Пхеньян шаарында жол белгиси. Архив

Түндүк Корея менен Түштүк Корея үзүлгөн байланыш каналдарын жандантты

90
(жаңыланган 12:37 04.10.2021)
Эки өлкөнүн ортосунда мамиле 2020-жылдын жай айларында курчуган. Буга Түштүк Кореянын активисттеринин коңшу өлкөгө үгүт баракчаларын жөнөткөнү себеп болгон.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Түндүк Корея менен Түштүк Корея байланыш каналдарын калыбына келтирди. Бул тууралуу Ренхап агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Эске салсак, эки өлкөнүн ортосунда мамиле 2020-жылдын жай айларында курчуган. Буга Түштүк Кореянын активисттеринин коңшу өлкөгө үгүт баракчаларын жөнөткөнү себеп болгон. Ошол учурда Түндүк Кореянын бийлиги Сеул менен байланышын таптакыр үзгөнүн жар салган.

Ал эми 2021-жылдын июль айында тараптар кепке келип, байланыш каналдарын кайрадан ишке киргизүү боюнча макулдашуу болгон.

"Бүгүндөн тарта корей өлкөлөрү ортосунда байланыш калыбына келтирилди. Саат 9:00дө (Бишкек убактысы боюнча 6:00дө) байланышты текшерүү үчүн биринчи телефон чалуу болду", — деп айтылат кабарда.

Буга чейин Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасында сүйлөп жатып Корей жарым аралындагы абалды жакшыртуу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы согушту расмий түрдө токтотуу өтүнүчүн билдирген.

Эске салсак, Корея жарым аралындагы эки өлкө формалдуу түрдө согуш абалында турат. Корея 1945-жылы япониялык колониядан куткарылгандан кийин экиге бөлүнгөн. Түндүгүндө СССРдин кароосу менен социалисттик Корея Элдик Демократиялык Республикасы, ал эми түштүгүндө АКШнын колдоосу менен капиталисттик Корея Республикасы негизделген.

1950-1953-жылдардагы согуштан кийин тынчтык келишими эмес, өз ара ынтымакка келүү келишимине кол коюлган.

90
Белгилер:
Түндүк Корея, Түштүк Корея, байланыш, саясат, мамиле
Тема боюнча
Журналисттер бир катар өлкө лидерлеринин офшордук схемаларын таап чыкты
ЖМК экс-президент Ашраф Ганинин Афганистандан кантип качканын жазды
Бразилияда президентке каршы массалык каршылык акциялары өтүүдө. Видео
Россиянын президенти Владимир Путин

Путин: коммунисттер менен улутчулдарга бирдей кароо такыр туура эмес

48
(жаңыланган 01:00 22.10.2021)
Россиянын башчысы экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу маселелерди талашууга аргументтери бар экенин айтты.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Коммунисттер менен улутчулдарды бирдей кароо такыр туура эмес. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Эл аралык “Валдай” дискуссиялык клубунун жыйынында билдирди.

Путин тарыхый эстеликтер тууралуу сөз болгондо экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу маселелерди талашууга аргументтери бар экенин айтты.

“Бизде 1917-жылдан 1990-жылга чейинки өлкөнүн башкаруучуларына көптөгөн дооматыбыз бар. Бул кадыр эсе көрүнүш. Бирок экинчи дүйнөлүк согуштун алдында коммунисттер менен улутчулдарды бир жерге коюп, жоопкерчилигин 50\50 пайыздан бөлүп кароо такыр орунсуз”, — деди Россия лидери.

Путин бул сөздөрдү СССРдин мураскери аталган Россиянын башчысы жана орус жараны болгону үчүн гана айтып жатпаганын белгиледи.

“Мен муну изилдөөчү катары айтып жатам. Архивде жаткан документтерди окуп чыктым”, — деди Россиянын башчысы.

Анын айтымында, анын арасында лагерлер жана репрессия сыяктуу Сталин жөнүндө көп нерсени эстесе болот.

“Бирок мен документтерден анын резолюцияларын көрдүм. Совет өкмөтү экинчи дүйнөлүк согуштун башталышына жол бербөө үчүн күрөшкөн”, — деди Путин.

Ошондой эле ал тарыхты бурмалоо аракети ар дайым болушу мүмкүн экенин, бирок жок дегенде документтерди окуп коюуга чакырды.

48
Белгилер:
Владимир Путин, тарых, улутчул, коммунист
Тема боюнча
Путин Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн көмөктөшүүгө чакырды
Россиянын президенти Владимир Путин

Путин Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн көмөктөшүүгө чакырды

69
(жаңыланган 23:58 21.10.2021)
Россия лидери баңгизатты өндүрүү жана сатуу Афганистанда негизги көйгөйдү жаратып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн жардам берүү керектигин билдирди.
Ал бүгүн Валдай форумунда сүйлөп жатат.

“Кырдаал өз убагында жана тийиштүү темп менен жөнгө салынышы үчүн, албетте, Афганистандын экономикасын калыбына келтирүүгө жардам берүү керек”, — деди Путин.

Россия лидери баңгизатты өндүрүү жана сатуу өлкөдө негизги көйгөйдү жаратып жатканын белгиледи.

“Бирок акчалары жок болсо, алар кайда барат. Социалдык маселелерин кантип каржылайт?” — деди Путин.

69
Белгилер:
Владимир Путин, Афганистан, экономика, жардам берүү
Тема боюнча
Путин: азык-түлүккө болгон кризис дүйнөдө мындан ары да курчушу мүмкүн
Электростанциядагы жарылуудан улам Кабул толугу менен жарыксыз калды
Афганистан: "Москва форматындагы" сүйлөшүүгө Кыргызстандан Абдуразаков катышууда