бай" тизме тарыхта биринчи ирет калкып чыкканы айтылууда. Бир жыл мурда анонимдүү маалымат булагынан ар кыл өлкөлөрдөгү 14 офшордук каттоочунун ички документтери ICIJ уюмунун колуна тийген.

Бул иликтөөнүн авторлору аны финансылык жашыруун маалыматтардын бетин ачкан эң чоң эмгек экендигин айтты. ICIJ уюмунан материалдын ичинде 117 өлкөдөн 600дөн ашык репортаж бар экени белгиленди. Ал 11,9 миллион файлдан турат.

Иликтөөдө мурда мамлекетинде лидерлик тизгинди кармап турган 35 киши жана 400гө чукул аткаминер туурасында айтылган.

Алардын арасында Украина президенти Владимир Зеленскийдин, Иордания падышасы Абдулла IIнин, Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин, Чехия премьер-министри Андрей Бабиштин, британиялык мурдагы премьер-министр Тони Блэрдин жана Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымдары бар.

ICIJ жакынкы мезгилдерде изилдөөдөн дагы жаңы ысымдарды чыгара тургандыгын четке каккан жок.

"Биз документтерди жарыялоону улантуу ниетиндебиз. Муну кийинки күндөрдө, айларда, ал тургай жылдарда да жасайбыз", — деген ICIJ өкүлү РИА Новости менен болгон маегинде.

Ал 12 миллион документти окуп чыгууга туура келерин кошумчалаган. Бирок муну менен катар эле ICIJ иликтөөдө өтө белгилүү жаңы ысымдар да айтыларын, алардын ичинде дүйнө лидерлери жана бир катар мамлекеттердин жогорку кызматтагы аткаминерлери бар экендигин билдирген.

"Бардыгы биз эмнени аныктаганыбызга жараша болот. Бизге бул 35 кишини (мамлекет башчыларын) таап чыгууга эки жыл кетти, кыязы, дагы бир нерселерди билип иликтеп чыгат окшойбуз, баарын жарыялайбыз", — деген ал.

2016-жылы консорциум Mossack Fonseca юридикалык фирмасынын "Панама документтерин" коомго алып чыккан. Компания кагаздарды тааныбай турганын айтып, журналисттердин бул кадамын "кылмыш" деп баалаган.

145
Белгилер:
офшор, президент, лидер, журналист, схема, Пандора таржымалы
Тема боюнча
ЖМК экс-президент Ашраф Ганинин Афганистандан кантип качканын жазды
Европа үчүн күрөштө АКШ Россиядан жеңилди
Бразилияда президентке каршы массалык каршылык акциялары өтүүдө. Видео

Бетин катканына карабай ургулап. UFC турниринин эң кызыктуу учурлары видеодо

6
UFC Russia YouTube каналы уюмдун Лас-Вегаста өткөн соңку турниринин эң мыкты учурларын чыгарды. Мушкерлердин кечеси кечээ (Бишкек убактысы боюнча таңда) өттү.

Кеченин башкы беттешинде америкалык спортчу кыздар Аспен Лэдд менен бразилиялык Норма Дюмонт кезикти. Жыйынтыгында Дюмонт калыстардын чечими менен утту.

Кеченин дагы бир башкы беттешинде беларустук Андрей Орловский дагы бразилиялык Карлос Фелипти калыстардын чечими менен жеңди.

Ошондой эле башкы карддын алкагында Жим Миллер Эрик Гонсалести нокаутка кетирсе, Манон Фиоро Майру Буэно Сильваны калыстардын чечими менен, ал эми Нейт Ландвер Людовит Клейнаны колду кайруу ыкмасынын жардамы менен утту.

6
Белгилер:
Лас-Вегас, UFC, беттешүү, кармаш, турнир, видео
Тема боюнча
Валентина Шевченко Кыргызстандын туусун коюп пост жарыялады

SputnikPro долбоору: дүйнө жүзүндөгү журналисттерге мастер-класс өткөрүлдү

28
(жаңыланган 15:43 17.10.2021)
Москвада Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун долбоору — SputnikPro модулу бир нече өлкөнүн журналисттерине өткөрүлдү.

Анда Sputnik, @rt_russian, Ruptly жана башка ЖМКлардын алдыңкы журналисттери кесиптештерине тажрыйбалары менен бөлүштү.

Уюштуруучулардын айтымында, ТИМ тарабынан уюштурулган чет өлкөдөгү мекендештердин конгрессинин дээрлик ар бир катышуучусу өз өлкөсүндө ири аудитория менен ЖМК же жеке блогу аркылуу баарлашат. Спикерлер ушул багытта мындан да жакшы жана заманбап иш алып барууну айтып берди.

Алар сайтка жана социалдык тармакка жүктөлгөн маалыматтар, аны берүүнүн жолу, сүрөт жана видео тартуу жана алуунун ыкмасы тууралуу топтогон тажрыйбалары менен бөлүштү. Популярдуу болуп жаткан TikTok жана Instagram менен иштөөнү да үйрөтүшкөн.

28
Белгилер:
Sputnik, SputnikPro, долбоор, ЖМК, тажрыйба, иш-чара, журналист
Тема боюнча
Россиялык эксперт журналисттерге көздөгөнүнө жеткире турган 5 кеңеш айтты